Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:33

Аликбектин соту адилет чечилеби?


5-ноябрда Бишкектин Биринчи май райсоту А.Жекшенкуловдун ишин кароону улантып, дагы бир айыпталуучу Б.Супатаевдин сотко келбей калганынан улам ишти 12-ноябрга жылдырды.

Биринчи май райондук сотунун судьясы Азизбек Турдалиев “Акыйкат үчүн” кыймылынын лидери Аликбек Жекшенкулов менен кошо Таласта түрк ишкери Четин Сербетти өлтүргөн делип шектелип айыпталып жаткан Бакыт Супатаевдин жана анын жактоочусунун сотко келбей калганына байланыштуу, соттук териштирүүнү кийинки бейшембиге жылдырды.

А.Жекшенкуловдун жактоочусу Нина Зотова азырынча сот мыйзамдын чегинде иш алып барып жатканын билдирди:

- Мен бардыгы дурус эле жүрүп жатат деп эсептейм. Судья эч нерсени бузган жок. Соттун болбой калышына айыпталуучу Бакыт Супатаевдин сотко келбей калганы себеп болду. Бул жерде адамдын тагдыры чечилип жаткандан кийин сот бул ишти шашылбастан ийне-жибине чейин тыкат карап чыгышы керек.

БЭКтин мүчөлөрү көрүнүктүү саясатчы Аликбек Жекшенкулов азыркы бийликтин жүргүзүп жаткан туура эмес саясатына каршы көз карашын билдирип оппозицияга өткөндөн кийин “ак үй” анын эркин сындыруу үчүн жалган айып тагып, абакка камап анын эркин сындыруу операциясын жүргүзүп жатканын айтышууда.

Мамлекеттик айыптоочулар Кенжегул Кулуев менен Кудайберген Чыраков бул иш мыйзамдын чегинде жүргүзүлүп жатканын айтышты.

-А.Жекшенкуловдун канчалык күнөөсү бар экендиги Башкы прокуратуранын айыптоо протоколунда жазылган. Эми анын канчасы сотто далилденет, бул соттун жыйынтыгы менен чечилет. Алдын ала эч нерсе деп айта албайбыз. Жаңы жагдайлар чыгып калышы мүмкүн, чыкпай калышы мүмкүн.

Ал эми сотто байкоочу катары келген “Ар намыс” партиясынын төрага орун басары Бөдөш Мамырованын пикиринде бул иш сот процессинин же судьянын эрки менен чечилбейт.

“Жогору жактагы таасирдүү адамдар кандай жыйынтыкка келип, кандай чечим чыгарса ошолордун айтканындай сот дагы чечим чыгарат”,-дейт Мамырова.

-Бул иште саясий боектор бар. Болбосо А.Жекшенкулов тышкы иштер министри болуп турганда эмне үчүн кылмыш ишин козгогон жок? Эмне үчүн ошол мезгилде анын тапанчасына укук коргоо органдары кызыккан эмес? Эмне үчүн ал бийликти сындап, өлкөдө демократиялык баалуулуктар жоголуп баратат деп чыкканда карата кылмыш иши козголуп калышы керек? Коомчулукта А.Жекшенкуловго байланыштуу иште саясий заказ бар деп айтылып жатканы бекеринен эмес.

2005-жылы тышкы иштер министри болуп турган Аликбек Жекшенкулов 2007-жылы кызматтан кетип, азыркы бийликтин жүргүзүп жаткан саясатына “ичи толбой” “Акыйкат үчүн” кыймылын түзгөн.

Быйыл 9-мартта ага карата кылмыш иши козголуп, камакка алынган. Бул жолу анын өкмөттөн белекке алган “Макаров” тапанчасынан Таласта түркиянын ишкери Сервет Четин өлтүрүлгөн делип айып тагылган.

Маалыматтарга караганда, жакында Ички иштер министрлигинин кызматкерлери А.Жекшенкуловдун тапанчасын Москва шаарынан баллистикалык экспертизадан өткөрүп келүү үчүн андан ири көлөмдөгү акча каражатын сураган. Бирок Жекшенкулов анча каражатты бере албастыгын айткан.

Маалым болгондой укук коргоо органдары А.Жекшенкуловдун баласы Беккул Жекшенкуловго кафеде бейбаштык кылган деген кине менен, иниси Таалайбек Медеркуловго Балыкчы шаарынын вице-мэри болуп турган кезде тендердик комиссиянын ишин натуура жүргүзгөн деген кине менен кылмыш иштери ачылып, тергөө сурагында жүрүшкөн.

Андан тышкары аталаш эки тууганы, Улуттук коопсуздук кызматынын мурдагы башчысы Калык Иманкулов менен мурунку президенттин иш башкармалыгынын кызматкери Малик Иманкуловдор да мурунку иштери боюнча сурак беришкен.

XS
SM
MD
LG