Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:29

Арасат Азия Универсал банктын айланасындагы оюндар


Акча азгырык
Акча азгырык

12-октябрда Бишкек райондор ортолук экономикалык соту ушул жылдын 16-августундагы чечимин жокко чыгарып, Азия Универсал банкын кудуретсиз деп табуу, ошондой эле «Кыргызөнөржайкурулуш» банкынын мурдагы акционерлеринин өтүнүчүн четке каккан чечимин чыгарды.

Убактылуу өкмөттүн Азия универсал банкын улутташтыруу жөнүндөгү токтому чыккандан кийин өлкөдөгү эң ири банкты экиге бөлүү аракети жүрүүдө.

Cот билеби же өкмөт билеби?

Азия Универсал банкын улутташтыруу жөнүндөгү өкмөт токтому чыккандан кийин “Кыргызөнөржай курулуш” банкынын мурдагы акционерлеринин үлүшүн бөлүп берүү маселеси кайрадан талашка түшүп, ал ушу кезге чейин так чечилбей келатат. Азия Универсал банкын улутташтыруу демилгесин көтөрүп чыккан Убактылуу өкмөт мүчөсү, вице-премьер-министр Азимбек Бекназаров маселенин бир жаңсыл чечилбей жатышынын тамыры тереңде экенин белгилеп, ири каржылык мекемени таасирдүү колдон чыгарбоонун болгон айла-амалы ушу тапта деле жасалып жатканын маалымдайт.

- Мурда “Кыргызөнөржайкурулуш банк”, “Кыргыз кредит банк”, “Ысык-Көл инвестбанк” – ушулардын эсебинен Азия Универсал банкты түптөндүрүшкөн. Булардын ою боюнча, муну мамлекетке өткөргөндөн кийин деле кайрадан бөлүп-жаруу менен мурдагыдай эле бир банк, түбү келип ошол эле адамдарга бара турган банк кылалы, деген саясатты улантып жатышат. Биздин Улуттук банкта отургандар ошо заказды аткарышууда.

Жакшы банк – жаман банк

Азия Универсал банкынын ушу таптагы утурумдук жетекчиси Гүлзара Өмүрзакова бул каржылык мекеме мамлекет карамагына өткөнүн, ушу тапта консервация режиминде турганын маалымдады. Ал эми анын эсебинен “Кыргызөнөржайкурулуш” банкынын мурдагы акционерлеринин үлүшүн бөлүп берүү маселеси сот тарабынан четке кагылган. Банктын утурумдук жетекчилиги болсо банкты экиге бөлүү аракетин көрүшүүдө.

- Эки банк деген себебибиз сапаттуу активдер менен сапаттуу милдеттер бүгүнкү күндө жаңы мамлекеттик банкка бөлүнүп берилет. Активдерден башка да милдеттердин арасында Соцфонддун дагы башка мамлекеттик мекемелердин акчалары милдеттенмелеринде көп. Ошол себептен сапаттуу активдер менен сапаттуу милдеттер жаңы мамлекеттик банкка өтүүгө тийиш. Начар активдер менен начар милдеттер Азия Универсал банкта эле калышы керек. Булар баягы банкроттукка алынып келинет.

Улуттук банктын төрага орунбасары Сүйөркул Абдыбалы тегин апрель окуяларынан кийин республикадагы системалуу каржылык мекеме катарында турган Азия Универсал банкын сактап калуунун аргасы катары ага 3 миллиард сомдук кыска мөөнөттөгү кредит берүү демилгеси көтөрүлгөнүн ырастап, банктын биротоло жок болуп кетишинен сакташ үчүн бир топ аракеттер жасалып жатканын мындан бир ай илгери эле билдирген.

- Ойлонулган нерселер ишке ашкан жок. Азыр биз соттун чечими менен консервацияны кайра киргиздик. Биз атайын сотко кайрылган элек. Атайын администрлөөнү баштап, банкроттукту баштап, ошонун негизинде реструктуризация жүргүзөлү дегенбиз. Анын негизинде жакшы банк, жаман банк түзүлөт. Жакшы банкка өкмөт жардам бермек. Ошол банкты биз да колдомокпуз.

Бирок да Азия Универсал банкына мамлекет тарабынан андай колдоо көрсөтүлгөн жок. Кыска мөөнөт карыз акча берүү маселеси Кыргызстан кабылган экономикалык кыйынчылык шартында чечилбей калды. Эми ошондон жалгы арга - банкты экиге бөлүү аракети башталууда. Мындай шартта “Кыргызөнөржайкурулуш” банкынын мурдагы акционерлеринин үлүшүн бөлүп берүү жөнүндөгү сот чечими Убактылуу өкмөттүн улутташтыруу жөнүндөгү токтому алдында четке чыгып кала берди. Мурдагы акционерлердин атын атагысы келбеген өкүлү бул иш Убактылуу өкмөттүн таасирдүү мүчөлөрүнүн кийлигишүүсү менен жасалганын ырастайт. Ал эми вице-премьер-министр Азимбек Бекназаров болсо ири банктын айланасындагы оюндардын улантылышына жалаң өкмөт эмес, башка күчтөр деле кызыкдар деген пикирде.

- Бул маселени башка адамдар, менден башка ошол тармакка кураторлук кылган өкмөт мүчөлөрү тейлегендиктен биз ошолордун пикирине көбүрөөк макул болгонбуз. Тоскоол болуп аткандар бул тарапта абдан көп.

Мамлекет ээлигине өткөрүлгөн банкты экиге бөлүп, анын бирөөн банкротко багыттап, экинчисин баштагы калыбында калтырууга жалаң Убактылуу өкмөт эмес, ушу тапта чет жерде жүрүп деле оңой эмес акчаларды айланткан таасирдүү күчтөр кызыкдар экени маалымдалууда. Азия Универсал банктын мурдагы кожоюну М.Наделдин дүйнө-мүлкүн коргоп, сотко кайрыла тургандыгын жарыя кылган жайы бар эле, азырынча андан андай шек-шыбаа билине элек. Ал ортодо Башкы прокуратура мурдагы бийлик башчыларына тиешелүү делген акчалардын чыгарылып кетишине жол берген кызмат адамдарына каршы кылмыш ишин козгоду.

XS
SM
MD
LG