Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:35

"...Ар чыгармаң кайталанбас, жеке улуу мунара"


Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 80 жылдык мааракеси бүгүн анын сөөгү коюлган “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде белгиленди. Ага катышкандар улуу ойчул менен бүгүн дагы бир ирет коштошкондой болушту.

Жүрөк сыздаткан аза музыкасы менен коштолгон мааракенин башында мамлекет башчы Курманбек Бакиев баштаган бийлик өкүлдөрү, маркум улуу жазуучунун жакын туугандары, кыргыз интеллигенциясынын өкүлдөрү, катардагы карапайым адамдар Чыңгыз Айтматовдун мүрзөсүнө гүлчамбарларды коюп, улуу ойчулду эскеришти.

Залкардын замандашы жана калемдеши, казак-кыргыз эл акыны Мухтар Шаханов кийинчерээк “Азаттыка” айтып кеткендей, жалаң эле кыргыз-казак эли эмес, бүтүндөй түрк калкы Чыңгыздай улуу уулунан бүгүн дагы бир жолу ажырагандай болуп отурат:

- Чыңгыз Айтматов кыргыз-казак элинин гана эмес, түрк элинин гана эмес, бүткүл ааламдын кайталангыс улуу перзенти, рух перзенти. Ошондуктан, Чыңгыз Айтматовдун каза болгону – менин өз ата-энемдин өлүмүнөн кийинки чоң аза.

Жыл башында быйылкы жыл “Айтматов жылы” деп белгиленип, бүгүн, 12-декабрь күнү улуу жазуучунун 80 жылдык мааракеси өзгөчө майрамдалмак эле. Бирок бүгүн бул датага аз убакыт жетпей дүйнө салып кете берген залкардын арбагына багышталып, куран окулду.

Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун атын түбөлүккө калтыруу максатында кечээ мамлекет башчы атайын жардыкка кол койгон. Ага ылайык, Чыңгыз Айтматовдун аты мамлекеттик орус драма театрына, Эмен багына коюлуп, жаштарга ыйгарылуучу өкмөттүк сыйлык жазуучунун атын алып жүрмөкчү.

Бул тууралуу президент Курманбек Бакиев бүгүн Ата-Бейит мемориалдык комплексинде журналисттерге билдирип, Айтматовдун атын өчүрбөө, анын кеменгер чыгармаларын кийинки муундарга жеткирүү жаатында көп иштер жасаларын белгиледи:

- Чыңгыз Айтматовго эң жакшы эстелик – анын ишин улантып, биздин мамлекетибизди, кыргыз элин, маданиятыбызды дүйнөлүк деңгээлге алып чыгуу. Чыңгыз агабыздын жаркын элеси ар дайым эсибизде калат.

Буга чейин Чыңгыз Айтматовдун атын борбор калаадагы райондордун же чоң көчөлөрдүн бирине, жогорку окуу жайлардын бирине, Улуттук китепканага берүү тууралуу сунуштар айтылып келген.

Кыргыздын гана эмес, жамы түрк журтунун уулу катары таанылган Чыңгыздын аты шаардагы кең көчөлөрдүн бирине коюлса жакшы болмок, деген тилегин улуу жазуучунун бир тууган иниси Илгиз Айтматов журналисттерге билдирди:

- Чоң, белгилүү көчөлөрдүн бирине, ири жогорку окуу жайларына, музейлерге же тарыхый объекттерге берүү туура болор эле. Чыңгыз Кыргызстанга гана эмес, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөргө таланты менен, чыгармалары менен таанылган, Кыргызстанды тааныткан залкар экенин эч ким талаша албайт.

Чыңгыз Айтматовдун атын көчөгө гана эмес, маданий-тарыхый борборлорго берүү да аздык кылат. “Чыкемдей талант миң жылда бир гана төрөлөт,” деп эсептейт композитор Муратбек Бегалиев:

-Искусствонун, көркөм өнөрдүн Чыкемдин колу, илеби, чыгармачылыгы тийбеген бир да жанры жок. Кино болобу, театр болобу, музыка жана башка. Ошондуктан, мына ушундай искусствонун бардык түрлөрү бар маданий борборлорго, китепканаларга анын атын берүү керек. Бишкектеги Чүй кең көчөсүнө, керек болсо шаарга Чыңгыз Айтматовдун атын берсек жарашат.

Чыңгыз Айтматовдун өмүрү түбөлүктүү. Ошондуктан, президенттин кечээки жардыгы анын ысмын түбөлүккө калтыруу боюнча жасалып жаткан иштердин башталышы гана, деп билдирди “Азаттыкка” маданият жана маалымат министри Султан Раев:

- Бул – ошол иштин башталышы. Айтматовдун иши түбөлүктүү. Анын атын даңазалоону кыргыз эли мындан ары да уланта беребиз. Бул бүгүнкү күн менен эле бүтүп калбайт.

Заманыбыздын улуу инсаны Чыңгыз Айтматовдун Ата-Бейит мемориалдык комплексиндеги жалаң гүлчамбарларга көмүлгөн мүрзөсүнүн үстүнө анын күмбөзү көтөрүлүп, Бишкектин борборуна эстелиги тургузулмакчы. Бирок кыргыз-казак эл акыны Мухтар Шахановдун ырында айтылгандай Чыңгыз Айтматов өз чыгармалары менен өзүнө өтө бийик, көөнөрбөс эстелик тургузуп кетти:

Сени “өлдү” деп ким айтат, Чыңгыз ага, чын ага.

Ар чыгармаң кайталанбас, жеке улуу мунара.

Жетинчи рух түйшүгүнүн жотосунан жогору от,

Сендей дос жок мен шордууга, сенден жакын ага жок.


Көз жумганың улгайтса да жүрөгүмдүн жарасын,

Тынбай жалгай бересиң сен эл менен элдин арасын.

Экинчи Манассың сен, Манас менен тең даанасың.

Күндө рух менен, сөз менен эмдеп маңкурттардын санаасын,

Жана Эне табигат менен таап мөңгү жарасын,

Эми Ала-Тоодон да зор, Чыңгыз-Тоо болуп каласың.


  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG