Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:58

ЭВК: Кыргызстандын ички дүң өнүмү 3,5% азаят


Апрель, июнь окуялары өлкөнү олуттуу чыгымдарга кириптер кылды.
Апрель, июнь окуялары өлкөнү олуттуу чыгымдарга кириптер кылды.

Эл аралык валюта корунун божомолунда, Кыргызстандын ички дүң өнүмү жыл соңуна чейин 3,5% азаят.

Бул негизинен апрель, июнь окуялары менен байланыштуу. Ал эми 2011-жылы өлкөнүн экономикасында 7% чейин өсүш болот деп болжолдонууда. Булар Эл аралык валюту корунун Кавказ жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн экономикалык өсүшүн иликтеген баянда көрсөтүлөт. Аталган уюмдун Кыргызстан менен мындан аркы кызматташуусу жаңы өкмөткө байланыштуу болот.

Бейстабилдүүлүк экономиканы белге тепти

Эл аралык валюту корунун туруктуу өкүлү Коба Гвенатадзенин айтымында, быйыл жалпы Борбор Азия боюнча экономикалык өсүш байкалууда. Айрыкча нефти жана газ сатуучу өлкөлөрдө жогору болот. Бирок Кыргызстандагы апрель, июнь окуялары өлкөгө экономикалык жактан терс таасирин тийгизип койду. Буудайдын дүйнөлүк рынокто баасы кескин көтөрүлүп кетиши да Борбор Азия өлкөлөрүнүнүн айрымдарында азык-түлүк баасынын өсүшүнө алып келүүдө.

Коба Гвенатадзенин айтымында, Кыргызстанда апрель, июнь айларынан кийинки бейстабилдүүлүктүн айынан чек аралар жабылып, соода тармагы басаңдап, банк системасы жабыркады. Июндагы кагылыштан кийинки жабыркаган шаарларды калыбына келтирүүгө жана коопсузукка көп каражат жумшалды. Ошентип Кыргызстандын бюджеттик жетишсиздиги ички дүң продукциянын 12% түзүп калды.

- Дүйнөлүк каатчылыктан кийин 2010-жылдын биринчи кварталында Кыргызстан экономикасында ишенимдүү өсүш байкалган. Бирок соңку окуялардан кийин Кыргызстандын ички дүң продукциясы жыл соңуна чейин 3,5% азаят деп болжолдонууда. Бул жерде айыл чарба жана соода тармагы көбүрөөк жабыркады десек болот. Ошонун айынан экономиканын өсүшүнө терс таасирин тийгизип койду. Ал эми позитивдүү жагы, алтын өндүрүү, иштетүү тармагы болду. Өндүрүш кыскарган жок. Туризм тармагы бул жайда абдан жабыркады десек болот. Анын айынан Кыргызстан ири өлчөмдөгү каражатты албай калды.

Ошого карабай, - дейт Коба Гвенатадзе, - 2011-жылы Кыргызстандын экономикасында 7% чейин өсүш болот деп болжолдонууда. Ошол эле учурда Кавказ жана Борбор Азия өлкөлөрүндө экономика деңгээли дүйнөлүк каатчылыкка чейинки абалдан төмөн бойдон калууда.

Акча которуу көлөмү өсөт

Ал эми Кыргызстанда импорт көлөмү өсүүдө. Бул негизинен Ош жана Жалал-Абадды калыбына келтирүү иштери менен байланыштуу. Ошол эле учурда Эл аралык валюта корунун эсебинде Кыргызстанга сырттан акча которуулардын көлөмү көбөйөт деп күтүлүүдө. Ушул жылдын тогуз айындагы жыйынтык боюнча акча которуунун көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу 22 пайызга өскөн. Бул негизинен Казакстан менен Орусиянын экономикасынын дүйнөлүк каатчылыктан соң калыбына келгенин түшүндүрөт. Мурдараак чет өлкөдө иштеген эмгек мигранттардын которгон акчасы бир топ кыскарып кеткени айтылган.

Ал эми Президенттик администрациянын экономикалык бөлүмүнүн башчысы Болот Токтобаев Кыргызстандын ички дүң продукциясынын азаюсу жыл соңуна чейин 3,5% эмес, 1,5% түзөөрүн “Азатыкка” белгиледи.

- Экономиканы жөнгө салуу министрлигинин божомолу боюнча ички дүң продукция жыл аягына чейин 1,5 пайызга кыскарат. Ал эми инфиляция 17-18% болот. Б.Токтобаевдин айтымында, бул өсүштөр Орусиянын буудайга экспортту токтотуп койгону жана дүйнөлүк тенденцияга байланыштуу болууда.

Эла арлык валюту корунун туруктуу өкүлү Коба Гвенатадзе Кыргызстанда инфиляция 7 пайыздан жогору болорун белгилөөдө. Анткен менен жергилктүү экономист Айылчы Сарыбаев Кыргызстанда инфиляция 20% ашуун деп эсептейт. Бул кийинки жылдын экинчи жарымына барып калыбына келиши ыктымал.

- Кыргызстанда азыр так статистикалык маалымат жок. Азыркы айтылып жаткан сандар божомолдуу гана айтылып жатат. Ички дүң продукция өстү же өскөн жок деп айтуу талаш маселе. Себеби бизде реалдуу тармак жок. Соода тармагында, банк системасында үзгүлтүк болду. Насыя берүүнүн көлөмү азая түштү. Калган бардык тармактар дээрлик иштеп атат. Эмдиги жылы кайра жол куруу, курулуш иштеринин, бизнес борборлорду калыбына келтирүүнүн эсебинен ички дүң продукциянын көлөмү эки эсе өсүшү күтүлүүдө. Ал эми продуктулар Кыргызстанга 40-50 пайызга өстү. Анын эсебинен инфляция 20-30% жетти.

Эл аралык валюта кору жаңы өкмөтү күтүүдө

Кыргызстандын башкы донор кызматташ уюму катары Эл аралык валюта корунун мындан аркы кызматташуусу жаңы окмотко байланыштуу болууда. Учурда кызматташуу программасын талкуулоо үчүна талган уюм дал ушул жаңы өкмөттүн куралышын күтүүдө.

- Эгер Кыргызстан өкмөтү биздин программа менен иштөөнү кааласа биз жаңы өкмөт менен иштешүүгө, прогрмаманы талкуулоого даярбыз. Эмнеге дегенде жаңы өкмөт бул программа өлкөнүн өнүгүшү үчүн жагымдуу жагдайларды алып келет деп сөз бериши керек, - дейт кордун туруктуу өкүлү Коба Гвенатадзе

Эл аралык валюта кору жана башка донор уюмдардын Кыргызстанга берчү жардамынын көлөмү, суммасы жаңы өкмөт менен сүйлөшүлөт. Берилчү каражаттын өлчөмүн азыр айтуу кыйын дейт уюмдун өкүлү. Кантсе да анын жарымы насыя, жарымы грант түрүндө болушу ыктымал. Ошентип жаңы өкмөттү түзүүчү коалиция да азырынча куралбай турат. Ошол себептүү ушундай сүйлөшүүлөр улам артка жылууда.

XS
SM
MD
LG