Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:40

Өткөн аптанын маданий окуялары


Борбордук Азиянын кол өнөрчүлөрүнүн Бишкекте болгон жарманкеси
Борбордук Азиянын кол өнөрчүлөрүнүн Бишкекте болгон жарманкеси

Бишкекте 17-18-апрель күндөрү Борбордук Азиянын кол өнөрчүлөрүнүн жарманкеси өттү. Кыргыз эл сүрөтчүсү Юристанбек Шыгаевдин Москвада Чыңгыз Айтматовдун жаркын элесине арналган “Көчмөндөр” аттуу жеке көргөзмөсү ачылды.

  • Борбордук Азиянын кол өнөрчүлөрүнүн Бишкекте болгон жарманкесинде чоподон жасалган идиш-табактар, күмүштөн, териден жана таштардан жасалган ювелирдик буюмдар, алтындын буусу менен жалатылган сайма буюмдар, килемдер, кийизден, пахтадан, чыныгы жибектен колдо токулган кийим-кечелер, белекке берчү сувенирлер коюлган. Бул табигый буюмдардын өзгөчөлүгү – химиялык кошундуларсыз чыныгы пахтадан, жибектен, териден, кымбат таштардан жасалгандыгында.
  • Апта башында Кыргыз эл сүрөтчүсү Юристанбек Шыгаевдин Москвада Чыңгыз Айтматовдун жаркын элесине арналган “Көчмөндөр” аттуу жеке көргөзмөсү ачылды. Көргөзмөгө сүрөтчүнүн “Манас” , “Жарылган жүрөк”, “1916-жыл” серияларынан тандалган эмгектери жана кийинки жараткан сүрөттөрү болуп 50 эмгеги коюлган. Шыгаевдин Москвадагы көргөзмөсү эки жумага созулат.
  • 21-апрелде Кыргыз техникалык университетинде беш окуу жайдын окуучулары жана студенттери катышкан “Айтматовдун чыгармачылыгында табиятты коргоо маселеси” деген темада сынак өттү. Сынактын башкы максаты – жаш муунду Айтматовдун чыгармалары аркылуу тарбиялоодо болуп жатат. Сынакты уюштуруучулардын пикиринде кийинки убакта – көпчүлүк жаштардын билим деңгээли төмөндөп, адамдарга, айлана-чөйрөгө, жашоого көз караштары тар, чектелүү болуп кетти. Жеңүүчү жаштарга Айтматовдун китептери тапшырылды.
  • 23-апрель Эл аралык Китеп күнүндө Бишкектеги тарых музейинде Кыргыз мамлекеттик китеп палатасынын 70 жылдыгы да белгиленди. Жыйында бир жылдан бери жүрүп келаткан “Китеп искусствосу” сынагынын жеңүүчүлөрү аталып, айрым китеп адистерине мамлекеттик сыйлыктар ыйгарылды.
  • “Кыргызский эпос” аттуу кыргыз китеби Москвада өткөн КМШ мамлекеттеринин китептеринин V сынагында алдыңкы сыйлыкка жетишсе, “Кыргызское искусство” аттуу китеп Гран-приге татыктуу болду. Ошондой эле Орусияда, Түркияда, Германияда, Иранда, Түркмөнстанда өткөн эл аралык сынактарда да “Кыргыз китеби” жакшы ийгиликтерге ээ болду.
  • Бишкектеги Ольга Мануйлованын үй музейинде чеберлер Роза Даированын жана Фариза Шейшеевалардын “Жазгы кыялдануулар” аттуу прикладдык буюмдарынын көргөзмөсү жүрүп жатат. Негизинен ал буюмдар чийден, кийизден жасалган ар кандай буюмдар.
  • 25-апрелде Бишкекте “Салттык музыканын жумалыгы” башталды. Жумалык улуттук аспаптарда ойногон өнөрпостордун, манасчылардын, дастанчылардын чоң концерти менен ачылды. Ал эми бүгүн болсо манасчы-дастанчылар, акындар өнөрлөрүн тартуулайт. “Салттык музыканын жумалыгы” кийинки аптада да уланат.
  • “Кыргыз туусу” гезитинин пресс борборунда акын жана журналист Жыпар Акунованын “Каректе калган жаз” аттуу поэзиядан, прозадан турган жаңы жыйнагынын бетачары өттү. Акындын ырларында айрыкча өткөөл мезгилдин күңгөй-тескейи поэтикалык сүрөткө алынат. Жыпар Акунованын буга чейин “Шок жылдыз”, “Дил чырак” ыр китептери жарыкка чыккан.
  • 24-апрелде мамлекеттик тарых музейинде интеллектуалдык менчиктин эл аралык жана улуттук күнү белгиленди. Президенттин жарлыгы менен Кыргызпатенттин бир катар кызматкерлери мамлекеттик Ардак грамоталар менен сыйланышты.








XS
SM
MD
LG