Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:38

Tак талаш кызып баратат


СДП соңку күндөрдө дооматтардын бутасына илинүүдө.
СДП соңку күндөрдө дооматтардын бутасына илинүүдө.

Үгүт өнөктүгү кызыган сайын талапкерлер арасында бири-бирине доомат артуу күчөй баштады. Айрыкча социал-демократтар дооматтардын бутасына илинип, партияны “көчө демократиясын” өөрчүтүп жатат деп сындагандар чыгууда. Партия болсо бул бийликтин ыплас технологиясынын туундусу деген ишенимде.

Бейшемби күнү, маселен, СДПнын жыйырмадай мүчөсү жаңы түзүлгөн “Стабилдүүлүк жана Кыргызстандын өнүгүүсү үчүн” кыймылына өткөндүгү кабарланды. Бир күн мурда кыймылдын атынан уюштурулган маалымат жыйынында СДПнын мүчөсүбүз дегендер бир киши үчүн кызмат кылгандан жададык дешти.

Алардын бири Шакир Мамбеталиев “Азаттыкка” буларды айтты:

- Биз мурда СДПда болчубуз. Президент болобуз деп эле анан “көчө демократиясына” айлантып, митинг кылабыз деп атпайбы. Бул эскирген ыкма... Биз стабилдүүлүктү жактайбыз.

Маалымат жыйынын уюштургандар СДПдан көңүлү кайт болгонун, эми президент Курманбек Бакиевди колдоп, келечекте парламенттик шайлоого катышуу ою да жок эмес экендигин белгилешти. Ошол эле мезгилде жергиликтүү айрым маалымат каражаттары аталган билдирүүгө таянып, СДПнын катары суюлуп баратканын белгилеп өтүштү.

Оппозиция болсо бул өңдүү иш-чаралардын бардыгы Атамбаевди каралоого багытталган бийликтин кезектеги ыплас аракети экендиги даана эле билинип турат деп жатат. Алмаз Атамбаевдин шайлоо штабынын башчысы, СДП фракциясынын жетекчиси Бакыт Бешимовдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда партиянын катарынан чыккандарга караганда киргендердин саны артыкчылык кылууда, талапкердин рейтинги жогорулап баратат.


“Мындан чочулаган бийлик азыр партиянын катарында илең-салаң жүргөндөрдөн “клондорду” даярдап коомчулукка чыгарып коюп атат” деди депутат:

- Өткөндө Ысык-Көлдө "мен СДПдан чыккам " деген кишини телеге тартыш үчүн атайын Чүйдөн Көлгө алып барышыптыр. Ошол эле киши бүгүнкүлөрдүн арасында да жүрбөйбү.

Расмий бийлик жана анын тарапкерлери оппозициянын дооматтарын төгүндөп, шайлоонун таза, мыйзамдуу өтүшүнө биринчи кезекте кызыкдар экенин айтып келатышат. Үгүт иштери башталган күнү эле парламентте “Ак жол” партиясынын төрага орун басары Автандил Арабаев ушундай билдирүү менен чыккан.


Анткен менен коомчулукта оппозициянын аракеттерин чектөө максатында бийлик түрдүү ыкмаларды пайдаланып жаткандыгы тууралуу кеп тыйылган жери жок. Дарексиз жоголгон СДП депутаты Руслан Шаботоевдин туугандарынын шаршемби күнкү коомчулукка кайрылуусу да ушундай шек туудурду.

Шаботоевдин туугандары жана анын “Элдик биримдик” партиясы СДПнын лидеринен Оштогу жолугушуусунда жасаган билдирүүсүн далилдеп берүүнү талап кылышууда:

- Алмаз Атамбаев Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкер болуп туруп, ушунча кыргыз элине кепил болом деп туруп эмне үчүн кылмышкерди жашырып, Русландын өлгөндүгүн түндүктөн барып түштүккө жар салып айтат? Жооп берсин, - деди коомдук ишмер Индира Андабекова.

Шаботоевдин тарапкерлери ошондой Атамбаев бир апта ичинде жооп бербесе тынч митинг уюштурушаарын, “Элдик биримдик” партиясын СДПдан бөлүп кетерин жарыялашты. Гүлнара Карабаеванын айтымында, аталган партия 2005-жылы 25-мартта Ак үйдө түптөлүп, кийин шайлоо алдында СДПга кошулган.

Саясат таануучу Табылды Акеров муну бийликтин Атамбаев менен анын санаалаштары ортосуна жик салуу аркылуу, аны алсыздандыруу аракети деп баалады:

- Шаботоевдин өлүү-тирүүсүнө биринчи кезекте бийлик жооп бериши керек эле. Бийлик болсо мындай жоопкерчиликтен качып, аларды Атамбаевге каршы тукуруп, аларды каршылаштырып, өзү кургак чыгып кеткиси келип атат.

Талдоочу атаандаштарын кайраштыруу аркылуу өз талапкеринин кадырын түшүрбөй кармап туруу бийлик үчүн ыңгайлуу деген ойдо. Байкоочулар мындай ыкма Бириккен оппозиция сүрөп аткан Атамбаев менен өз алдынча чыккан талапкер, БЭКтин катарында саналган “Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариевди тирештирүүгө да пайдаланылууда деп жатышат.

Мындай жоромол акыркы дагы бир окуяга байланыштырылууда. Тагыраак айтканда Атамбаевдин өкүлү Сариевдин өкүлүнүн билдирүүсүн териштирүүнү сурап БШКга кайрылгандыгы бир күн мурда ачыкталды. Буга жергиликтүү гезиттер жарыялаган “Ак шумкардын” лидеринин өкүлү Бабырбек Жээнбековдун билдирүүсү негиз берүүдө. БШКда ачыкталганга караганда гезитте Жээнбеков Атамбаев аны жок кылууга аракет кылып жатат деп, ага кине койгон. Атамбаевдин өкүлүнүн кайрылуусуна ылайык БШК дооматты териштирип берүүнү Башкы прокуратурадан сурады.

  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG