Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:45

Бишкек: Жер басып алуу аракети башталды


Бишкектин чет жакасындагы айрым райондордо жүздөгөн адамдардын жерлерди мыйзамсыз басып алуусу башталды. Шаар бийлиги жер ээлеп алуу аракетин атайын чагымчы күчтөр уюштуруп жатканын белгилеп, аларга катуу чара көрүлөрүн эскертти. Ага карабай адамдар топ-тобу менен басып алган жерлерине бирин-экин чатырчаларды тигишип, жер берилмейин кетпейбиз деп отурушат.


“Жер берилбесе кетпейбиз!”


Көп балалуу Назгүл айым үч күндөн бери Октябрь районунда төрт сотке жерди ээлеп, кайтарып отурат. Ал басып алган жерине атайын белги коюп, эртеңден тарта аны мыйзамдаштырууга аракет кылып жаткан экен:

-Бийликти убактылуу өкмөткө алып бердик. Эми эмне үчүн өз элибиз өз жерибизге ээ боло албайт. Мага болгону төрт сотке жер беришсин, башка эч нерсенин кереги жок. Мен Бакиевдин беш банкын же башка байлыгын сураган жокмун, мага жер беришсин! Болбосо кетпейм!

Назгүл сыяктуу жер ээлеп алгандар жана дале болсо ээлеп алууга аракет кылган адамдар жүздөп саналат. Ал тургай базарда соода кылгандар өз жумушун таштай эки-үч күндөн бери талашка түшүп жаткан шаар четиндеги аймактарда жүрүшкөнүн байкоого болот. Октябрь районунан жер басып алган Бишкек шаарынын тургуну Кубаныч эгерде бош жерлерди ушундай учурда эл басып албаса, анда кийинчерээк
чоң кызматтагылар өздөрү менчиктеп алат деген түшүнүктө:

- Менин эсимде, Акаев бийлиги кулап Бакиев келгенде да ушул жерди карапайым эл басып алган. Ал кезде мынабул кансарайлардын (особняк) бирөө да жок болчу. Көрсө мындай жерди акчалуу чоңдор гана алып, карапайым эл какшап кала берет экен. Азыр бизге төрт эле сотке жер берсин, үңкүр да болсом үйүм бар деп туруп кичинекей бирдемке кура коебуз.


Мэрия: “Бул деген талап-тоноочулук”

Шаар бийлиги жер басып алуу аракетине каршы иш алып баруучу шаардык жана райондук штабдар түзүлгөнүн жарыя кылды. Бишкек шаар мэринин милдетин аткаруучу Иса Өмүркулов жер басып алууга кызыкдар атайын чагымчы күчтөр бар экенин белгилеп, аларга мыйзам чегинде чаралар көрүлөрүн эскертти:

- Мунун баары мыйзамсыздык. Бул талап-тоноочулуктун бир түрү. Мыйзамга каршы келет. Басып алынган жерлер эч качан берилбейт.

Иса Өмүркулов шаар элине кайрылып, райондордон жер алып берем деп ортомчулук менен шугулданган адамдарга акча бербөөгө чакырды. Бирок Октябрь жана Свердлов районунда бош жаткан жерлерди басып алгандар шаар бийлигине кулак төшөмөк тургай, жер бөлүштүрүүнү улантып, көчөлөргө ат коюп жиберүүгө жетишти. Төрт сотке жерди ээлеп алган Асылбек буларды айтты:

- Көчөлөргө “Ынтымак-1”, “Ынтымак-2” деп ат коюп жатабыз. Сатканыбыз картошка-пияз. Ошон үчүн басып алган жерлерибизди берип калса үйлүү болуп калабыз деп чоң кубанычта турабыз.

Асылбеке окшоп ыңкылаптын арты менен жерге ээ болобуз деген жүздөгөн шаардыктарды убактылуу бийликтегилер токтотууга чама чаркы жетпей турат. 10-апрель түнү укук коргоо органдары жер басып алгандарды таратууга жасаган аракетинен майнап чыккан жок. Жаныш Бакиев менен Максим Бакиевдин жерлерин бөлүп берүүдө деген каңшаарды уккан шаардыктар алардын катарын уламдан улам көбөйтүүдө.
  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG