Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:37

Кыргызстандык мугалим Франциянын ордени менен сыйланды


Француз тил мугалими баткендик Исламидин Азимов эл агартуу тармагына кошкон салмактуу салымы үчүн Франция академиясынын ордени менен сыйланды. Баткен облусундагы Халмион айылындагы Токтогул атындагы мектепте 40 жылдан ашуун убакыттан бери иштеген мугалимди сыйлоо аземи бүгүн Бишкекте кино үйүндө өттү. "Азаттык" сый-урматка ээ болгон элеттик педагогду кепке тартты.

- Исламидин мырза, сизди адегенде куттуктайбыз.

- Рахмат.

- Буга чейин бул орден менен Кыргызстанда 3 киши сыйланыптыр, сиз төртүнчүсүз.

- Мен 40 жылдан ашык мектепте иштедим. Ошого Франция мамлекети ушул орденди бериптир.

- Сиз 40 жылдан бери мугалим болуп иштейсиз. Мугалимдердин маянасы жашыруун эмес, төмөн, мектептерден көптөрү кетип жатат. Сиздин сырыңыз эмнеде, ушунча жыл мектепте сабак берүү оңой эмес го?

- Мен ушул жерде 40 жыл иштеп чыктым. Азыр пенсияга чыктым.

- Сиздин жолуңузду жолдогондор барбы, сизде окуган балдар, мугалимдер болгондор көппү?

- Менин окуучуларым бар, мектепте иштеп атышат. Эсеналиев Данияр, Мамажанов Шухрат, Мадрахимова Огулхан дегендер иштеп атышат.

- Исламидин мырза, азыр англис тилине артыкчылык берилет го. Англис тилинде сүйлөйбүз, үйрөнөбүз дегендер. Француз тилине кызыккандар көппү сиздерде?

- Биздин айылда француз тилине өтө кызыгышат.

- Сиз эмне үчүн өзүңүз француз тилин тандап алдыныз?

- Мен жаш кезимде французча китептерди көп окуган элем. Анан француз тилин сүйүп калып, Ташкенге барып окуп келгем. 1962-жылы бардым, 1967-жылы бүтүрүп келип Токтогул атындагы орто мектепте иштедим. 40 жыл иштегенден кийин пенсияга чыктым.

- Францияда болдуңуз беле?

- Францияда болгонум жок.

- Барайын деп кыялданасызбы?

- Ооба, Кудайым буюрса барам го.

- Рахмат.
XS
SM
MD
LG