Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:27

Жаңырган жуманын маданий окуялары


15-июндан 20-июнуна чейин Бишкекте кыргыз киносунун апталыгы өтөт.

  • Кино үйүндө апталыктын алкагында шаардыктар жана борбордун меймандары үчүн кыргыз жана орус тилдериндеги фильмдер акысыз көрсөтүлөт. Жумалыктын алкагында кино күйөрмандарына Мелис Убукеевдин “Манас ааламы”, Төлөмүш Океевдин “Бабалардын өрөөнү”, Болот Шамшиевдин “Ак кеме” сыяктуу фильмдери сунушталат.

  • 17-июнда орус драма театрында кайрымдуулук концерти өтөт. Анда Бишкектеги татар диаспорасынын таланттары өнөрлөрүн көрсөтүшөт. Аталган диаспоранын жетекчиси Гулсина Улмаскулова билдиргендей кечеде бир эле татар ырлары эмес, кыргыз, орус жана башка тилдеги ырлар жаңырмакчы.

  • Бул концертке бир эле татар жана башкыр улутундагылар келбейт. Башкача айтканда казак, өзбек, уйгур, корей жана башка улуттун өкүлдөрү катышат. Андыктан өз тилибиздеги эле ыр-бийлерди тартуулабастан, башка улуттардын да чыгармаларынан сунуштайбыз.

  • Бул концерт менен катар эле Абдылас Малдыбаев атындагы улуттук опера жана балет театрында Жапониядан келген “Турна менен ташбака” аттуу музыкалык топтун концерти өтөт. Кеченин программасына ылайык жапон өнөрпоздору көрүүчүлөргө ыр-бийден турган 15 номер тартуулашат. Жапониянын Кыргызстандагы элчилигинин өкүлү Хирокацу Инове мырзанын айтуусунда концертке келген көрүүчүлөр жапондордун музыкалык аспаптары менен таанышып, жапон маданиятынан кабардар болушат.

  • Топтун өнөрпоздору кээ бир музыкаларды “Сямисен” аспабы менен, кээ бир музыканы “тайко” барабанынын жардамында ойношот. Муну менен топтун солистери жапон аспаптарынын көп кырдуулугун көрсөтүшөт.

  • Улуттук опера жана балет театрында аталган концерттен тышкары бул жумада Людвиг Минкустун “Пахита” жана Игорь Морозовдун “Доктор Айболит” балети менен бирге Джузепе Вердинин “Травиата” операсы коюлат. Ал эми Орус драма театрынын артистери Клод Маньенин “Ак чүч” комедиясын, Мырзабек Тойбаевдин “Жоронун жоруктары” спектаклин көрсөтүшөт. Мырзабек Тойбаевдин чыгармасына коюлган аталган спектакли кызыктуу да, күлкүлүү да оюн экенин белгилейт орус драма театрынын жетекчисинин орун басары Елена Смирнова.

  • Улуттук китепканада“Ала-Тоодон ааламга үн салган Айтматов” аттуу көргөзмө өтүүдө. Көргөзмө маркум жазуучунун 1952-жылы басылып чыккан “Гезитчи Дзюйодон тартып, акыркы “Тоолор кулаганда” романынына чейинки чыгармаларын камтыйт. Ошондой эле алган сыйлыктары, дүйнөнүн белгилүү коомдук ишмерлеринин жана көркөм өңөр адамдарынын жазуучу туурасындагы ой-пикирлери чагылдырылат.

  • Борбордогу "Манас" кинотеатрында режисер Назым Меңдибаиров тарткан “Достор” аттуу көркөм тасма көрсөтүлүүдө. Жеке ишкерлердин демөөрчүлүгү менен тартылган бул бул фильмде ата-энеси жок, балдар үйүндө өскөн төрт достун турмушу баяндалат.
XS
SM
MD
LG