Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 08:57

Кыргызстан-АКШ: База тагдыры калчалууда


АКШнын Кыргызстандагы аба-аскерий базасы Кыргызстанда калабы-калбайбы деген маселе өтүп бараткан аптада жаңы деңгээлде талкууга алынды. Буга АКШ президентинин Кыргызстан президентине жолдогон кайрылуусу негиз болду.

Ошентип АКШ президенти Барак Обама Кыргызстанга бийик деңгээлдеги расмий делегация жибергени турат. Анын максаты - эки өлкөнүн мындан аркы кызматташтыгынын багыттарын талкулоо. Бул алгачкы кайрылуусунда АКШнын жаңы президенти Обама өз мөөнөтү учурунда Кыргызстан жана анын жетекчилиги менен кызматташтыкты арттыруу ниетин билдирген. Кайрылуунун мазмуну боюнча маалыматты алгачкылардан болуп коомчулукка Кыргызстандын Тышкы иштер министри Кадырбек Сарбаев таратты:

- Кайрылуунун мазмунун кыскача айтканда АКШ президенти, биринчиден, Борбор Азия аймагында терроризмге, баңги соодасына каршы күрөштө биздин өлкө жасаган жана жасап жаткан аракеттерге терең ыраазычылыгын айткан. Өзгөчө Ооганстан менен Пакистандагы кырдаалга кабатырлануусун билдирген. Мындан тышкары кыргыз-америка кызматташтыгынын күчөтүлөөрүнө жана бекемделерине үмүт арткан. Буга байланыштуу кызматташтыктын келечегин, анын ичинде соода-экономикалык мамилелерди аныктоо үчүн Кыргызстанга бийик деңгээлдеги делегация жиберүү ниетин билдирген. Дагы белгилеп койгум келет, АКШ президенти Барак Обама өзүнүн президенттик мөөнөтү учурунда Кыргызстан менен АКШ, анын ичинде жеке Курманбек Салиевич Бакиев менен байланыштары мындан да бекемдээрине үмүт арткан.

Министр Сарбаев өз маалыматында АКШ президентинин кайрылуусу Кыргызстанда жайгашып турган антитеррордук коалициянын маселесин камтыган-камтыбагандыгы белгилеген жок. Ошол эле мезгилде бул кайрылуу АКШ базасын калтыруунун айла-амалы үчүн жасалып жаткан дипломатиялык оюндардын жогорку тепкичи катары бааланууда.
Буга чейин НАТОго мүчө Түркия президенти Абдулла Гүлдүн Кыргызстанга сапарынын негизги максаттарынын бири да дал ушул базага байланыштырылган. Ал эми өткөн аптада Ооганстандын президенти Хамид Карзай дипломатиялык тармак аркылуу президент Курманбек Бакиевге кат жолдоп, анда Ооганстандагы кырдаалды чогуу талкуулоону сунуш кылган.

Адатта дипломатияда өтө кылдат мамиле жасоого муктаж ушул өңдүү маалыматтардын расмий таралып жатышынын өзү базага байланышкан кандайдыр бир жаңы чечим кабыл алуу ыктымалдыгы барын каңкуулап турат. Ага жараша база өлкөдөн чыгарылат дегенге караганда калат деген пикирлер арбын айтылып келатат. Кыргыз бийлиги мындай божомолду тастыктаган жери жок. Тескерисинче Тышкы иштер министри Кадырбек Сарбаев базаны чыгаруу боюнча мыйзамдык бардык жараяндар бүткөндүгүн, аны артка кайтаруу мүмкүн эместигин билдирди. Президент Курманбек Бакиев Нарынга жасаган сапары маалында сүйлөгөн сөзүндө базаны Кыргызстанда калтыруу маанайы байкалган жок:

- Мына Кыргызстан базаны Америкага бердик. Мына жети-сегиз жыл пайдаланды. Ооганстанда абал жеңилдеген жок. Тескерисинче наркотиктин көлөмү көбөйдү.

Чындыгында эле базаны токтотуу жараянын Кыргызстан баштагандан бери Ооганстанда кырдаал курчуп кетти. Муну талдоочулар кыргыз бийлигинин өзүнүн мурдагы чечимин кайтарууга негиз болуп берчү башкы жагдайлардын бири деп жатышат. Ошол эле мезгилде Кыргызстандын ички саясатында бул маселеге сын көз менен карап, улуттук кызыкчылыкты, көз карандысыздыкты башка бардык маселелерден алдыга койгондор базаны чыгаруу чечимин бийлик аткарууга милдеттүү экендигин эскертүүдө. Базанын Кыргызстанда жайгашып турушуна башынан каршы болуп келген Коммунисттер партиясынын лидери, депутат Искак Масалиев Жогорку Кеңештин жалпы сессиясында бийликке кайрылды:

- Быйыл биз бардыгыбыз “Манас” аба майданында жайгашкан аскер базасын денонсация кылдык. Бирок эмнегедир бүгүнкү күнгө чейин ушул маселе чечилбей атат. Кете турган ою жок. Аскерлер ошондой эле кызмат кылып атат, тилекке каршы жаңы жетекчиси келип. Ошондуктан мен өкмөткө жана президенттин өкүлүнө эскертип коеюн деп атам: бул мыйзам ишке ашырылыш керек, аларды кетириш керек. Аскерлер куралдарын көтөрүп кетип калсын Кыргызстандан. Гезиттерге кайра сүйлөшүүлө жүрүп атат деп гезиттерге ар кандай сүйлөшүүлөр жүрүп атат. Ошондуктан эскерте кетейин, мыйзам так аткарылышы керек. Бул – бардыгыбыздын милдетибиз.

Ал эми жергиликтүү талдоочу Токтогул Какчекеев кетирүү тууралуу чечим чыгарып коюп, кайра алып калса Кыргызстандын аброюна шек кетет дейт:

- Кыргызстан Америка же башкалар аркылуу өзүнөн өзү чечип коюп кетет деп, анан кайра калат десе, бул эл аралык деңгээлде биздин мамлекеттин жүзүн жоготуп коюшуна жол ачылып калат.

Базаны чыгаруу демилгесин март ыңкылабы аркылуу келген жаңы бийлик эки жылдан кийин көтөрө баштаган. Өз демилгесин каржылык колдоолор боюнча жалпы пикир таба албагандыгы менен байланыштырып, акыркы чечимин президент Курманбек Бакиев быйыл 4-февралда Москвага расмий сапарынын учурунда жарыялаган.

Анткен менен талдоочулар Кыргызстандын туруксуз тышкы саясатынын өңүтүндө бул маселени өтө эле татаалдаштырыштын кажети жок. Мындай пикирин “Азаттыкка” саясат таануучу Александр Князев билдирди:

- Бул Кытай менен мамилени бузаары анык. А Тажикстанга, Казакстанга же Өзбекстанга оң же терс таасир этет деп ойлобойм. Постсоветтик Борбор Азия өлкөлөрүнүн тышкы саясаты убактылуу пайданы көздөгөн көп вектордуу принципти карманышат. Ошондуктан таң калычтуу эч нерсе деле болбойт.

Ушундай пикирин билдирген талдоочунун ишениминде АКШнын аба-аскерий базасы сөзсүз түрдө Кыргызстанда калат. Атүгүл талдоочу өз булактарына таянып билдиргенине караганда бул багытта жаңы макулдашуу даярдалып жатат жана анда Кыргызстан база үчүн жылына 350 млн. доллар ижара акы сурамакчы.

Ошентип азыр эми коомчулукта АКШнын Кыргызстандагы аба-аскерий базасын калтыруу же калтырбоо талашына караганда база башка макамга ээ болобу же мурдагыдай калыбында калабы деген маселе көбүрөөк бүйүр кызытууда. Маселен, саясат таануучу Марат Казакбаев Кыргызстандагы АКШнын аскерий базасы жүк ташуучу базага айландырып, аскерий компоненттерге тыюу салынат дейт. Бирок, эл аралык жана жергиликтүү башка жоон топ байкоочулар АКШ биринчи кезекте аскерий базанын Кыргызстанда болушуна кызыкдар экендигин айтып жатышат. АКШ гуманитардык жүктөрдү ташууга муктаж эмес, анткени, аскерий эмес жүктөрдү Орусия, Казакстан, Өзбекстан аркылуу ташуу жолун АКШ таап алган. Ошондуктан саясат таануучу Аскарбек Мамбеталиевдин көз карашында базаны калтырууда Кошмо Штаттар ушул өңуттө соодалашуусу мүмкүн:

- Алар абдан чоң күч жумшабашы мүмкүн, бир аз базанын ижара акысын көтөрүшү мүмкүн. Петроиос деген Американын генералы айтпадыбы, соода болушу мүмкүн, бирок логиканын чегинде, ашык эмес.

Көпчүлүк баамдоолорго караганда Кыргызстан АКШнын бийик деңгээлде киришүүсүн суутпай, ошол эле мезгилде өзү февраль ичинде өтө тездик менен, кескин түрдө кабыл алган чечимин жандыруунун жолдорун караштырып жатат. Князевдин божомолунда маселен:

- Менимче өз жүзүн сактап калуу жагынан юридикалык жол табуу оңой болбойт. Ошондуктан балким макулдашуу Кыргызстан менен АКШ ортосунда эмес, балким Кыргызстан менен БУУнун Ооганстанда тынчтык орнотуучу түзүмү ортосунда же бул миссияны Ооганстанда аткарып аткан НАТО командачылыгы аркылуу болушу мүмкүн. Бул жерде АКШ албетте катышат. Ал эми жүктөрдүн тең салмактуулугу жөнөкөй эле чечилчү маселе.

Ошондой болсо да Орусиянын стратегиялык өнөктөшү катары санап, ага өзгөчө ыктаган саясаты менен көрүнүп калган азыркы бийлик база боюнча чечимин өз алдынча жандыра аларына ишенгендер аз. Ага жараша база маселесине бир ыктай чечимин президент Бакиев расмий Москва менен акылдашып, ЖККУнун кеңешин уккандан кийин гана чыгарышы мүмкүн экендиги айтылууда. База маселесин чечүү Кыргызстандын ички иши экендигин байма-бай айтып келатат. Орусия президенти Дмитрий Медведев да базаны чыгаруу чечими Москвада жарыяланганда бул Кыргызстандын жеке иши экендигин айткыча шашкан. Жергиликтүү талдоочулар Кыргызстан бул маселени чечүүдө ЖККУга кирген мамлекеттер менен, ириде Орусия менен кеңешип-таңашуусу зарыл деген көз караштар да бар. Мындай пикирин “Азаттык” менен саясат таануучу Токтогул Какчекеев бөлүштү.

Бирок базанын турумун аныктоо Кыргызстандын жеке колунан келе турган иш эмес, анткени бул дүйнөдөгү эки атаандаш АКШ менен Орусия мамлекеттеринин соодалашуусунан көз каранды экендиги буга чейин нечен курдай айтылып келатат. Талдоочу Князевдин көз карашында база маселесинде Орусия каршылык көрсөтөт деген көз караштарды дегеле колдобойт. Анын себептерин талдоочу төмөнкүдөй чечмеледи:

- Орусия базанын бул жерде болушуна оңой эле макулдук берет. Анын ордуна АКШга бир катар жагдайлар боюнча сунуш айтышы мүмкүн. Маселен, Европа, айрыкча Кавказ багытында АКШ саясатын, анын Орусияга каршы Грузиядагы, Украинадагы күчтөрүн сээлдетүү, Европада Ракетага каршы куралдар маселеси өңдүү талаптарды коюушу мүмкүн.

Кандай болгон учурда да АКШ президентинин кайрылуусу менен коштолуп кайрадан Кыргызстандын коомдук саясий чөйрөсүнүн бүйүрүн кызыткан бул маселе жакынкы күндөрү бир ыктай чечилбейт. Бул аралыкта Кыргызстандын тышкы саясат мекемеси АКШ президентинин кайрылуусуна жооп даярдоого киришти. Жооп кайрылуу АКШнын бийик деңгээлдеги делегациясына жол ачып берсе, Кыргызстанга азыркы мамлекеттик катчы, Кыргызстанга кезинде биринчи айым катары келип кеткен Хилари Клинтон баштаган делегация келиши ажеп эмес экендиги да айтыла баштады.

Бирок, АКШ менен Кыргызстан ортосунда базага байланыштуу саясий-юридикалык ачык, сүйлөшүүлөр башталганга чейин бул маселе АКШ жана Орусия президенттеринин ортосунда, ЖККУ мамлекет башчыларынын арасында, Орусия менен Кыргызстан президенттеринин ортосунда талкууга түшөөрү турган иш. Атүгүл айрым талдоочулар база маселеси боюнча АКШ президенти Барак Обаманын алгачкы кайрылуусу акыркысы эместигин айтып жатышат.

АКШ базасын жайгаштыруу боюнча макулдашууну денонсациялоо жөнүндөгү Кыргызстандын документине ылайык база 18-августтан өлкө аймагынан чыгып кетиши керек. Бирок база азырынча көчүп кетүү камылгаларын көргөнү байкалбайт. Антитеррордук коалициянын алкагында Кыргызстанга аба-аскерий базаны жайгаштыруу тууралуу Кыргызстан 2001-2002-жылы 12 мамлекет менен макулдашуу түзгөн. Алгачкы макулдашуу АКШ менен түзүлгөн болчу.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG