Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:16

Кырсыктын чоо-жайын иликтөөдө жооптон суроо көп


Парламенттеги социал-демократиялык фракция мүчөлөрү бейөкмөт уюмдардын катышуусунда 18-мартта күч кызмат жетекчилеринин Кыргызстандагы кылмыштуулук боюнча маалыматын угуп, абал курчугандан курчуп баратканын белгиледи. Жыйында күч кызматтары азыркы бийлик атаандаштарына ыдык көрсөтүп, куугунтукка алып жатышканы айтылды.

Ушу тапта өзгөчө кооптонууну жараткан 13-марттагы үрөй учурган окуянын чоо-жайы парламенттеги социал-демократиялык фракциянын бейөкмөт уюмдардын катышуусундагы жыйынында да козголду. Депутат Роза Отунбаеванын ырасташынча, жол кырсыгынан өрттөнүп кеткен автоунаанын ичиндегилердин өрт чыкканда козголбой отуруп калгандыгы чоң шектенүүнү туудурат.

- Машинедеги жүргүнчүлөр отурчу жерден үч сөөк табылган. Айдоочунн орду бош экен. Билесизби, бул автоунааны кимдир-бирөө жанагы жерге айдап келгенби, деген шек туудурат. Кыязы, ичиндегилер тирүү эмес окшойт. Себеп дегенде, машине өрттөнүп жатканда былк этпей отурушканы ушундай ойго түртөт.

Өрттөлгөн машине ичинен табылган үч сөөктүн кимдиги аныктала электе ал жөнүндө алдагыдай божомол-жоромолдор айтуу туура эместигин Кыргызстандын Башкы прокурору Элмурза Сатыбалдиев билдирди.

- Жол кырсыгы боюнча мен эч нерсе айта албайм. Себеп дегенде, азыр кандай чындык? Чындык ошол машине өрттөнүп кетти ДТПнын негизинде. Чындык ичинде үч кишинин сөөгү табылды. Чындык ал кишилерди биз бүгүнкү күндө тааныбай жатабыз ким экенин. Чындык 18 экспертиза кылдык. Алардын жыйынтыгы чыккандан кийин гана бир жыйынтыктyy сөздү айтууга болот. Азыр бир көрсөтмө, айыпка кармалган адамдын айтуусу боюнча гана иштеп жатабыз.

Э.Сатыбалдиев өрттөлгөн машинедеги сөөктөр кимдики экенин аныктоо үчүн Москвага ДНК анализге материалдар жакын арада жөнөтүлөрүн, ал үчүн болжолдонгон адамдардын жакындарынын макулдугу керектигин ырастады.

17-мартта парламенттин коргонуу жана коопсуздук комитетинде Алматыдан кайтып келаткан президенттик администрациянын мурдагы жетекчиси Медет Садыркуловду жанындагы кишилери менен бир саатка жакын чек ара өткөрмө пунктунда кармап турушканы кабарланган. Кыргызстандын Ички иштер министри Молдомуса Конгантиев ал маалымат текшерилгенин социал-демократиялык фракциянын отурумунда кабарлады.

- Биз аны кечээ тактадык. Мен И.Гайыпкулов менен сүйлөштүм, ал Казакстанга кетип баратканда болгон иш деп айтты. Саат экиден 20 мүнөт өткөндө. Бул жакка эмес, тиякка кетип баратканда. Ал жерде бир саат эмес, беш мүнөттөй токтолушуптур, айдоочу паспортторду түшүп көрсөтүп чыкканча эле. И.Гайыпкулов кайра чалса чек арадан өтүп кетишкен экен. Кечээ ушундай сөз айтылган, бул жакка келе жатканда 1 саат кармалды делген. Андай болбоптур.

Министрдин алдагыдай кабарына Роза Отунбаева ишенбестигин жашырган жок.

- Мүмкүн, кээ бир кишилер отурган кызматында калгысы келип, мындай маалыматты айтышпайт. Андай кабарды жаап-жашырып коюшат.

Р.Отунбаева кесиптеши И.Өмүркуловдун көз карандысыз тергөө комиссиясын түзүү идеясын колдой тургандыгын ырастады. Анын айтуусунда, көз карандысыз комиссия гана жообунан суроосу көп кылмыштуу иштин аягына чыгышы мүмкүн.

Парламенттин коргонуу жана коопсуздук комитет отурумунда “Акжол” фракциясынын мүчөсү, депутат Галина Куликова президенттик администрациянын мурдагы жетекчиси Медет Садыркуловдун үй-бүлөсүнүн коопсуздугун камсыз кылууну Ички иштер министри Молдомуса Конгантиевден өтүнгөн.

- Алар мына бул кырсыктуу окуя болгонго чейин Медет Садыркуловдун артынан тынбай аңдуу жүргөндүгүн айтышат. Эми андай аңдуу анын үй-бүлөсүнө коюлуптур. Алардын артынан кандайдыр бир машинелер жүрөт, алардын номуру менде. Мен аны жарыя айткым келбейт, кызыктуу кызматтардын кызыктуу номурлары.

Галина Куликова “Акжол” партиясынын жетекчисинин катышуусунда шашылыш жыйын өткөрүү сунушун да кошумчалаган. Андай жыйынды фракция мүчөлөрү чакырыша элек. Күч кызматтары экспертиза жыйынтыгы чыкканча эч нерсе айта албастыгын билдирүү менен чектелишүүдө.

XS
SM
MD
LG