Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:33

Азиза Абдурасулова: БШКнын азыркы курамына ишенич жок


Кыргызстандагы жарандык жана укук коргоочу уюмдар парламенттик шайлоону бузуп-бурмалап өткөргөн БШКнын азыркы курамына шайлоону ишенип берүүгө болбой турганын белгилешүүдө. Ошондуктан алар президенттик шайлоого байкоочу катары катышуунун кереги барбы-жокпу деген суроонун алдында турушат. Анткени "Кылым шамы" уюмунун лидери Азиза Абдырасулованын айтымында, жарандык уюмдар шайлоого байкоочу катары катышса, шайлоо бузуп-бурмаланган күндө да мыйзамдуу күчкө ээ болуп калат.

-Азиза айым, кыргызстандык укук коргоочулар, өкмөттүк эмес уюмдар парламенттик, президентик шайлоо алдында узак мөөнөттүү, андан сырткары кыска мөөнөттүү байкоолорду уюштурууга кам көрөт эле. 23-июлга белгиленген президенттик шайлоого кандай даярдык көрүп жатасыздар?

- Мен бул жерден бир аз артка чегинип жооп берейин дедим эле. Биринчиден, ар кандай мамлекеттик маанидеги чечимдерди кабыл алуучу органдардын өзүнө легитимдүүлүк берүү чоң жоопкерчиликти жаратат. Мисалы, «Ак жол» менен коммунисттер фракциялары адам укуктарына жана элдин социалдык-экономикалык абалына каршы келген бир топ эле мыйзамдарды кабыл алып атат.
Ал эми Социал-демократиялык фракциясы ошол жерде бир топ каршылыктарды көрсөткөнү менен эч кандай таасирин тийгизе албай атышат. Ошол эле убакта келечекте ушул чечимдерге «Ак жол», коммунисттер фракциясы кандай жоопкер болсо, социал-демократтар ошондой эле жоопкер. Бирок булар өзүлөрү ошол жерде отуруп, саясатка, чечимдерди кабыл алууга катышуусу менен ошол чечимдерге легитимдик берип атат.

Мен эмнеге бул мисалды айтып атам. 23-июлга коюлган президенттик шайлоо канчалык деңгээлде шайлоочулардын укугун, шайлоо мыйзамдарын сактоо менен өтөт деген бизде күмөн саноо болуп турат. Ошондуктан парламенттик шайлоодо жергиликтүү көз каранды эмес уюмдар өзүбүз байкоо жүргүзүү менен парламенттик шайлоого кандайдыр бир деңгээлде легитимдик берип койдук. Президенттик шайлоого биз дагы өзүбүздүн катышуубуз менен, байкоо жүргүзүүбүз менен легитимдик берип, Кыргызстандын абалы андан да начар болуп кетеби деген дагы бизде кооптонуу сезим бар. Ошондуктан бул маселенин үстүндө биз азыр аябай чоң сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп атабыз. Кандайдыр бир так чечимге келе элекпиз. Бирок бизде жөн эле баш тартуу эмес, сунуштарыбыз бар бүгүнкү бийликке. Эң биринчи БШКны реформалоо керек. Мына БШКнын мурунку төрайымы Клара Кабилова Кыргызстандан качып кеткенден кийин курамы ошол эле боюнча калып калды да. Ушул эле БШК шайлоолорду өткөрүп, шайлоочулардын аябай чоң нааразылыгын жараткан, ишенимден чыккан. Ушул шайлоо комиссиясы менен биз президенттик шайлоого барсак, ушул акыркы легитимдүү органыбыздан да айрылып калабызбы деген да коркунуч бар.

-Оппозициянын шайлоого катышуусу да шайлоону мыйзамдаштырат да?

- Албетте, оюндун шарттары үч жактуу келет, керек болсо төрт жактуу болот. Эки тарап бири-бири менен кандайдыр бир мелдешке чыкса, үчүнчү тарап байкоочулар калысы болуп арбитр болуп берет. Ал эми ошолордун күйөрмандары, шайлоочулары, Кыргызстандын жарандары бар. Ошолордун төрт тараптуу баардыгы тегиз катышканда гана шайлоо легитимдүү болот. Эгерде шайлоочулар катышпай койсо, анда ал дагы легитимдүүлүгүн жоготот. Ал эми байкоочулар жок болсо, бул дагы өзүнчө терс көрүнүш болуп калат. Ал эми оппозициянын өкүлдөрү катышпай койсо, анда бул Кыргызстанда шайлоо таптакыр болгон жок, Кыргызстагда бийлик өкүлү өзүн-өзү шайлап алды дегенге алып барат. Бул андан бетер жаман. Ошондуктан бул шайлоого катышуу- катышпоо деген маселени менимче оппозиция өкүлдөрү да коюп аткан болуш керек өзүлөрүнүн алдына. Жарандык коомдун өкүлдөрү биз коюп атабыз, анын терс-оң жактарын салмактап көрүп атабыз. Жакынкы күндө биз бир чечимге келишибиз керек.

- Эл аралык байкоочулар менен байланыш кандай болот. Аларга да ушундай сунуш болобу?

- Эл аралык байкоочуларга биз сунуш бере берсек да болот. Бирок алардын келиш-келбеси биздин чечимбизге эч кандай тиешеси жок болот, алар өз алдынча чечим кабыл алат, биз өз алдыбызча чечим кабыл алабыз.

-Маегиңизге рахмат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG