Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:36

Билим казынасы эмнеге бөксөрүп жатат?


Жаштардын “Азаттык плюс” сыналгы берүүсүндө Кыргызстандагы билим берүүнүн оош-кыйыш маселелери талкууланды.

Билим берүү: саны бар, сапаты кандай?
please wait

No media source currently available

0:00 0:11:49 0:00


Телекөрүүчүлөрдүн ой-пикирлери:

Жоомарт: - Кыргызстанда билимдин деңгээли жылдан жылга төмөндөп баратат. Анын бир себеби тажрыйбалуу мугалимдердин мектептерде азайып баратканы. Жакшы окутуучулар айлык-акынын аздыгынан кесибин таштап башка ишке өтүүдө. Көпчүлүк мектептерде университетти жаңы эле аяктаган улан-кыздар сабак берүүдө. Биз 10-11-класста окуп жаткан маалда жаш практиканттар келишип сабакты жакшы өтүшкөн эмес. Башталгыч класстарда билим берүү жаман эмес, бирок жогорку класстарды окутуу иши жакшы жүрбөй жатканы баарыбызга маалым.

Зарина: - Мектепте билим алуу окутуучуларга жараша болот. Мугалимдердин милдети өзүндө бар нерсени окуучуларга жеткирүү. Эгер мугалимдердин билими төмөн болсо демек, окуучулардыкы андан ашып түшпөйт. Ошол эле маалда мектептерде рэкетчилик күчөп кетти. Бул көрүнүш балдарда гана кездешпестен кыздар арасында да күчөп бартат. Ошондуктан орто мектептерде билим менен кошо тарбия ишин дагы алдыга жылдыруу зарыл. Мага “Азаттык+” программасына келген коноктор жагат. Ошондой эле жаштар менен орто муундагы адамдарды байланыштырып турган көпүрө ролун аткарат десем болот.

Акмөөр: - Албетте, ар бир өлкөнүн билим системасы ар башка тепкичте турат. Кыргызстанда билим тармагынын кемчилиги жана көзгө көрүнүктүү багыттары бар. Алсак жалпы республикалык тестирлөө карапайым калкка пайдасын алып келүүдө. Ал эми каржылоо жагы жакшы чечилбей келет. Мугалимдердин маянасы, китептин жетишсиздиги, билим берүүнүн сапатынын төмөндүгү бул тармакты артка тартып жаткансыйт. Ал эми “Азаттык+” программасы тууралу айтсам, анда кызыктуу ойлор талкууланып, жаштарды активдүүлүкө үндөгөн маектер коштолгону менен кызыктуу. Алдыда тарых барактарын камтыган, жащтарды кызыктырган темалар эфирге чыгат деп үмүттөнөбүз.
XS
SM
MD
LG