Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:38

Этти экспорттоо жанданат


Казакстан Кыргызстандан эт алып кирүүгө кайрадан уруксат берери күтүлүүдө. Кыргыз өкмөтү буга жетишүүгө болгон аракетин жумшап жатат.


Коңшулар Кыргызстан этинен эмнеге чочулашат?

Байкоочулардын белгилөөсү боюнча, азыркы эттин баалары эки-үч жыл мурдагы бааларга караганда бир топ арзан. 2006-жылы базардагы кой эти 260-280 сомго чейин чыкканы белгилүү. Баалардын арзандашы Казакстан, Өзбекстан жана Орусия өкмөтүнүн Кыргызстандан эт алып кирүүгө тыюу салышы менен башталган. Буга тоолуу өлкөдөгү малдын шарп оорусу менен жапырт оорушу негизги себеп катары көрсөтүлгөн. Ошондон бери мал эти сыртка чыгарылбай, баалар арзандоодо дешет байкоочулар.

Ошентсе да кыргыз өкмөтү этти экспорттоону кайра жандандыруу үчүн колунан келген аракетин жасап келет. Айыл, суу чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министрлигинин алдындагы мамлекеттик ветеринария департаментинин жетекчиси Байымбет Мураталиевдин билдиргени боюнча, акыркы үч жылда кыргызстандык эт өндүрүүчүлөр чыгаша менен гана иштеп келатышат:

-Ушул тапта өлкөдөгү эпизоотиялык абал жөнгө салынды. 25 айдан бери Кыргызстандагы малдан шарп табылган жок. Учурда Кыргызстандан эт сатып алуудан баш тарткан мамлекеттердин жетекчилери менен этти экспорттоону кайра жандандыруу боюнча сүйлөшүүлөр тышкы иштер министрлиги, элчиликтер тарабынан жүргүзүлүп жатат.

Жакынкы убакыттан бери Казакстан Кыргызстандан эт алып кирүүгө кайрадан уруксат бериши ыктымалдыгы тууралуу маалыматтар айтыла баштады. Казакстандык маалымат каражаттарынын билдиришинче, казак тарап бир шарт менен: Кыргызстандагы эпизоотиялык абал менен өздөрү таанышкан соң гана эт өткөрүүгө уруксат берилерин билдирүүдө. Казакстандын айыл чарба инспекциясынын жетекчиси Серик Сулейменовдун журналисттерге билдиргени боюнча, алар Кыргызстандагы төрт: Нарын, Талас, Ысык-Көл жана Чүй облустарындагы эпизоотиялык абалды иликтөөгө алышмакчы. Эгерде бул аймактардагы малдан шарп же дагы башка ылаңдар чыкпаса, этке чек ара ачылат. Бул боюнча кыргыз тарап менен атайын түзүлгөн келишим бардыгын билдирет казакстандык жетекчи.
Казакстан Кыргызстандагы эпизоотиялык абалды өзү иликтөө шартын коюуда

Бул арада кыргызстандагы мамлекеттик ветеринария департаменти өлкөдөгү эпизоотиялык абал акыркы эки жылдан бери турукташкандыгын билдирүүдө. Мамлекеттик ветеринария департаменти талап кылынган 100дөн ашуун суроо боюнча Кыргызстандагы малды иликтөөдөн өткөрүп, жыйынтыгын Казакстан, Орусия жана Өзбекстан өкмөтүнө жиберген. Ушул тапта кыргыз тарап сентябрь айынын аягында, октябрь айынын башында Казакстанга эт экспорттоону кайра баштайбыз, деп үмүттөнүп турган мезгили.

Айыл, суу чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министрлигинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда 5 млн.дон ашуун кой-эчки, 1,5 млн.го жакын бодо мал, 40 миңден ашуун чочко багылат. Ай сайын 27,6 миң тонна эт өндүрүлөт. Мынча өлчөмдөгү эттен 200 тоннадан ашууну ай сайын коңшулаш Казакстанга экспорттолушу күтүлүүдө. Мындан тышкары коңшулаш Кытайдан да оңой эмес өлчөмдөгү эт Кыргызстандын базарына алып кирилери маалымдалууда. Казакстандын эт алып кирүүгө тыюу салуусунун дагы бир себеби – кытай этинин Кыргызстан аркылуу реэкспорт болуу коркунучу. Бул тууралуу өзүнчө сөз болмокчу.

Ошто мал арзан, эт кымбат

Былтыркыга салыштырмалуу Кыргызстандын түштүк баш калаасында эт азыктарынын баасы ылдыйлаганы менен, малдын наркы көтөрүлдү. Соодагерлер кардарлар продукциянын сапатына карабастан, арзандыгына ык коюп жатышкандыгын белгилешүүдө. Ал эми бийлик өкүлдөрү жакын арада азык-түлүк наркы ашпастыгын убада кылууда.

Элдин даттануусуна ылайык, Ош шаардык антимонополдук комитет бодо малдын жана жандыктын этинин наркын быйыл жайда жыйырма сомго арзандатты. Ошондон бери нарк аша элек. Эт саткандар болсо быйыл мал чукул кымбаттагандыгын айтышууда.

- Мал эти 150 сом, кой эти 170 сом. Албетте, мурдагыга караганда жакшы болуп калды. Эл да жакшы ала баштады. Анткени мурда эт кымбат мезгилинде эл көп ала албай калды. Бирок малдын баасы да көтөрүлүп атпайбы. Былтыркыдай кымбат эмес, бирок ошентсе да эттин баасын арзандатып салышты, -деген ою менен бөлүштү Жаңыбай аттуу касапчы.

Базардагы элдин пикири ар түрдүү. Баанын арзандыгына чынында сатуучулар деле, алуучулар деле кубанып турушат. Акматаалы аттуу сатуучунун айтуусунда, эт үчүн малды Алай, Ноокат жана башка райондордон алып келишет:

- Кудайга шүгүр, азыр жеңил жүк ташуучу машиналар бар, алардын кой-мал ташып апкелип бергени да арзан. Жаман эмес, жакшы эле иштеп атабыз.

Базарда эт сатып алуу үчүн келген пенсионер Анаргүл апанын пикири да соодагерлердикине үндөш:

- Азыркы учурга караганда баалар жакшы эле, буларды да түшүнүү керек, тиричилик деп жүрүшөт. Бирок пенсионерлерге, иши жокторго баары бир оорураак. Мындай катмардагы адамдар үчүн арзан баадагы азык-түлүк дүкөндөрү болсо жакшы болмок, кана эми?

Анткени менен Ош шаарынын чекесиндеги Фуркат мал базарынын жетекчилиги «Азаттыкка» маалымдаганы боюнча кой-эчки салмагына жараша бир жарым миң сомдон беш миң сомго чейин сатылууда. Уйдун наркы он беш миңден жыйырма беш миң сомго чейин. Ал эми жылкы мурдагыдай соодаланбай калды. Анткени бардыгы өлкөнүн түндүгүнө, андан ары Казакстанга ташылууда. Ошентсе да, аш-той өткөргөндөр жылкыны кырк-элүү миң сомго балаашып, сойгон учурлар бар.

Ал эми Ош шаардык антимонополдук комитеттин жетекчиси Арзыбек Жунусовдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча, жакын арада азык-түлүктөрдүн, анын ичинде эттин наркы көтөрүлбөйт.

Мал киндиктүү Нарында мал аз союлат

Учурда мал киндиктүү Теңир-Тоо жергесинин дыйкан-фермерлери жайлоолордо семирген малдарын кызуу соода сатык кылып турган чактары. Эт сатуучулар быйыл мал эттери өткөн жылдан арзан болгондугун айтышса, бир катар алармандар малдын тирүүлөй баасы арзан болгону менен, эт кымбат болгондугун белгилешүүдө. Нарын шаарындагы борбордук базардын эт сатуучу жайында алармандар аз. Ал эми жылкынын, топоздун эттери жок болуп чыкты.
Нарында мал аз союлуп жатат

Базарда уйдун эти 160 сом, ич-эттери 150 сомдун айланасында. Сатуучулардын бири Турдубүбү аттуу келиндин айтуусунда, күзгө жуук мал да, эт да арзан болот. Жылкынын эти болсо кеч күздө чыгат, топоздун эти кышында болот.

«Абдырай-Ата» базарында болсо мал соючу жай бар. Анда эмгектенген Жылдыздын айтымында орточо бир күндө 6-7 гана майда жандык союлууда:

- Аз болгондо күнүнө 2-3 мал союлат, көп болгондо деле онго жетпейт. Кой-эчкини 60 сомдон, малды 300 сомдон соебуз, ич-эттерин өзүбүз артабыз.

Бишкектеги баалар

Бишкектеги Ош базарында 1 кг. уй эти 160-170 сомдон, 1 кг. кой эти 180-200 сомдон, Аламүдүн, Орто-Сай базарында мындан бир аз кымбатыраак. Шаардын чет жакасындагы Чүй облусуна караштуу базарлардан болсо 1 кг. кой этин 165 сомго чейин алууга болот. Ал эми дүкөндөрдө баалар дээрлик 40-50% кымбат. “Народный” деп аталган соода тармагынын дүкөндөрүндө койдун сулп эти 250-260 сомдон сатылат. Бул Бишкектеги айрым азык-түлүк базарларындагы жана дүкөндөрдөгү сатылып жаткан эттин баасы.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG