Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2023-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:21

Аптанын маданий окуялары


Кино үйүндө бул жумада Кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары боюнча тартылган тасмалардын жумалыгы башталды.

Жумалык кинематографистердин, маданий ишмерлердин, классиктин чыгармасын сүйүүчүлөрдүн катышуусу менен салтанаттуу ачылды. Иш-чаранын алкагында кино күйөрмандарына “Ак кеме”, “Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт”, “Бороондуу бекет”, “Эрте келген турналар”, “Саманчынын жолу” жана башка ушул сыяктуу фильмдер сунушталууда. Жумалык 12-декабрда жыйынтыкталат.

Ноябрь айында Корея Республикасында “Жибек жол маданиятынын фестивалы” деген аталыштагы Борбордук Азия өлкөлөрүнүн маданий фестивалы өтүп, ага Кыргызстандан атайын чакыруу менен А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын бий коллективи катышып кайткан. Фестивалдын программасына ылайык, улуттук кийимдерди көрсөтүү болуп, анын алкагында тартууланган кыргыздын улуттук кийим-кечелери корей көрөрмандарында зор кызыгууну жараткан.

Новосибирскиде Вера Шевченконун жаркын элесине арналган пианистердин эл аралык сынагы өттү. Анда жаш музыканттарды Москва консерваториясынын профессору, Орусиянын эл артисти Владимир Овчинников башында турган жана Беларус, Кытай, Улуу Британия өлкөлөрүнүн маданий ишмерлеринен турган калыстар тобу сындады. Жалпысынан фестивалга 26 өнөрпоз катышып, конкурстун программасы негизги жана өспүрүмдөрдүн программасы деп экиге бөлүнгөн.

Улуу Новгороддун 1150 жылдыгына арналган “Вече” кинофестивалы Сергей Эйзенштейндин “Александр Невский” аттуу фильми менен ачылды. Фестивалдын программасына негизинен соңку жылдары тартылган тарыхый тасмалар киргизилген.

Москвадагы Тургенев аянтында белгилүү орус окумуштуусу Владимир Шуховдун эстелиги ачылды. Аны айкелчи Салават Шербаков жасаган. Чебердин айтуусунда, айкелди жасоого 5 жыл убакыт кеткен.

Бродвейде атактуу ырчы Мерайя Керинин жашоосу тууралуу мюзикл коюлат. Берилген маалыматка ылайык, жаңы долбоор Бродвейдин мыкты продюсерлеринин биринин колдоосунда ишке ашырылат. Ал эми азыркы күндө мюзиклди тартуу боюнча талкуу жүрүп жатат.

Парижде бул жумада Франциянын борборунун бир көчөсү расмий түрдө “Рю де синема” башкача айтканда “Кино көчөсү” деп алмаштырылаары туураллуу маалымат жарыяланды. Ал эми Лондондо британ көз карандысыз киносунун “Бифа” сыйлыгын тапшыруу аземи болду. Аталган сыйлык 98-жылдан бери 15 номинация боюнча ыйгарылып келет. Амреикалык белгилүү музыкант, «Flaming Lips» тобунун жетекчиси Уэйн Койн кино жаатында да өзүн сынап көрүүнү чечекен. Тактап айтканда ал музыкалык комедия жаратууну көздөп, космоско болгон саякат туурасында фильм жараткан.

Оренбургда бул жумада “Чыгыш жана Батыш”, “Классика менен Авангард” аттуу эл аралык кинофестиваль ачылды. Иш-чаранын негизги максаты батыш менен чыгыштын ортосундагы маданий алаканы чыңдоо болуп эсептелет. Фестивалдын программасына 13 өлкөдөн анимациялык, көркөм жана даректүү тасмалар киргизилген.

12-декбарда Москвада заманбап орус сүрөтчүлөрүнүн биргелешкен көргөзмөсү ачылат. Кирилл Челушкин, Диана Мачулина, Гоша Острецов, Ростан Тавасиев жана башка ушул сыяктуу кыл калем чеберлери эмгектерин көрүүчүлөрдүн сынына коюшат. Уюштуруучулардын айтуусунда, бул көргөзмөдө сүрөтчүлөр көлөмдүү чыгармаларын алып чыгышат.

Азаттыктан угуңуз

XS
SM
MD
LG