Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:44

11 жыл мурунку апааттын армандуу жаңырыгы


Барскоондуктар кенге барчу жолду тосушууда, 2005-жыл.
Барскоондуктар кенге барчу жолду тосушууда, 2005-жыл.

1998-жылы 20-майдагы Барскоон капчыгайындагы кырсыктан жабыркагандар «Кумтөр» алтын кен компаниясын сотко берип, кыйла жылдардан берки моралдык чыгымдарынын ордун толтуруп берүүнү талап кылышууда.

6-майда териштирүү баштала электе Бишкектин Биринчи Май райондук соту “Кумтөр” алтын кен компаниясынын кызыкчылыгын коргогон өкүлүнүн мамлекеттик тилди билбешин эсепке алып, сотту 19-майга жылдырды. Жабыркагандардын кызыкчылыгын коргогон Жети-Өгүз районунун Барскоон айылындагы “Карек” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Эркингүл Иманкожоева 1998-жылкы кырсыкта ууланган 300 ашуун кишинин документтери, медициналык карталары бардыгын ырастап, бирок сотко 29 адам гана кайрылып жатышынын себеп-жөнүн мындайча түшүндүрдү:

- Ал эми цианидден ууланып калган адамдардыкын өзүнчө берип жатабыз.

Цианид уусунан каза болгондордун мураскерлеринин арыздары өзүнчө топтолуп, мурунку соттук доо арыздарга кошулуп берилерин кырсыктан жабыркагандардын укугун коргоп келаткан Аскарбек Өмүралиев да ырастады. Анын айтуусунда, азырынча андай доо-арыздардын саны 6.

- Эки айылдын эли уу жутуп, жерлеринин баары ууга сугарылып, ушуга чейин ооруп, ушуга чейин доолорун алалбай ыйлап-сыктап жүргөнү чын. Анан биз 29 кишинин атынан азырынча доо арызды бердик. Доо арызды эчак эле өндүрүш керек болчу. Жылдар өттү. Анан ошол 29 кишинин ар бирине миллион эле сом дедик. Себеби эларалык стандарт менен караганда ар бирине эле миллион долллардан алып бере турган мүмкүнчүлүктөр бар. Ушунчалык ууга дуушар болушту да. Миллион сом дегенибиз мынакей азыркы бийлик деле кичинекей бир болбогон макала, нерсе үчүн гезиттерден миллион сом өндүрүп жатат. А бул болсо кадимкидей адамдардын өмүрү, көз жашы, өмүрү кыйылган кичинекей балдар, боюнан алдырылгандар - ошолордун баарын миллион сомдон деп бердик.

А.Өмүралиев кырсыктан жапа чеккендер менен алтын кен компаниясынын ортосундагы соттук териштирүү узакка созулушу мүмкүн деген пикирде. Алтын кен компаниясы, кыргыз өкмөтү менен эки жылдан бери эрикпей соттошуп келаткан парламенттин вице-спикери Кубанычбек Исабеков жаңыча шарттагы келишимдерге кол коюлгандан кийин доо арыздарын кайтарып ала тургандыгын билдирди.

- Мен атүгүл өкмөт мүчөлөрүнөн кечирим сурадым. “Силерге да катуу айттым, силерди да сотко бердим эле, эчен жолу ызылдаштым эле. Туура түшүнгүлө, болгон аракетибиз бүгүнкү күндү жаратыш керек эле”, деп.

К.Исабеков “Кумтөр” алтын кенин тартып алуу тууралуу мыйзам долбоорун да кайтарып ала тургандыгын айтып, анткен менен компаниянын Кыргызстан мыйзамдарын так сакташы көзөмөлдө болорун белгиледи. Ал эми Барскоон кырсыгынан жабыркагандар “Кумтөр” алтын кен долбоорунун жаңыча шарттагы келишими Кыргызстандын улуттук кызыкчылыгына кайчы келерин белгилешүүдө.

- Биринчи ошол Башкы келишимди кайрадан карап биз ошол алтындын 50% Кыргызстанга калышын талап кылганбыз. 20 тоннабы, 10 тонна кыргыз элинде калышы керек. Эмне үчүн башка өлкөлөрдүн практикасын карабайт? Башка өлкөлөрдүн келишимдерин карашпайт? Кыргызстанда 13 – 14% алып коюп эле кыйратып койдук дешет. Мен буга макул эмесмин,- дейт Эркингүл Иманкожоева.

“Кумтөр” алтын кен компаниясынын коомчулук менен байланыштар бөлүмүнүн башчысы Сергей Дедюхин соттук териштирүүлөр жаңы башталып жаткандыктан ортодогу талаш тууралуу азырынча пикир айта албастыгын билдирүү менен чектелди.

- Принцибинде компания өзүнө алган милдеттерди аткарып, бардыгын төлөп берген.

1998-жылкы Барскоон кырсыгынан соң өкмөт канадалык компания менен Нью-Йоркто келишим түзүп, кырсыктан жабыркагандарга 91 миллион сом төлөп берүүгө макул болгон. 2005-жылдан кийин бул маселе кайра козголуп, ошол эле өкмөт канадалык компаниядан 4,4 миллион доллар карыз алып кырсыктан жабыркаган төрт айыл элине компенсация төлөп берген.

XS
SM
MD
LG