Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:57

Токтайым Үмөталиеваны мыйзамсыз тинтүүгө алышты


Бейөкмөт жана коммерциялык эмес уюмдар ассоциациясынын жетекчиси Токтайым Үмөталиева бүгүн маалымат жыйынын өткөрүп, ички иштер министрине ачык кат менен кайрылмакчы. Укук коргоочунун айтымында, 5-декабрдын түнү анын унаасын Бишкектеги Исанов-Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинде милиция кызматкерлери мажбурлап токтотуп, тинтүү жүргүзүшкөн. Т.Үмөталиева ошол эле күнү мыйзамсыз тинтүү жүргүзгөн милиция кызматкерлеринин үстүнөн арыз жазып, ИИМ жетекчилигин чара көрүүгө чакырган. Бирок ушул күнгө чейин ал милиция кызматкерлерине чара көрүлгөн эмес.

- Биздин алган маалыматтарга караганда сизге 5-декабрда милиция кызматкерлери токтотуп, тинтүүгө алган экен. Ошол тууралуу кыскача айтып кетсеңиз?

- Түнкү саат 12-15де Спорт сарайынан чыгып, Исанова көчөсүнө машина менен бурулуп келатканбыз. Анан ВМV маркасындагы машина алдыбыздан келип токтотуп калды. Кайдан келгенин сезбей калдык. Токтотуп эле үч киши чыгып, экөө милиция формасын кийген кызматкерлер экен, машинадан балдарды сүйрөп чыгып эле, "обыск" деп калды.

Мен "токтогула, эмне болуп атат, силер кимсиңер, эмне болгон обыск" десем эле, "бул рейд, документтерди бергиле" деп башташты. "Перехват болсо дагы документтериңерди көрсөткүлө, силер кандай балдарсыңар, уголовный розыскта менин документим бар бекен" десем, ошол жерде жүргөн капитан экен, ал айтып калды, "мына уголовный розыкстын капитаны жүрөт" деп.

Бирок мен анын жылдыздарын көргөн жокмун. Мен сиз кимсиз десем, "мен 1-Майдын участковыйы болом, бул зона меники, мен өзүм билем" деди. Мен "токтотконго укугуң барбы, кагазың барбы" десем, кайра эле балдарды аңтарып машинага киргенге аракет кылды. Мен машинага балдарды отургузуп, эшикти жаптым, түртүшүп. Мына менин документим деп көрсөтүп, эми силердин документиңерди көрсөткүлө десем, документтерин көрсөтүшкөн жок. Анан артта келаткан менин кызым жана Спорт сарайынан чыккан адамдар келип калышты, эл келип калганын көрүп туруп балдар бурулуп кетип калышты.

- Бул маселе боюнча тиешелүү органга кайрылдыңызбы, эмнеге текшериптир?

- Эң биринчи эле, 1-Май районуна барып, кайрылуу кагазын начальникке таштадым. Ошол эле күнү эртең менен министрдин коомдук кабылдамасына телефон чалып, телефонограмма бердим. Ошол эле күнү эртең менен министрдин жардамчысына байланышып ушундай окуя болду дедим.

Түштөн кийин тергөө башкармасынын башчысы Норузбаев Кубатка чалып айттым, ушундай-ушундай окуя болуп кетти, эмне себептен менин машинам "уголовный перехватка" берилбесе, эч кандай тинтиш үчүн документтер жок болсо, эмненин негизинде бул адамдар менин машинемди, мени менен жүргөн кызматкерлеримди, балдарды текшергенге мажбур болду, документтерин көрсөтпөй деп, баарын айтып, түшүндүрүп, машинын номерин айтып, баарын иликтеп бердим.

Эки күңдөн кийин ошол капитан табылды, ал Калдымурзаев Руслан деген жигит экен, ошол иликтөөнү кайра эле ошол эле участоктогу ПОМдун начальнигине дайындаптыр. Бирок иликтөө ишин жүргүзүп, капитандан сурагандын ордуна, кайра мени менен жүргөн адамдардын баарын суракка алып, эртең-бүрсүгүнү келгиле деп ар кандай убактыбызды алып атат.

Мен айттым, Конгантиевге телефон чалам, Норузбаевди чакыртам десем, алар айтты: "алардын баарын чакырсаңыз чакыра бериңиз, бизге баары бир, биз ал адамга карабайбыз, өзүбүздүн адамдар бар жооп бере турган" деп.

- Айрым бир маалымат каражаттары сизди мурдагы экс-президент Аскар Акаевди жактаганыңыз үчүн ушундай кыйынчылыкка кабылды деп жатышат.

- Аны менен байланыш болушу да мүмкүн. Себеби, Чыңгыз абанын жакында туулган күнү болду, ошого байланыштуу дейбизби, ашы дейбизби, акыркы куран окутуу дейбизби, ошого Аскар Акаевич өз жубайы менен келип бата кылып кетсин деген ойдо болчубуз. Саясатка аралаштырбай, жакшынакай кылып ошол аземге эл алдында, улуу инсандын элесинин алдында өзүнүн милдетин аткарып кетсин деген ойдо элек. Муну уюштуруу чоң тилек болчу, аксакалдар тобу катышып, алардын демилгеси менен кат жазылган.

- Сизди тинтүүнүн себеби ушул жакта эмеспи?

- Ошол эле жумада түштөн кийин Жанузаков менен болгон окуя, анан кийин эртең менен, түштө, кечинде келиңиз деп, тергөөчүлөрдүн келбегени, бул дагы бир нерсени билдирип жатат. Анан бүгүн министрге атайын ачык кат даярдап, жарыялап атам. Себеби мамлекетте бул өнөкөт болуп калганбы, себеби ушул капитан балдардын өзүлөрүн алып жүргөндөрүнө караганда, булар министрликке дагы баш ийбеген адамдарбы деп ойлоп атам.

- Рахмат маегиңизге.

XS
SM
MD
LG