Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:40

Карасартов: Ханабад окуясы кошуналык жай турмушка терс таасир этет


26-майдагы Ханабад окуясы чегаралаш жайгашкан Жалал-Абад аймагына кандай таасир этиши мүмкүн? "Азаттыктын" суроолоруна облус губернаторунун маалымат катчысы Орозали Карасартов жооп берди.

- Кечээ түнүндө Өзбекстан менен Кыргызстан чек арасына жакын жерде, Ханабад шаарында жардыруулар болуп кетти деген маалымат тарады. Силерде кандай маалымат бар, облуста?

- Биз деле башкалар сыяктуу эле бул маалыматты массалык маалымат каражаттары жана интернет булактары аркылуу алдык. Кээ бир маалыматтар карама-каршылыктуу айтылып кетти. Ал эми расмий маалымат облустук администрацияга же укук коргоо кызматтарына эч кандай билдирилген жок.

Бирок ошого карабастан укук коргоо органдарынын расмий эмес маалыматтарына караганда жыйырма бешинен жыйырма алтысына караган түнү саат экилерде Ханабад шаарынын милиция бөлүмүндө жана коопсуздук кызматынын имаратында жардыруулар болгон. Маалыматка караганда ал жардыруу Өзбекстандын ислам кыймылынын мүчөлөрү тарабынан ишке ашырылган деп болжолдонууда. Курман болгондор да бар. Бул маалыматтын Кыргызстанга, анын ичинен Жалал-Абад облусуна анча чоң таасири тийген жок, бирок, Өзбекстан Бегабад бажы постун бир тараптуу кылып жабышты. Ал эми Кыргызстан тараптан да өтүү болгон жок эле, күндүзгү саат экиден баштап гана чек ара ачылды. Өзбекстан тарабы ачкан жок. Ал эми облустун башка аймактарындагы чек араларында кооптонгон жагдайлар жок.

- Жалал-Абаддын аймагында чек аралар күчөтүлгөн тартипте кайтарыла баштады деген расмий маалымат тарады. Күчөтүлгөн кайтаруу дегенди кандай чечмелесе болот?

- Жанагындай коопсуздук боюнча маалымат чыгып кеткенден кийин көзөмөлгө алуу аракеттери башталды, коопсуздукту алдын алуу максатында гана. Бирок чындыгында бизде 700гө жакын чакырым чек ара бар, ага толук жооп берет деп айтуу кыйын.

- Ушу Ханабад окуясы Жалал-Абад облусуна кандай таасир этиши мүмкүн?

- Соода-экономикалык байланышыбыз Жалал-Абад аркылуу күчөп турган мезгилде ушул жагдай боюнча таасир этет. Анан көпчүлүк Жалал-Абад жашоочулары Өзбекстан менен кирип-чыгып, туугандык карым-катыштары болуп турат. Ошондуктан терс таасирин тийгизет. Эки өлкө ортосуна бир топ эле коогалаңдуу, жоопкерчиликтүү мамилелерди жаратат.

- Ханабаддын аралыгы канчалык алыс Кыргызстан аймагынан?

- Жалал-Абад шаарынан 30 чакырымдай эле алыс. Бул жерде чоң бажы посту коюлган. Негизги соода тармагы Ханабад аркылуу өтүп турат. Жашоочулардын бардыгы ошо жерде каттоодон өтүп, документтерин көрсөтүп, ушу жерден өтүп турушкан. Бул жер чет өлкөлөрдүн колдоосу менен жасалган эл аралык стандарттагы жакшы бажы посту болчу. Алардын жабылышы эки элдин социалдык-экономикалык карым-катыштарына терс таасирин тийгизет.

- Ханабаддагы кечээ түнү болгон окуя боюнча атайын күтүлүп жаткан иш чаралар барбы же кандайдыр бир кеңешмелер өттүбү?

- Бул боюнча администрация тарабынан чек араларга көзөмөлдү күчөтүү боюнча көрсөтмө берилди. Бир кызык жагдай – маалыматтын жоктугунан саат ондон баштап түшкө чейин чек ара кызматынын он жылдыгы белгиленип, борбордук аянтта чоң иш чара өткөн. Ошондо чегарачылардын, райондук, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү чогулуп, ошо чек араны жапырт колдоо маселеси көтөрүлгөн, акимдер жардам беришкен. Айрым чегарачылар үчүн күзөт имараттарын куруп берүү каралган. Түштөн кийин бул маалымат кеңири тарап, анан коомчулуктун кызыгуусун пайда кылды.

- Азыр эл арасында кооптонгон жагдай жокпу?

- Чочулаган жагдайлар жок, андай белгилер байкалган жок. Тынч бардыгы.

- Рахмат, сизге.

XS
SM
MD
LG