Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:30

«Кумтөр» алтын кен компаниясы дагы сотко кайрылууда


17-ноябрда Бишкектин райондор ортолук экономикалык соту «Кумтөр» алтын кен компаниясы 2002-жылдан 2008-жылга чейин 94 миллион 177 миң сом жер салыгын төлөш керектигин ырастаган чечимин чыгарды.

Алтын кен компаниясы ушул жылдын 13-мартында салык кызматынын 94 миллион ашуун сом жер салыгын төлөп коюу тууралуу билдирүүсүн жокко чыгаруу өтүнүчүн экономикалык сотко жолдогон.

Алтын кен компаниясы ээлеген 10 миң 70 гектир жерге жайыт катары буга чейин 7 миң доллар салык төлөгөн. Алтын кен компаниясы мурунку жайыт жерди өнөржай ишканасы үчүн пайдаланып жаткандыгы үчүн тийиштүү жер салыгын төлөшү керектигин буга чейин Ысык-Көл райондор ортолук экономикалык, ошондой эле облустук соту да ырастаган. Кумтөр алтын кен компаниясы Бишкектин райондор ортолук экономикалык сотунун чечимин жокко чыгаруу өтүнүчү менен өйдөтө турган сотко кайрыла тургандыктарын компаниянын коомчулук менен байланыштар бөлүмүнүн башчысы Сергей Дедюхин бышыктады.

- Сотко доо-арыз менен кайрылган соң биз салык инспекциясынын талабын туура эмес деп эсептейбиз.

Компаниядан төлөтүп алынчу жер салык маселеси азырынча так эместигин Кыргызстан тоокенчилер ассоциациясынын жетекчиси Орозбек Дүйшеев да ырастады.


-“Кумтөрлүктөр” жер салыгын убагында мурунку мыйзам боюнча төлөп турушкан. Анан кийин тигилер коэффициент кошо коюшкан. Ал коэффициентти тигилерге “силердики мынча көбөйдү” деп айтышкан эмес. Ошондуктан бул чатак. Экинчиден мындай коэффициентти кошууга акыңар жок болчу деп, Юстиция министрлигинен жакында кат келди деп жатышкан.

2003-жылдын соңунда “Кумтөр” алтын кен долбоору өзгөртүлүп, кыргыз өкмөтү жаңыдан түзүлүп жаткан “Центерра Голд” компаниясынын акционерлеринин бирөө болуп 33% акция менен кирүүгө макулдугун берген. Ал акциялардын да жарымы 86 миллион долларга сатылып, ушу кезде кыргыз өкмөтүнүн колунда 16% гана акциясы бар.

А кездеги өкмөт башчы Николай Танаевдин парламент макулдугун албай долбоорду өзгөртүүгө акысы жоктугун айтып, парламенттин вице-спикери Кубанычбек Исабеков ушул жылдын башында кыргыз өкмөтүн ошол эле Бишкектин райондор ортолук экономикалык сотуна берип, 2003-жылдын 31-декабрындагы “Кумтөр” алтын кен долбоорун өзгөртүү тууралуу токтомун жокко чыгарууну өтүнгөн. Жарым жыл ашуун созулган соттук териштирүүнүн жыйынтыгында Бишкектин райондор ортолук экономикалык соту К.Исабековдун доо-арызын четке каккан. К.Исабеков “Кумтөр” алтын кен компаниясынын 2005-жылы салыктарды кантип төлөгөндүгүн текшерүү кезинде салыктан жашырылган акча чыкканын айтып келатат.

- 277 миллион салыктан жашырылган акча чыккан. А 2006 менен 2007-жылды эмне үчүн азыр текшертпей жатышат? Текшерүү кирип жаткан. Текшерүүнү токтотуп коюшту. Бул дагы мага түшүнүксүз.

2005-жылдан бери “Кумтөр” алтын кен долбоорун кайрадан карап чыгуу боюнча Кыргызстан өкмөтү төрт ирет комиссия түздү. Биринчи комиссияны а кездеги 1-вице-премьер-министр Данияр Үсөнов, экинчи комиссияны Экономикалык өнүгүү жана соода министри Акылбек Жапаров жетектеген. А.Жапаровдун комиссиясы жетишкен келишимдер мурунку-кийинки парламенттен колдоо таппай, үчүнчү комиссияны Өнөржай, энергетика, отун-суу ресурстары министри Сапарбек Балкыбеков жетектеген. Ушу тапта төртүнчү комиссиянын жетекчиси өкмөттүн аппарат башчысы Мурат Исмаилов канадалыктарга жөнөткөн сунуштарынын жообун күтүп олтурат.

- Алдын-ала бир нерсе айтышты каалабай турам. Анткени акциялардын баасын билесиз да. 1 доллардын тегерегинде го. Буга кошумча каржылык кризис бардык картаны аралаштырып салды.

А.Атамбаевдин өкмөтү жетишилген келишимдердин парламенттен өтпөй калышынан улам Кыргызстан бюджети быйылкы жылы эле төлөмдөрдөн 400 миллион сом ала албай калганы маалымдалууда. Жаңы келишимдерге качан кол коюлары белгисиз.

XS
SM
MD
LG