Жумалыктын программасында кино күйөрмандарына Ирандын белгилүү режиссерлору жараткан беш көркөм тасма көрсөтүлөөрү күтүлүүдө. Ал тасмаларда Ирандагы бүгүнкү жашоо, маданияты, каада-салт, үрп-адаты чагылдырылган.
Бул жумалыкка карата Ирандан белгилүү кинорежиссер Шохре Лорестани келди. Кино күйөрмандары алгачкы күнү эле анын “Махмунир” аттуу тасмасына күбө болушту.
Шохре Лорестанинин айтуусунда, бул тасманы тартуудагы негизги кыйынчылык - бул каражат маселеси болгон.
- Кандай гана тасма тартпагын, анын ийгилигин биринчи кезекте каражат чечет. Башкача айтканда, канча көп акча жумшасаң, ошончолук мүмкүнчүлүктөр көп болот. Мен бул тасмамды тартууда демөөрчү табылбай, көп кыйынчылыктарга кабылдым.
Иран Ислам республикасынын Кыргызстандагы элчиси Манучехр Моради бул киножумалык Иран Ислам революциясынын 31 жылдыгына арналган иш-чаралардын бири экендигин айтып, буларга токтолду:
- Эки элдин ортосундагы тарыхый маданий жалпылыктарын эске алсак бул кинолордун күйөрмандары көп болот деп ойлойм. Иран кинорежиссерлору жараткан тасмаларды кыргыз көрөрмандары жакшы кабыл алышат деп үмүттөнөбүз.
Иран кинорежиссерлорунун айтуусунда, жылына эки жүзгө жакын толук метраждуу тасма жана эки миңден ашык кыска метраждуу тасмалар чыгат. Ал кинолордо улуттук идеологияга басым жасашат. Көпчүлүк тасмалары элдин диний көз караштарына, үрп-адат, каада-салттарына, өткөн тарыхына арналган.
"Кыргыз кино күйөрмандары биз алып келген тасмалардан кыргыз эли менен болгон көп окшоштуктарды байкай алышат" дешет иран киноишмерлери. Ал эми кыргыз кино департаментинин жетекчиси Абибила Пазыловдун айтуусунда, алдыда эки өлкөнүн адабий байланыштары боюнча бир даректүү тасма тартылаары күтүлүүдө. Андыктан учурда эки тарап тең каражат маселеси чечүүдө.
Иран кинолорунун жумалыгы 12-февралга чейин созулат. Андан кийин түрк тасмаларынын жумалыгы өтөөрү күтүлүүдө.
"Азаттыктын" архивинен: "Кыргыз керемети": Кечээ, бүгүн, эртең
"Азаттык+" жаштар берүүсүнүн кезектеги чыгарылышы кыргыз киносунун бүгүнкү абалына арналды. Назарыңыздарга ошол берүүгө кирген баянды сунуш кылабыз.