Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:53

Тоо-кен институтунда тоодой тирешүү бар


Тоо-кен иштери жана тоо-кен технологиялар институтунун жоон топ окутуучулары институттун жетекчисине байланыштуу соттук териштирүү бүткөнчө аны кызматтан четтетүүнү талап кылышууда.

Кыргыз техникалык университетине караштуу Тоо-кен иштери жана тоо-кен технологиялар институтунун профессору, геология-минералдык илимдеринин доктору Жумагүл Кендирбаева аталган инсититуттун директору Курама Таштаналиев үстүбүздөгү жылы июнь айында окууга тапшыра турган Нурлан Касаболотов атуу жигитти опузалап 3 миң сом акча берүүсүн талап кылганыдыгы үчүн Касаболотов укук коргоо органдарына арыз жолдогонун билдирди. Кендирбаеванын айтымында, директор Таштаналиевдин үстүнөн кылмыш иши козголуп, учурда Бишкектин Биринчи май райондук соту бул маселени териштирүүдө.

-Бул адамдын азыркы юридикалык жагын караганда соттолуп жаткан атуул. Анын иши Биринчи май райондук сотунда жатат. Азыркы учурда ал институттун жетекчиси болгондон кийин каржылык жагын кароо жана башкарууга толук мүмкүнчүлүгү болуп жатат. Ар түрдүү буйруктарды, көрсөтмөлөрдү берип, кадимки эле жетекчидей эле иштөөдө. Биздин оюбуз боюнча, мындай мамиле мыйзам ченемдүү болбой жатат. Ошондуктан биз сот учурунда Таштаналиевди кызматтан четтетип, институттун тагдырын чечкенден алыстатса дейбиз.

Кендирбаева белгилегендей, бул маселе боюнча нааразы болгон окутуучулар тобу аталган институт баш ийген Кыргыз улуттук техникалык университетинин ректоруна кайрылышкан. Ал жактан атайын комиссия түзүлүп, текшерүүнүн жыйынтыгында комиссия маселени Таштаналиевдин пайдасына чечип коюшкан.

Ал эми институттун директору Курама Таштаналиев болсо бул ишти аны көрө албаган адамдардын тобу уюштурду деп эсептейт.

-Жайында окуу жайда абитуриенттерди кабыл алуу убагында мага жамандык ойлоп, атайын уюштурган пара берүү окуясы болгон. Мына ошонун негизинде азыр тергөө иштери жүрүп жатат. Себеби жанагы мага акчаны чөнтөгүмө сала койгон жигит качып азыр Москвада жүрүптүр. Үч жолу сотко чакырганда качып келбей койду. Андан мурда прокуратурага чакырылган, анда дагы келген жок. Эгерде ал бала келсе бул атайын кастык менен уюштурулган иш экендиги далилденет.

Таштаналиев ошондой эле август айында кызматка алуу үчүн окутуучуларды сынак түрүндө кабыл алууда өтпөй калган жана кафедра башчылыгына, факультеттин декандыгына шайлоодо жеңилип калган окутуучулар тобу анын окуу жайда жасап жаткан реформасына көрө албастык кылып, жогорку бийликке арызданып жүрүшкөнүн кошумчалады. Анын айтымында, арыздын негизинде финансы тармагынан жана эсептөө палатасынан каржылык текшерүү болуп, институттун бухгалтериялык эсеп-кысабынан эч кандай кынтык таба алышкан эмес.

Геология илимдеринин кандидаты Калыс Бакиров болсо окуу жайдын директору Таштаналиев илимий-иштердин деңгээлин төмөндөтүп, мурдагы окутуучуларды кодулап, куугунтукка алып, өң тааныштарын кызматка коюп, кадрдык саясатты начар жүргүзүп жатканын белгиледи:

-Таштаналиевдин негизги кетирген катасы - ошол жерде кафедраны түптөгөн окутуучу, илимпоздорду жок кылып жатат. Кадрдык саясатты туура эмес жүргүзүп жатат.

Институттун директору Курама Таштаналиев жетекчиге нааразы болгон окутуучулардын пикири менен макул эмес. Анын айтымында, ал жетекчи болуп иштей баштагандан бери окутуучулардын маянасы 59 пайызга, жетекчилик кызматтардыкы 30 пайызга көбөйтүлүп, жүзгө чукул окутуучулардын көпчүлүгү окуу жайда жүргүзүлүп жаткан иш аракеттерди колдоодо:

-Биздин окуу жайда кадр маселеси жамааттык түрдө окумуштуулар кеңешинин чечими менен чечилет. Жакында эле кафедралардын башчыларына конкурс болуп, ошол конкурста биздин институтта демократиянын бар экени билинди. Жамааттын арасында ким кандай иштээри билинди. Жакшы иштеген окутуучуларыбыз кафедра башчылыгына өттү. Анан иштебей, качып, сабактарын үзгүлтүккө учураткан окутуучулар өтпөй калды.

Арызданган окутуучулар тобу директор Таштаналиевдин иши соттук териштирүүдө экендигин, окуу жайдан илимдин эки докторун жана үч илимдин кандидатын сынактан өткөрбөй койгонуна нааразы болушуп, акыйкаттык издеп жогорку бийлик өкүлдөрүнө, Билим берүү жана илим министрлигине кайрылышарын билдиришти.

Академик Ү.Асаналиевдин демилгеси менен Тоо-кен иштери жана тоо-кен технологиясы институту 1992-жылы уюштурулуп, бир жылдан кийин окуу жайга студенттер кабыл алынып, толук кандуу иштей баштаган. 2000-жылдары өзүнчө Тоо-кен иштери жана технологиясы университети болуп өзүнчө жогорку окуу жайга айланган. 24-март ыңкылабынан кийин окуу жайларды бириктирүү башталып, окуу жай Кыргыз техникалык университеттин карамагына өткөн.

XS
SM
MD
LG