Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:36

Т. Исмаилова: Таза шайлоо жана эркиндик болмоюнча эч качан өнүкпөйпүз


«Жарандар коррупцияга каршы» бейөкмөт уюму Франциянын адам укуктары жаатындагы абройлуу сыйлыгына ээ болду. 10-декабрда Парижде өткөн салтанатта уюмдун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова сыйлыкты Франциянын тышкы иштер министри Бернан Кушнердин колунан алды.

- Адегенде биз “Азаттык” радиосунун атынан сизди куттуктап кетели, ушундай ийгиликтер алдыда дагы көп болсун. Бул эмне деген сыйлык, кандай принципте тандалат ага татыктуулар?

- Бул аябай чоң конкурс болгон жыл бою. Франциянын Тышкы иштер министрлигинин атайын комитети бар, конкурска баардыгы 150 уюм катышкан 60 өлкөдөн. Ошонун ичинде беш гана уюм ушундай сыйлыкка татыктуу болду жана чоң бир жюринин концепциясын жана принциптерин көрдүк. Бул аябай элек менен иштеген жюри экен.

Ошон үчүн мен дагы айткым келет, “Жарандар коррупцияга каршы” уюмунун катышуучуларына, мүчөлөрүнө, биздин директорлор кеңешине, бизге шериктеш болгон адамдарга мен аябай ыраазылык айтам. Бул сыйлык - чындык принциптери, эркиндик, сөзсүз түрдө жана достук. Анткени ар бир адам бактылуу жана эркиндикте, цензурасыз жашаш керек.

- Төлөйкан айым, сиздердин уюмга бул сыйлык журналистика багытындагы бир долбоор үчүн, жаш журналисттерди даярдоо долбоору үчүн ыйгарылды деп жүрөт. Ошол долбоор жөнүндө кыскача айта кетсеңиз?

- Бул долбоор биздин иштеп аткан тажрыйбадан пайда болгон. Анткени, силер билесиздер журналисттерсиз сөз эркиндиги эч качан болбойт. Региондогу жаш журналисттер менен укук коргоочулардн максаты - мыйзамсыздыктан ыйлап аткан адамдарга жардам берүү жана мыйзамдарды эл аралык деңгээлге жеткирүү.

- Сыйлык быйыл кимдерге тапшырылды?

- Сыйлык быйыл балдардын укугун коргогон “Поколение” деген Грозныйда жайгашкан белгилүү укук коргоочу Наталиянын кызматкери алды, Алдаатлан Мухамедов деген. Экинчи сыйлык балдардын укугу боюнча Непалдан келген “Балдардын үнү” деген шериктеш укук коргоочу уюмга тапшырылды.

Кыргызстанда жашаган жана адам укугу үчүн күрөшкөн активисттер жалпы апалар, аталар, жаш балдар, студенттер жана “Азаттык” радиосунун журналисттерине мен аябай таазим этем.

- Сиз франциялык укук коргоочулар, журналисттер менен сүйлөштүңүз. Алар Кыргызстандагы адам укугу жөнүндө кандай ой-пикирлерин айтышууда?

- Бизде көп жолугушуулар болду. Адам укугу боюнча иштеген эл аралык белгилүү укук коргоочу уюмдар жана жалпы журналисттер менен кезиктик. Эң негизгиси, Тышкы иштер министрлигинде көп жолугушууулар болду. Мырза Кушнер менен болгон жолугушууда Орто Азиядагы адам укуктары боюнча кейиштүү көз караштар айтылды.

Анткени адам укугу бул универсалдык жана фундаменталдык. Ошон үчүн биздин тилек, ушул сыйлык жалгыз гана Кыргызстандын жарандарына эмес, өкмөткө дагы өзүнүн таасирин тийгизет. Анткени сөзсүз түрдө таза шайлоо, сөз эркиндиги, мыйзамдуу сот, эркин сот болмоюнча эч качан өнүгүү процесси болбойт.

- Рахмат маегиңизге.

XS
SM
MD
LG