Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:34

Петровка: Камактагылардын ден соолугу начарлоодо


Петровка окуясынын уюштуруучулары катары айыпталып, камакта жаткандардын ден соолугунун начарлап баратканы жөнүндө коомдук жактоочулардын өтүнүчүн сот кабыл алган жок.

Коомдук жактоочулардын бири Т. Тургуналиев жети айдан бери камакта олтурушкан Уран Рыскулов, Сапар Аргынбаев жана Эркин Бөлөкбаевдын ден соолугу күндөн- күнгө начарлап бара жатканы туурасында маалымат берди. Камалгандардын ден соолугунун начарлап баратканына байланыштуу үй камагына алуу өтүнүчү да соттун жүрүшүндө кошумчаланды.

Ал эми мамлекеттик айыптоочулар болсо жабырлануучулардын арбын материалдык чыгымдарын көрүп туруп камалгандарды үй камагына чыгарып коюу туура эмес жана алардын качып кетпөөсүнө эч ким кепилдик кыла албайт деп билдиришти.

Камалгандардын бири С. Аргынбаев: “Менин качып кеткеним ириде мени күнөөлөп жаткан тарап үчүн маанилүү. Эгер мен качып кетсем алар мени күнөөлүү деп атап коюшат, мен болсо чындык үчүн соттун соңуна чейин барам”,- деп айтты соттун жүрүшүндө.

Бирок соттун судьясы Феликс Марлес бул өтүнүчтү кабыл алуудан баш тартты. Ал эми коомдук жактоочулар муну бийлик өкүлдөрү тарабынан берилген саясий буйрук деп аташууда.

Маалым болгондой, буга чейин бир катар коомдук жактоочулар, адвокаттар менен катар айрым күбөлөр жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн ачыктан- ачык соттун ишине кийлигишип жатышы "ашынган мыйзам бузуу” деп атап келишти.

Ал эми ушул эле учурда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү Петровка окуясына байланыштуу камалгандарга саясий буйруктун тиешеси жок дешет.

Алардын бири Москва район акиминин орун басары Сүйүнбай Майлыбаев “Азаттыкка” маек берип жатып: “Саясатчы Э. Бөлөкбаев бийликке карата жаман сөздөрдү айтканы чын. Бул анын негизги күнөөсү”, -деп айтты.

Ал эми соттун жүрүшүнө көз салып олтурган бир катар саясатчылар күн сайын сотто жалган көрсөтмө бергендердин саны көбөйгөнүн айтышууда. Буга чейин Петровканын учурдагы айыл өкмөт башчысы Бакыт Исаков менен учаскалык милиция кызматкери Мирлан Назаровдун сотто жасалма көрсөтмө берүүлөрү сот залындагылардын ызы- чуу көтөрүүсүн шарттаган.

Бүгүн болсо Петровка окуясына чейин райондук милициянын коомдук тартиптер боюнча орун басары Айбек Ажыбаевдын соттогу көрсөтмөсүн коомдук жактоочулар өтө одоно, жалган, алдын ала үйрөтүлүп даярдалган көрсөтмө деп баалашты. Соттук териштирүү 19- ноябрда улантылат.

XS
SM
MD
LG