Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:54

Токтайым Үмөталиева: Легитимдүү жолго кайтуу керек


Коммерциялык эмес жана бейөкмөт уюмдар ассоциациясынын төрайымы Токтайым Үмөталиева азыркы убактылуу өкмөт легитимдүү болуп таанылмайынча башаламандык токтобойт деп эсептейт.

- Казакстандын, Орусиянын жана АКШнын президенттери жана ЕККУ, БУУ сыяктуу эл аралык уюмдардын арачылыгы астында болгон көп күндүк сүйлөшүүлөрүнөн кийин убактылуу өкмөт президент Курманбек Бакиевди сыртка чыгаруу тууралуу макулдашыптыр. Бул туура кадам болдубу?

- Чынын айтканда, чыгып кеткени элди курмандык кылбай кеткени жакшы нерсе. Экинчиден, калган жан жоокерлери кайда? Бул эки киши кандайча жоопкерчиликке тартылат. Ушунча шейит болгон адамдар үчүн ушунча кайгылуу шартка алып келген адам жооп бериш керек.

- Убактылуу өкмөттүн өкүлү Эдил Байсалов биздин үналгыгы БУУнун Коопсуздук Кеңешинин атайын санкциясы менен эл аралык тергөө жүрөт, анан анын жыйынтыгы боюнча К. Бакиевдин күнөөсү аныкталса, дүйнөнүн кайсыл гана бурчунда болбосун кармалып жоопко тартылат деген кепилдик берилгенден кийин гана К. Бакиевди убактылуу чыгарганга уруксат берилди, деп маалымдады?

- Бул аябай чоң узак процесс болот. Убактылуу өкмөт азыр көп нерсеге даяр эместигин көрсөтүп, көп ката кетирди. Биринчиден, ачык-айкындыгы жок болду. Эртеси күнү эле, бийлик булар алышкандан кийин атайын кеңсе түзүш керек эле, далилдөө механизмин иштеп чыгыш үчүн. Азыркы күндө эч кандай далилдөө механизмдери иштеп чыгылган жок. Жөнөкөй эле нерсе кан төгүлгөн, ок атылган жердеги видеолор, далилдөө нерселердин баары жамгырга жуулду, эл тепсеп кетти, шыпырылып, жыйналып кетти. Булар эртеси дароо комиссия түзүш керек болчу. Аны түзбөй бийлик талашуу мезгили көп нерсени алдыртып койду.

- Ушундан улам убактылуу өкмөт кандай иш-аракеттерди башташы керек?

- Эң биринчиден булар легитимдүүлүккө келиши керек. Президент чыгып кеткени менен убактылуу өкмөт Конституцияга таянабыз деген декрет кабыл алды. Эгерде булар Конституцияга таянбайбыз, жаңы турмуш, жаңы Конституцияны баштайбыз дегенде, өздөрүнүн декретинде бул пунктту жазбаш керек эле. Азыркы бул таянган Конституциянын негизинде убактылуу өкмөттүн эч кандай укуктары жок. Ошондуктан тез арада парламентти чакырып 2-3 күндүн ичинде өздөрүнүн премьери болобу, спикери болобу бекитип алыш керек.

- Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Кыргызстан мындан ары парламенттик башкаруу системасына өтүшү керек деп айтып жатышат. Бул жол Кыргызстандын азыркы шартында ылайыктуубу?

- Бул дагы эле кыргыз элинин ой-пикирин басып алуу жана элге өз жолун тандоого жол бербөө болуп эсептелет. Мен ойлойм, эң жок дегенде Конституциянын 5-6 ар кандай түрү сунушталыш керек. Парламенттик өлкө кандай болоорун азыркы убактылуу өкмөттө иштегенден көрүп атабыз. Себеби маселелерди чечише албай, жер-жерлерде бийликти алмаштырып, башаламандыкка алып келип атат. Кичинекей парламенттик өлкөнүн бир көрүнүшү болуп атат. Мен ойлойм азыр бир гана талкуунун жана анализдин негизинде кабыл алыш керек.

- Мына конституциялык кеңешме чакырылганы жатат. Ал үчүн отуз адамдун турган жумушчу топ түзүлөрү белгилүү болду. Бул топко коомдук уюмдардын, саясий партиялардын өкүлдөрү кирет экен. Эгер сиздин уюм да кирип калса кандай сунуштар менен чыгасыздар?

- Мен бүгүн дагы айтам, дагы кайрылам. Эң биринчи шарттарым бүт легитимдүү, укук деңгээлинде болуш керек. Ошондуктан убактылуу өкмөттүн азыр жазылган декретин коомдук уюмдарда анализдеш керек дагы, эч кандай кемтик калтырбай укуктук абалга алып келиш керек. БУУ дагы, ЕККУ дагы шарт коюп атат. Эгерде чала декреттин негизинде булар бийликке келе турган болсо, башаламандык болуп эл тынчыбайт.

- Рахмат.

XS
SM
MD
LG