Өткөн жылы өлкөнүн ички дүң продуктунун көлөмү кеминде 8% көбөйөрү, инфляция деңгээли ашып барса 12% тегерегинде болору болжолдонгон. Быйылкы экономикалык өнүгүш болжолдон кыйла аз, инфляция деңгээли бийик болору эмитен эле билинип калды.
Парламент депутаты, социал-демократиялык фракциянын өкүлү Иса Өмүркулов эмнеликтен эмдиги жылдын бюджетинин киреше бөлүгү анчалык көбөйө албагандыгына кызыкты. Өткөн жылы мамлекеттик программадагы инвестицияны кошкондо бюджеттин киреше бөлүгү 39 ашуун миллиард сомду түзсө быйылкысы андан анча деле айырмаланбайт.
- Быйылкы жылы 40 эле миллиард. Эмне үчүн көбөйгөн эмес?
Мындай суроого Кыргызстандын каржы министри Тажикан Калимбетова быйылкы экономикалык кризис шаштыны алып койгонун айтып, эмдиги жылы ички дүң продукт көлөмү 6% жетип берсе дурус болорун кошумчалады:
- Экинчиден жаңы Салык кодексин кабыл алдык. Анын негизинде кошумча нарк салыгынан түшчү салыктын өлчөмү 20 пайыздан 12 пайызга чейин азаят. Анын эсебинде 4,1 миллиард сом акча салыктан түшпөй калат.
И.Өмүркулов ушу тапта облус менен район башкаруучуларын кармоого бюджеттен 1,5 миллиардга жакын сом сарпталып жатканын, экономикалык кризис шартында Кыргызстан бюджети үчүн бул кыйла эле оорго түшөрүн белгиледи. Андай артыкбаш мамлекеттик чыгымдардын биртобун парламенттик угууда “Ачык бюджет” алянсынын каржылык эксперти Рита Карасартова да санап өттү.
- Ал эми ири темир жол жана башка ишканалар мурда эле менчиктештирилип кеткен. Бюджетке алардан бир тыйын түшпөйт. Дагы бир ведомстук бар. Мамлекеттик мүлк фонду. Бизде азыр сатыла турган деле мамлекеттик мүлк калган жок. Калганын сатпаш деле керек. Бала-чакага да бир нерсе калсын. Маммүлк фондуна 2009-жылга 121 миллион сом бюджеттен бөлүнгөн. Ал өзү 27 миллион сом иштеп тапкан.
Р.Карасартова мамлекеттик башкарууга социалдык тармакка бөлүнчү акчадан кем калбаган каражат сарпталынып жатканын кошумчалады. Парламенттик угууда бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн кыйласы аткаминерлердин чөнтөгүнө түшүп жатканы арбын айтылды.
Улуттук банктын мурдагы төрагасы Улан Сарбанов эмдиги жыл бюджетинде белгиленген макроэкономикалык көрсөткүчтөр кыйла эле күмөндүү экенине токтолду.
- Менимче, реалдуу ички дүң продукт менен инфляция деңгээли кыйла көтөрүңкү көрсөтүлүп калгандай. Таблицада көрсөтүлгөндөгүдөн ИДП көлөмү 1 – 0,5% төмөн болушу мүмкүн. Ошого жараша белгиленген инфляция деңгээли да башкача болот. Көтөрүңкү сандарды бюджеттин киреше бөлүгүнө жазып коюу жакшы натыйжага деле алып келбейт. Ошондуктан буга кыйла олуттуу же болбосо пессимисттик эле мамиле жасаган оң.
Кыргызстандын каржы министри Тажикан Калимбетова эмдиги жыл бюджети деле социалдык багытты көздөөрүн, анткен менен реалдуу сектордун өнүгүшүнө бул ирет 4 миллиард ашуун сом бөлүнүп жатканын, өлкөнүн тышкы карыздарын жабышка 1,5 миллиардга жакын сом сарпталынарын маалымдады. Реалдуу секторго бөлүнчү акчанын тең жарымына жакыны “Камбарата – 1- 2” ГЭСтеринин курулушуна жумшалмакчы.