Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:40

Шайлоо сабат: Сен укугуңду билесиңби?


Президенттик шайлоодо жарандардын добуш берүү жана даттануу укуктары тууралуу “Азаттыктын” угармандарынан келип түшкөн суроолорго Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын шайлоо технологиялары бөлүмүнүн башчысы Аманкул Молдалиев жооп берет.

Суроо: - Мен Касым Алтынбеков, учурда Бишкекте жашайм, президенттик шайлоо өнөктүгүндө өзүм каалаган талапкердин бирине байкоочу болуп берейин деген элем. Ал үчүн каякка кайрылсам болот. Ушуну билейин дедим эле.

Жооп:- Ал үчүн ошол талапкердин штабына кайрылуу керек. Талапкер катары каттоодон өтүп, күбөлүк алгандан кийин ар бир талапкер облус, район, шаарларда өз штабын уюштура алат. Ошол штабга барып, байкоочу болуу тууралуу маселени чечип алсаңыз болот.

Суроо: -Менин туугандарым жакында эле Бишкек шаарына айылдан көчүп келишти. Ошондуктан шайлоого катышуу үчүн күбөлүк алыш керек дешүүдө. Ал үчүн кимдерге кайрылуубуз керек? Канат Арпачиев

Жооп: -Мисалы алар көлдө же Ошто же Баткенде бир жерде туруктуу жашап, негизги тизмеге кирип, катталып турат. Ошондуктан каттоодо турган жеринде негизги тизмеге киргизилген да .Ошол негизги тизмеге кирген жеринен тизмеден чыгуу күбөлүгүн алып туруп, ошол өзү каалаган жеринде барып, жазылып, добуш берсе болот. Тизмеден чыгуу күбөлүгүн алуу мөөнөтү 15 жана бир күн. Андай күбөлүктү шайлоого 15 күн калганга чейин ала берсе болот.

Суроо:
-Эгерде менин шайлоо укуктарымды бузган шайлоо комиссиясын, алардын мыйзамсыз аракеттерин кимдерге айтып даттана алам. Даттануу үчүн негиз болгон документтерди, далилдерди көрсөтүп, күбөлөрдү тактап беришим керекпи? Ошол даттануулар канча мөөнөттө каралууга тийиш? Тумар Дөөталиева

Жооп: -Бул тууралуу мыйзамда так жазылган. Эгерде даттануу биринчи кезекте участкалык шайлоо комиссиясынын аракетсиздигине карата арызданууларды андан жогору турган райондук шайлоо комиссиясына кайрылуу зарыл. Ал эми жогорку шайлоо комиссиясынын чечими боюнча даттанууну сотко берсе болот. Ал үчүн далилдүү фактыларды чогултуп, акты түзүп, окуяга күбө болгондорду кол койдуруп, даярдап жөнөтүү зарыл.

Шайлоого даярдык көрүү мезгилинде үч күндүн ичинде даттануу арызын жазса болот. Ал эми шайлоо жүрүп жаткандагы даттануулар ошол учурда дароо берилип, арыздар каралууга тийиш. Эгерде дагы тактап, далилдүү фактыларды чогултуу үчүн 5 күн талап кылынат. 8 күндүн ичинде жыйынтыгын чыгарып беришет.

Суроо: - Аты-жөнүн атабаган радио угарманыбыздан мындай суроо келип түшкөн эле: "Мага соттук иликтөө иштери жүрүп, кылмыш ачылган. Бирок учурда сот өз өкүмүн чыгара элек. Мен укугумдан пайдаланып, шайлоого катышып, өз добушумду бере аламбы?"

Жооп:-
Эгерде соттун чечими чыга элек болсо, анда ал соттолгондукка жатпайт. Анын добуш берүүгө жана шайлоого катышууга толук укугу бар. Качан гана соттун чечими угузулуп, эркинен ажыратылгандан кийин шайлоого катыша албайт.

Суроо:- Билип туруп, бир талапкердин кызыкчылыгы үчүн экинчи бир талапкер тууралуу массалык маалымат каражаттарынан жалган же жалаа жабылган маалымат тараткандар, ар-намысына шек келтиргендер үчүн кандай айып каралган?Сапар Алиев

Жооп: - Эгерде маалымат каражатынын башкы редактору же журналисти тарабынан атайын мыйзамда каралган эреже, беренелер бузулуп, шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү учурунда билип туруп, бир талапкердин кызыкчылыгы үчүн экинчи бир талапкер тууралуу массалык маалымат каражаттарынан жалган же жалаа жабылган маалымат таратылса, талапкердин ар-намысына шек келтирген жарандарга эсептешүү көрсөткүчү аркылуу ондон жыйырма, кызматкерлер үчүн элүүдөң жүз өлчөмүнө чейин айып каралган. Эсептик көрсөткүч деген 100 сомдук каражатты билдирет. Ошондо элүүдөн жүзгө чейин десе 5-10 миң сомдук айып салуу административдик-жаза кодексиндеги 52-53-беренелеринде каралган.

“Азаттык” үналгысынын угармандары, өзүнүздөрдүн укугуңуздарды билүүдө кыйынчылыктар жаралып, суроолор болсо, 31-61-63 телефонуна чалыңыздар. Суроолоруңузду жазып алып, адистерден жооп алып, аны “Азаттыктан” уктуруп, интернет сайтка жарыялап турабыз.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG