Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:38

ХХI кылымдын манасчысына 1 млн сом байге


Жобого ылайык 1-майдан башталып 15-майда жыйынтыгы чыга турган манасчылардын эл аралык сынагынын эң башкы жеңүүчүсүнө 1 млн сом байге коюлду. Ал эми бүгүнкү күндө аталган сынакты уюштуруу, катыша турган манасчыларды тактоо иштери башталды.

2010-“Мурас” жылынын алкагында “Манас-Мурас” жана “Айтыш” коомдук фонддору “ХХI кылымдын манасчысы” сынагын уюштуруу демилгесин көтөрүп чыкты. Сынакка “Замандаш” ассоциациясы демөөрчүлүк көрсөтөт.

1-майдан 5-майга чейин сынактын тандоо бөлүгү болот. Ал эми тандалып алынган үч манасчынын таймашы Улуттук филармонияда 15-майда өтүүсү белгиленүүдө. “Айтыш” коомдук фондунун төрагасы Шайырбек Абдрахманов “ХХI кылымдын манасчысы” сынагынын жобосуна токтолду:

- Эми сынакка катышкан манасчылар үчилтикти – “Манасты”, “Семетейди” жана “Сейтекти” толук билиши керек. Кайсыл жеринен сураса, ошол жеринен айтып кеткидей болушу керек. Тандоо турунан 5 манасчы тандалып алынат чечүүчү жарышка. Аларга каалаганча “Манас” айтууга мүмкүнчүлүк берилет.”Манасты” бир күндөн айткан манасчыларыбыз чыкса, бул сүйүнөрлүк иш болмок албетте.

Сынак эл аралык сынак болуп жарыяланып жаткандыктан, манасчылык сынакка дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнөн манасчылар катыша алышат. Жаш курактары 16 жаштан жогору болуп, манасчылардын жарышына белгилүү манасчылар Уркаш Мамбеталиев, Сапарбек Касмамбетовдор калыстар катары көзөмөл салышат.

Сынактын башкы максаты албетте бара-келе кыргыз улуттук рухий байлыгын, Манасты даңазалоо:

- Кудайга шүгүр, бизде азыр 50-60 манасчы бар. Биз “Айтышты” түзгөнгө чейин, көбү элибизде үч-төрт эле төкмө акын, манасчы калганы болбосо, ушуну менен бул өнөр бүттү дей башташкан. Манасчылык, төкмөчүлүк кыргыздын кан-жанына, сөөгүнө сиңген өнөр тура. Эми алдыда турган жарышка да 50 дөн ашык манасчы катышпаса, андан кем болбойт.

XS
SM
MD
LG