Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:49

И. Исаковдун ишинде сот адилет боло алабы?


Исмаил Исаковго козголгон кылмыш иши жогорку бийликтин саясий тапшырмасы экенин генералдын ишин караган соттор өздөрү далилдеп жатат деп билдирди экс-министрдин коомдук коргоочусу Топчубек Тургуналиев.

-Топчубек мырза, бүгүн Исмаил Исаковго Аскердик сот өкүмүн чыгарышы күтүлүүдө. Сиз кандай чечимди күтүп жатасыз?

- Менин пикиримде адилеттүү бир гана чечим болушу мүмкүн. Исмаил Исаковдун кылмыш күнөөсү жок деп толук актап, эркиндикке чыгарыш бул адилеттүү чечим болор эле. Бирок адилеттүү чечимдин үч түрүнүн бири болушу ыктымал.

- Алар кайсылар?

- Биринчиси, 8 жыл түрмө, анан генералдык наамы алынсын дегендерди төмөн түшүрүшү мүмкүн. Мисалы 8 жылды 5 же 3 жылга. Экинчи түрү - 8 жылды 3 жылга алып келип туруп, анан шарттуу түрдө чыгарышы мүмкүн. Үчүнчүсү, мурдагы чечимди толугу менен калтырышы ыктымал.

-Судьялар адилеттүүлүктү орнотууга аракет жасадыбы?

- Жок, бул Ак үйдүн айтып аткан саясий тапшырма экенин өзүбүздүн соттор далилдеп атпайбы. Мисалы, каржы полиция текшерген имиш, анын документтери жок, анча-мынча бир нерсе бериптир. Анан бирөө келип алып, атын Конокбай дедиби, Конкобай дедиби, Өскөнбаев дедиби фамилиясын, ошол келип алып айтып атпайбы бүгүн эле жаза койдум деп.

Демек фальсифакция жолу менен далай-далай кагаздарды булар толтурушкан. Андан башка биз эчен жолу өтүнүч жасап атабыз, баландай-баландай дагы башка нерселер чала калды, изилденген жери жок, адилеттүү чечим чыгарышыңар үчүн ошонун бүт бардыгын ийне-жибине чейин тактап, бардыгын далилдегенден кийин толугу менен чечим чыгарышыңар мүмкүн десек, таптакыр болбой жатпайбы.

-Бул эми сиз айтканда азыр президенттин кеңешчиси Элмурза Сатыбалдиевдин жана Башкы прокурор Турсункуловдун баягы квартира боюнча кылмыш ишин козгоого негиз жок деп буга чейинки берген каттарына байланыштуу маселелерди айтып жатасыз да?

- Туура, ал кат президентке, Жогорку Кеңешке Лейла Сыдыковага кеткен экен. Баласына эки бөлмөлүү квартира берилгенге И.Исаковдун эч тиешеси жок, бул мыйзамдуу болгон, мында кылмыштын эч курамы жок, Исаков таза деп жөнөтүшкөн экен. Биз ошону талап кылдык.

Исмаил мурдагы күнү абдан катуу айтты, Лейла Сыдыкова, Элмурза келсин деп. Бүгүнкү Баш прокурор Турсункулов ошондо аскердик соттун башчысы болуп туруп, анан жанагыдай каттардын баарын өздөрү жазган. Маженов деген бөлүм башчысы изилдеп, И.Исаковдун эч күнөөсү жок деп жазып берген экен.

Бүт бардыгы макул болуп атпайбы. Анан ошонун баарын сурайлы десек, таптакыр кетенчиктеп, тамтыгы чыгып, коркушуп, жок бул изилденбейт, бул мындай-тигидей, биз кеңешүүчү бөлмөгө киргенде гана эске алабыз деп атышат. Абиев деле ошентип жатып алган кийин эске алабыз деп, эске алган жок да. Ал эми прокурорлор акыркы сөзүндө айта берет.

- Сиз жакында Алай районунда болуп келдиңиз, азыр деле ошол жак менен байланышып турасыз. Ал райондо абал кандай болуп атат?

- Ал гана эмес, башка жактар да, өзгөчө тоолуу Алайда күндөн күнгө курчуп баратканын байкап атабыз. Кечээ соттун жыйынында отурганда бирөө телефон чалып калды, ошондо “Бакиев кызматтан кетсин” деп кыйкырып атышат. Өткөндө мен барганда бийликтегилер кетсин деп гана атышкан, үч күн мурда он чакты Исаковду коргоо комитетинин адамдары акимдерге кирип айтышты, кылгылыкты кылып аткандын баары сенсин бул жерде деп түздөн-түз айтышты.

14-январда куралдуу күчтөрдүн далайын алып келип тири суук ОМОНдорго салып берген сенсин, кеткин кызматтан он күңдүн ичинде деп ага, анан райондук кеңештин башчысына айтышыптыр. Мен алайлык туугандар кыргыздын бирден-бир бөлүгү, баатыры деп эсептейм. Ошол баардыгын көрсөтүп, күндөн күнгө курчуп, чыңалып баратат.

- Рахмат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG