Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:50

Т. Тургуналиев: Кадыржан Батыровдун күнөөсү тоодой


"Азаттыктын" Өзбек кызматына курган маегинде Кыргызстандагы өзбек маданий борборунун башчысы Кадыржан Батыров Убактылуу өкмөттү кескин сынга алды.

Өз сөзүндө Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кадыржан Батыров кыргыз бийлиги өзбек тектүү тургундарга каршы атайын саясат жүргүзгөн деп белгилеген. Президент Роза Отунбаеванын кеңешчиси Топчубек Тургуналиев издөөдө жүргөн К. Батыровдун билдирүүсү тууралуу “Азаттык” менен пикир бөлүштү.

Т. Тургуналиев:
8-9-апрель күндөрү менен Жалал-Абадда болгом. Ал Убактылуу өкмөттү колдобостон өзүнүн бери эле дегенде бир жарым миңдей адамын чогултуп, кыргыз менен өзбекти кагыштыра турган митингдерди өткөрүп жаткан экен. Ал башталышы гана болгон. Ал эми кийин К. Батыровдун “МезонТВ”, "ОшТВ" деген телеканалдары аркылуу өзбек туугандарды көкүтө турган кайрылууларды жолдоп жатты. Кадыржандын өзбек менен кыргызды кагыштырган күнөөсү опол тоодой. Ал эми өзбек тектүү карапайым тургундардын токсон сегиз пайызы кыргыздар менен согушууну каалаган эмес, каалабайт дагы.

- Кадыржан Батыров өз маегинде "апрель окуяларына чейин, К. Бакиевдин бийлиги маалында Кыргызстандын түштүгүндө орун алган шаарлардын ичинен өзбек тектүү тургундарды сүрүп чыгаруу саясаты болгон" деп билдирип жатат. "Андан кийин бийликке Убактылуу өкмөт келгенде да ошол саясатты улантты",-дейт.

Коогалаңдан кийинки Ош.
Т. Тургуналиев
: Мен мурдагы бийликтин кылык жоруктарын да, азыркы бийликтин абалын да толук билем. Мен окумуштуу катары да улуттар аралык мамилелерди изилдеп жүрөм. 1989-90-жылдары Ташкенттен уставы жазылып “Адоват” деген уюм түзүлгөн. Ал Кыргызстандын түштүгүндөгү жети райондун этектерин, сегиз шаарды өзүнүкү деп эсептеп, өзбек автономиясын түзүү максатын көздөгөн. Мына ошондо бул кандуу окуяларга алып келген. Мына быйыл июнда кандуу окуялар болду. Ошондуктан Кадыржан Батыров "жыйырма жылдан бери күткөнүбүз эми келатат" деп бекеринен айткан эмес. Анын сөзүнүн төркүнүндө "биз эми автономия алабыз, эгерде биз кыргыздарга каршы чабуулду баштасак, анда Өзбекстан мүмкүн куралдуу күчтөрүн киргизсе, биз түштүктүн көп жерлерин ээлеп калабыз" деген арам ою болгон. Муну өзү ал эч качан тана албайт, эгер танса биздин тергөөчүлөр муну далилдеп берет.

- Ал эми өзбектерге каршы мамлекеттик саясат болгон деп жатат, ошол тууралуу кандай пикир айтасыз? "Бул саясатты жүзөгө ашыруу үчүн улутчул Мелис Мырзакматовду Ош шаар мэрлигине койгон" деп жатат.

Т. Тургуналиев: Убактылуу өкмөт аны атайын алып келген деген бул болбогон сөз.

- Бакиевдин бийлигин кетирүүдө өзбектердин салымы болгон деп айтып жатат. Бирок керек маалда Убактылуу өкмөт аларды пайдаланып, кереги жок болгондо атайын жаңжал уюштуруу менен өзбек лидерлерин обочолонтту деген да пикирлер айтылган. Ошондой болушу мүмкүн беле?

Т. Тургуналиев: Жок, андай эмес. Мен 2005-жылкы революцияда да, быйылкы революцияда да бирден бир жетекчи болдум. Кадыржан Батыров революцияга салым кошкон эмес, мен аларды көргөн да эмесмин. Алар кийин гана бизге жабышып, биз да бар болчубуз деп атышат. Алар биздин катарыбызда болгон эмес.

- Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG