Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2023-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:02

Жаңырган аптанын маданий окуялары


Бул аптада Мамлекеттик көркөм сүрөт музейинде сүрөтчүлөр Нарын Турпанов менен Жылкычы Жакыповдун жеке көргөзмөлөрү ачылат. Ал эми Спорт ордосунда белгилүү ырчы-обончу жана аткаруучу Бек Борбиевдин жеке концерти өтөт.

Улуу Ата Мекендик согуштун 65 жылдыгына карата учурда 15-том даярдалууда. Китепте согушка катышы бар бардык кыргызстандыктар тууралу маалымат жазылмакчы.

“Балажан” көркөм борборунда өтүп жаткан балдардын согуш темасына арналган сүрөт эмгектеринин “Ушул даңктуу жеңиш күнү” аттуу сүрөт сынагы сентябрга чейин Кыргызстандын бүт аймактары боюнча жүрмөкчү жана ал сүрөттөр өзүнчө жыйнак болуп чыкмакчы.

15-майда Мамлекеттик көркөм сүрөт музейинде сүрөтчүлөр Нарын Турпанов менен Жылкычы Жакыповдун “Биздин ХХ кылым” деп аталган сүрөт көргөзмөлөрү ачылат. Жылкычы Жакыповдун иштери пос-модерн же болбосо жаңы багыттагы чыгармалар болсо, ал эми Нарын Турпановдун эмгектери реалисттик жанрдагы пейзаждар жана портреттер. Сүрөтчү учурда иштеп жаткан чыгармалары тууралу “Азаттыкка” буларды маалымдады:

- Мен эми жаңы багытта башка жанрлар менен да иштесемби деп жатам. Айрым иштерим деле бар. Бирок аларды азырынча бул көргөзмөмө кошконум жок.

15-16-майда Бишкектеги Спорт ордосунда белгилүү ырчы-аткаруучу жана обончу Бек Борбиевдин жеке концерти өтөт. Ырчы жаңы концерттик программасы тууралу “Азаттыкка” төмөнкүчө токтолду:

- Жаңы концертим мурдагылардан жаңы ырлардын бетачары менен айырмаланат. “Байчечек” жана “Уулум мага окшогон” аттуу жаңы ырларымды ырдап чыгам. Ошондой эле Санжар Бердибеков менен биргеликте юмордук оюндарды да даярдап жатабыз.

Гапар Айтиев атындагы мамлекеттик музейде Шайлоо Жекшенбаевдин “Адам жан дүйнөсү” аттуу фото көргөзмөсү өтүп жатат. Көргөзмөдөгү эмгектерде жеке адамдын, үй-бүлөнүн, коомдун жана мамлекеттин “психикалык саламаттыгын” көз ирмемге алган философиялык ойлор камтылган. Сүрөтчү көргөзмөдөгү фотосүрөттөрүн Бишкектеги “Психикалык саламаттыктын” коомдук бирикмеси менен биргеликте Кыргызстандын аймактарын кыдырып жараткан.

Ольга Мануйлованын музейинде 90 жаштагы сүрөтчү, согуш ардагери Яков Храпковскийдин майдан темасына арналган сүрөт көргөзмөсү өтүп жатат. Карыя сүрөтчүнүн бул көргөзмөсүндө Улуу Ата Мекендик согуштун кайгы-кубанычтары көркөм боекко алынган.

Бишкекте белгилүү кинорежиссер Эрнест Абдыжапаров жаш кинорежиссерлор үчүн чеберчилик окууларын өтүп жатат. Жаш кинорежиссерлор атайын темалар менен 10 мүнөттүк кинотасма тартууга тийиш жана ал тасмалар сабакта талкууга алынат. Чеберчилик окууларын өтүүнүн башкы максаты – кыргыз кинорежиссурасынын жаш өкүлдөрүн өстүрүп чыгаруу.

Бишкектеги Уркуя Салиеванын эстелиги астында белгилүү фотосүрөтчү Владимир Пироговдун ачык асман астында фотосүрөт көргөзмөсү өтүүдө. Ал эмгектердин көбү Камбар-Ата ГЭСинин курулушуна арналган. Аталган көргөзмө көчмө түрдө болуп, жакын арада Жалал-Абадда жана Ошто да ачылмакчы.

Азаттыктан угуңуз

XS
SM
MD
LG