Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:58

Бүбүйна Орузбаеванын 85 жылдыгы белгиленет


Эртең 18-декабрда Кыргыз-түрк “Манас” университетинде белгилүү окумуштуу, академик Бүбүйна Орузбаеванын 85 жылдыгына арналган эл аралык илимий конференция өтөт. Жыйынга Казакстандан, Түркиядан жана Америкадан да окумуштуулар катышат.

Филология илимдеринин доктору, академик Бүбүйна Орузбаеванын 85 жылдыгына арналып, “Академик Орузбаева жана Кыргыз тил илиминин орчундуу маселелери” деп аталган эл аралык жыйын Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин “Ата-Манас” салонунда 18-декабрда саат 2де башталат.

Алгач окумуштуу тилчилер АКШдан Ричард Карлсон, Казакстандан Алимжан Жунусбек, Түркиядан Режеп Йүрүмес жана кыргыз окумуштуулары атайын докладдар менен чыгып сүйлөшөт.

Орузбаеванын эң чоң эмгектеринин бири – Кыргыз тилинин грамматикасы. Бул илимде “Сөз жасоо” деген абдан чоң бөлүм бар.

Ал эми академик Бүбүйна Орузбаева өзү болсо аталган жыйында “Кыргыз жазма адабий тилинин нормаларын калыптандыруу маселелерине карата” деп аталган доклад менен чыгып сүйлөйт.

Бүбүйна Орузбаеванын 85 жылдыгына жана илимий өмүр жолунун 63 жылдыгына арналган эл аралык жыйынды уюштуруучулардын бири профессор, филология илимдеринин доктору Лайли Үкүбаева конференциянын өтүшүнө төмөнкүчө токтолду:

- Бул эл аралык конференция ректорубуз Сулайман Кайыповдун жана аталган окуу жайдын түркология факультетинин демилгеси менен ишке ашып жатат. Жыйындын башталышында профессор Сулайман Кайыпов өзү Бүбүйна Орузбаева жөнүндө “Кыргыз тил илиминин патриархы” деген темада баяндама жасайт. Мындан тышкары куттуктоолор болот. Ошондой эле жыйындын жүрүшүндө Бүбүйна Орузбаева тууралуу даректүү тасма көрсөтүлүп, “Бүбүйна Орузбаева жана түркологдор дүйнөсү” аттуу фотокөргөзмөнүн ачылышы болот.

Конференцияда Түркиянын Кыргызстандагы толук ыйгарымдуу элчиси Нежат Акчал, "Түрксой" уюмунун байкоочулар кеңешинин төрагасы академик Кубанычбек Жумалиев, Казакстандан окумуштуу Мырзат Балбаков, коомдук ишмер Ишенбай Абдразаковдор жана башкалар куттуктоо сөздөрү менен чыгып сүйлөшөт.

Бүбүйна Орузбаева “Кыргыз Совет энциклопедиясынын” 8 томдугунун баш редактору болуп саналат.



Бүбүйна Орузбаева Кыргыз терминологиясын изилдөө боюнча зор эмгек сиңирип, бул багытта бир топ илимий эмгектерди жараткан. Бүбүйна Орузбаева ошондой эле “Кыргыз Совет энциклопедиясынын” 8 томдугунун баш редактору болуп саналат.


Конференцияда Бүбүйна Орузбаеванын илимий чыгармачылыгы жөнүндө окумуштуулар Сулайман Кайыпов, Замира Дербишева, Кадыралы Коңкобаев, Бурул Сагынбаевалар сөз сүйлөшмөкчү.

Филология илимдеринин доктору, профессор Кадыралы Коңкобаев Бүбүйна Орузбаеванын илимий чыгармачылыгы боюнча “Азаттыкка” буларды айтты:

- Ошол 63 жылдык илимий-чыгармачылык өмүрүндө Бүбүйна Орузбаева абдан чоң маселелерди козгогон. Орузбаеванын эң чоң эмгектеринин бири – Кыргыз тилинин грамматикасы. Бул илимде “Сөз жасоо” деген абдан чоң бөлүм бар. Кыргыз тилинин грамматикалык түзүлүшүн, ошону жасоонун жолдорун, ыктарын, уңгуларды, ага уланган мүчөлөрдүн маанисин чечмелеп берүүдө - Бүбүйна эжебиз СССР убагындагы түркологиянын эң алдыңкы өкүлдөрүнүн бири катары Кыргыз тилиндеги сөз жасоо маселесин биринчи жолу көтөрүп, абдан бараандуу эмгек жараткан.

Азаттыктан угуңуз

XS
SM
MD
LG