Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:00

Апта окуясы: Кенже уулдун келиши


Президент К.Бакиевдин кичүү уулу Максим мамлекеттик жогорку кызматка келди. Бул дайындоо мураскордукка камылга катары бааланууда.

Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар агенттиги - жаңы башкаруу реформасына ылайык президенттик институттун тутумуна кирген жаңы түзүм. Президент Курманбек Бакиевдин башкаруу реформасынын багыттарын жарыялаган октябрдагы сөзүнө караганда агенттик мамлекеттик маанилүү стратегиялык багыттарды көзөмөлдөйт:

- Ал стратегияны калыптап, өлкөнүн экономикалык түзүмүн кайра куруу, бизнести жана ишкердикти колдоо, технологиялык жана социалдык прогресске ылайык инвестицияларды тартуу, аймактын мүмкүнчүлүгү жана ресурстарды көбөйтүү менен алектенет. Агенттик ошондой эле бюджетти өнүктүрүүгө даярдыкты жалпы координациялайт, улуттук-экономикалык программаны, улуттук инфраструктуралык долбоорлорду, инвестициялык программаларды ишкер чөйрөнү жакшыртуу боюнча сунуштарды иштеп чыгат.

Мына ушундай милдеттерди аркалаган өзүнүн карамагындагы мамлекеттик бийик кызматка президент 32 жаштагы кенже уулу Максим Бакиевди алып барды. Президент буга чейин уулун Кыргызстандын чегинен алда качан эле чыгып кеткен, эл аралык деңгээлдеги ишкер экенин нечен курдай айтканы бар. Президенттин ишениминде уулу чынчыл ишкер, биринчи президент Аскар Акаевдин балдарынан айырмаланып, өз алдынча аракет жасап, андан тыянак чыгарып келатат.

Айрым маалымат булактарында Максимдин “Интерукук” эл аралык юридикалык компанияда иштегендиги, англиялык Solution Limited ВСВ холдингдин алдындагы консультативдик кеңештин мүчөсү, латвиялык көп тармактуу Maval Aktiviti холдингдин директорлор кеңешинин мүчөсү экендиги айтылып жүрөт.

Мындан тышкары Максимдин Орусия эл аралык издөө жарыялаган ишкер Борис Березовский менен алакасы бары жөнүндө, атүгүл аны Кыргызстанга алып келгени жөнүндө да маалымат тарап, чатак чыгып, бирок, ал далилденбеген бойдон калган.

Максим Бакиевге кыргызстандыктардын назарын бурган чуулгандуу окуялардын дагы бири Борбордук Шайлоо комиссиясынын мурдагы башчысы Клара Кабилованын 2008-жылы өлкөдөн убактылуу чыгып кетер алдында жасаган видео кайрылуусу болгон.

- Мен президенттин уулу Максим Бакиевдин кыжырды кайнаткан кысымына, уят сөз колдонгон мазагына кабылдым.

Кабилованын мындай доосун башкы прокуратура териштирип, Максим Бакиевди маекке чакырып, кийинчерээк жабырлануучу арыз берген жок деп ишти жаап койгон.

Кыргызстандын акча каражатын, инвестицияларды тейлөө үчүн 2007-жылы түзүлгөн Өнүктүрүү корунун жана ага кеңешчилик кылып аткан MGN Group компаниясынын артында да дал ушул президенттин уулу турары кыйладан бери айтылып келатат. Бирок чет элдик бул компаниянын ээси Евгений Гуревич өз компаниясынын Кыргызстандагы ишмердүүлүгүн президенттик үй-бүлө менен байланыштырбайт.

- Жазылып аткандар балким тез өнүгүп атканыбызды көрө албай атышкандыр. Балким заказдыр. Бирок айтаарым биз президенттин үй-бүлөсүнүн, өкмөттүн же башка кимдир бирөөлөрдүн жардамысыз эле иштеп атабыз, - деп билдирген Гуревич жакында “Азаттыкка” берген интервьюсунда.

Ошол эле Өнүктүрүү корунун башчысы Алексей Елисеев да журналисттер үчүн уюштурулган маалымат жыйынында Максим Бакиев менен жакын алакасы бар деген жоромолду төгүндөгөн. Бул жерде борбордук агенттиктин башчысынын президент дайындаган үч орун басарынын бири ошол Өнүктүрүү корунун башчысы Елисеев экендигин кошумчалай кетели.

Кенже Бакиевдин жакшы санаалаштары арасында анын акылын, айлакердигин жогору баалап, жаңы муундагы билимдүү, жаш ишкердин мамлекеттик ишке аралашышын ашыра мактагандар да аз эмес.

Анткен менен атасы президенттик тактыны ээлеген март ыңкылабынан берки аралыкта Максим Бакиевдин коомчулуктун арасында көрүнгөнүн байкагандар жокко эсе. Адатта күрөш федерациясынын президенти катары спорт чөйрөсүндө көрүнө калып жүргөнүн, бирин-экин жергиликтүү маалымат каражаттарына интервью бергени көбүрөөк айтылат. Ошол эле учурда ал көшөгө артында мамлекеттик башкарууга батыл катышкан эң таасирдүү фигура саналат. Мындай аңыз кеп айрыкча табышмактуу өлүмгө кабылган мурдагы президенттик администрация башчысы Медет Садыркуловдун тушунда күчөп кеткен. Президенттин айланасындагы айыгышкан эки топтун биринин башында Максим Бакиев менен Медет Садыркулов, экинчисинин башында президенттин иниси, Мамлекеттик күзөт кызматынын башчысы Жаныш Бакиев тургандыгы кезинде оппозициялык чөйрөдө көп эле айтылды.

Максим Бакиев акыркы президенттик шайлоодо атасынын кайра бийликке келишине өз командасы менен болуп көрбөгөндөй жан үрөдү деген пикирлер күч. Мына ушундай жагдайда президент Курманбек Бакиев кенже уулун өзүнө баш ийген мамлекеттик таасирдүү тармакка дайындашы күтүлгөн окуялардын бири болду.


Саясат таануучу Марс Сариев бул дайындоого өзүнүн төмөнкүдөй баасын берди:

- Экономикалык жактан Максим Бакиевдин таасири чоң болчу да. Азыр эми расмий дайындаганы жакшы болду. Анткени Курманбек Бакиев президент, баласы Максим Бакиев жаңы курска, элдин жашоосуна ачык жооп берет. Формалдуу эмес аракетке караганда бул жакшы. Анын үстүнө Максим Бакиевдин талдоо тобуна азыр деңгээли, методологиясы боюнча башкалар жетпейт го деп ойлойм.

Анткен менен оппозиция президенттин уулунун бийик кызматтардын бирине келишин үй-бүлөлүк башкарууну бекемдөөнүн далили катары карап жатышат. “Улуу биримдик” партиясынын лидери Эмил Каптагаевдин көз карашында:

- Муну баштадан айтылып келаткан үй-бүлөлүк-кландык башкарууну биротоло мамлекеттик башкарууга орнотуп калуу деп эле түшүнсө болот. Мамлекеттик кызмат дегенди билбей туруп атасынан кийинки эле экинчи кызматка туруп калышынын өзү мамлекеттик кызматтын да, мамлекеттик бийликтин да, мамлекеттик башкаруунун да мааниси жок калганынын белгиси.

Оппозициянын баасын куру сөз катары баалаган президенттин мурдагы маалымат катчысы, “ЭлТР” коомдук телерадиокомпаниясынын президенти Нурлан Шакиев президенттин тандоосун өлкөнүн экономикасын илгери жылдыруу максаты деп эсептейт:

- Үй-бүлөлүк башкаруу деген башка маселе болуш керек. Себеп дегенде кадрга, элдин турмушуна кийлигишпей, долбоорлорду жетектеп, түзүп, көзөмөлдөп турган орган болуп атпайбы. Ошондуктан үй-бүлөлүк башкарууга тиешеси анчалык болбойт деп ойлойм.

Ошол эле мезгилде коомдук-саясий чөйрөдө президент Бакиев уулун мамлекеттик жооптуу кызматка алып келишинен анын мураскор даярдоо камылгасын көргөндөр аз эмес. Айрым талдоочулар президент Бакиевдин реформасынан башкаруу чөйрөсүндөгү аймактардан чыккан мамлекеттик кызматкерлерди сүрүп чыгаруу, ордуна өзүнө жакын, жаңы башкаруунун ыкмаларын өздөштүрүп алган билермандарды тартып, ал аркылуу элдин алдында өз баркын көтөрүү аракетин жасап жатат дешүүдө. Талдоочу Марс Сариевдин пикиринде, маселен:

- Азыр элита элди карабайт. Эл өзүнчө жашайт. Биздин номенклатуралык элита өзүнчө жашайт. Бакиев ошону түшүнүп, Уго Чавестей ошолорду жылдырып, (докладында биздин чиновниктердин 99 пайызы өз чөнтөгүн ойлойт деп айтпадыбы) эл алдында өзүнүн кадырын көтөрүп, баласына бийликти берейин деп атат. Элдин жашоосу көтөрүлсө эл каршы чыгат дейсиңерби. Биз Азиябыз да.

Ошондуктан талдоочу бүгүнкү шартта Бакиевдер үчүн Кыргызстандын экономикасын оңдоодон башка жол жок, антпесе, Акаевдердин тагдыры күтөт деп болжойт.

Аскар Акаев тарыхка үй-бүлөлүк башкарууну түптөгөн президент катары кирди. Мамлекеттик башкарууну көшөгө артында аялы жүргүзүп, уулу каржы министрлигинин кеңешчиси болуп дайындалып, кийинчерээк уул-кызы бирдей депутаттык мандатка ээ болушкан. Мурдагы президенттин тарапкерлери үй-бүлөлүк башкарууну колго алуу жагынан Бакиев Акаевди жолго таштады дешет.

Учурда мамлекеттик борбордук кызматтарда үч иниси, эки уулу иштеп жатат. Максим Бакиевдин каржынын булагын колго алышы президенттин өз үй-бүлө мүчөлөрүн мамлекеттик башкарууга тартуунун туу чокусу болуп калды. Оппозиция Бакиевдин кичүү уулу одоно мыйзам бузуулар аркылуу келди деп жатат. Адистердин айтымында “Мамлекеттик кызматкер жөнүндөгү” мыйзам жана Эмгек Кодекси туугандардын бир мекемеде иштешине тыюу салат. Юрист Чолпонбай Карынов, маселен, буларды белгиледи:

- 2004-жылы чыккан Эмгек Кодексинин 68-беренесинде мамлекеттик уюмдарда туугандардын чогуу иштешине чектөө коюлган. Туугандар кимдер болушу мүмкүн? Алар – жубайлар, ага-инилер, эже-сиңдилер, уул-кыздар, жубайлардын атасы, агасы, иниси, ата-эне менен балдар... Бирок ушул берененин негизинде өкмөттүн 2005-жылы 16-августта чыккан токтому бар. Анда жакын туугандардын иштешине уруксат берген нормалар киргизилген. Уруксатка кайсы тараптар кирет: айыл чарбасында, токой чарбасында, билим берүү системасында, маданият тармагында иштеп аткандарга туугандар менен чогуу иштегенге уруксат берилет. Бирок ал жерде да эки тууган бухгалтер, кассир болуп иштеп атса, аларга тыюу салынат. Мыйзам эгерде бири-бирине түздөн түз каржылык жактан көзөмөлгө ээ болсо ага тыюу салынат.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Райымбек Мамыров мамлекет башындагы адамдардын жакындарынын шайлоо аркылуу бийликке келишине мыйзам тыюу салбай тургандыгын билдирди. Президент Курманбек Бакиев кенже уулу Максим Бакиевди Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар агенттигинин башчысы кызматына 29-октябрда өз жардыгы аркылуу дайындады. Кайра түзүлгөн президенттик институт жаңы дайындоолорго, анын ичинде президенттин уулунун мамлекеттик кызматка келишине түшүндүрмө бере элек.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG