Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:28

БЭКтин жактоочуларына бийликтин кысымы күчөдү


Бийлик кысымы күчөп баратканы жөнүндө билдирүүлөр БЭКтин штабынан байма-бай түшүп жатат
Бийлик кысымы күчөп баратканы жөнүндө билдирүүлөр БЭКтин штабынан байма-бай түшүп жатат

БШК шайлоонун ачык жана калыс өтүшү үчүн бардык аракеттер көрүлүп жатканын билдирүүдө. Ошол эле учурда айрым талапкерлердин өкүлдөрү бийлик кысып, куугунтуктап жатканын айта башташты.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, президенттикке алты талапкер каттоодон өттү. Алар: Алмазбек Атамбаев, Курманбек Бакиев, Нурлан Мотуев, Жеңишбек Назаралиев, Темир Сариев жана Токтайым Үмөталиева.

18-июндан баштап президенттикке талапкерлердин үгүт өнөктүгү башталат. Бирок айрым талапкерлер учурдагы өлкө башчысы Курманбек Бакиев үчүн өзгөчө шарт түзүлүп, кыйыр түрдөгү үгүт ишин эбак эле баштап жиберди деген пикирлерин айтып жатышат.

Чынында шайлоо алдында региондорду кыдыруу Акаевден калган көнүмүш адат болгон менен кыйыр түрдөгү үгүттөө күчүнө ээ.

“Бийлик өлкө аймагы боюнча шайлоо камылгаларына тоскоол болууда", -деп Бириккен элдик кыймылдын басма сөз катчысы Жоомарт Сапарбаев “Азаттыкка” билдирди:

-Нарын, Баткен облустук шайлоо комиссиялары одоно мыйзам бузууда. Мындай арыз менен президенттикке талапкер Алмаз Атамбаевдин райондук шайлоо штабынын башчысы, Бужум айылынын тургуну Абдибакир Имаров райондук сотко кайрылган. Баткен облустук штаб башчы Ташболот Балтабаев өзүнө каршы аңдуу коюлганын маалымдады. Ошондой эле Нарын, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында БЭК, СДП, Атамбаев сыяктуу сөздөрдү айткандарга кысым жасалууда. Кочкор райондук акиминин орун басары Роза Ашырова штабды жаап, ишти токтотууну талап кылып, биздин активисттерди коркуткан. Нарында гана эмес бүт облустарда болуп атат биздин активистерге күндөн- күнгө кысым көбөйүп штабдарды жапканга аракет кылып жатышат. Ал эми баш ийбеген партиянын мүчөлөрүнө болсо кол салганга чейин болуп атат. Буга чейин Кочкор-Ата шаарындагы биздин бир активистке түнкү экиде белгисиз адамдар келип коркутуп кетиптир. Эгерде эртеңден баштап ушул ишмердигиңди токтотпосоң өмүрүңөн айрылып калышың мүмкүн деп. Ошондуктан бул толугу менен оппозицияга каршы бийлик тарабынан жасалып жаткан провокациялар жана кысым деп мен айта алам.

Ошондой эле Токтогулда Салават Аликеевге СДП штабын башкарууга Үч-Терек айыл өкмөтү тыюу салгандыгы, Нарында СДП штабында иштегендерге жыл сайын берилчү социалдык жардамдарды берүүдөн райондук соцфонд баш тарткандыгы, Сокулукта аймактык штабдын кеңсесин анын кызматкерлери өздөрү бошотууга аргасыз болгондугу өңдүү маалыматтарды да СДП маалыматында белгиленген.

Кара-Кулжа районунун аймагындагы "Кулун-Ата" коругунун " жетекчиси Закиркул Жусупов Кара-Кочкор айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Кыя, Сары-Булак, Кара-Кочкор айылдарындагы Алмаз Атамбаевге добуш беребиз деген үй-бүлөлөрдү тактап, тизмесин түзүп, даректери боюнча барып коркутуп, "Силер менен милиция, СНБ иш жүргүзөт" деп эскертип жүрүптүр, -дешет СДП штабы.

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Самат Бөрүбаевдин айтымында жер-жерлердеги мыйзам бузуулар, бийлик тарабынан айрым талапкерлердин активистерин коркутуу, кысымга алуу фактылары менен кайрылган жагдайлар, арыздар боло элек.

Мына ушундай эле пикирди өлкөнүн Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бакыт Сейитов да “Азаттыкка” билдирип, президенттике талапкерлердин штабдарынан азырынча эч кандай мыйзам бузуулар боюнча арыздануулар түшө электигин, эгерде ошондой жагдайлар болсо милиция териштирип, токтоосуз чара көрүүлөрүн маалымдады.

“Аят-пресс” гезитинин башкы редактору Жылдыз Мусабекованын пикиринде талапкерлердин таймашуусу курч мүнөздө болот жана коркутуу-үркүтүү менен бийликке эч ким түркүк боло албасын качып кеткен Аскар Акаевдин мисалы далилдеген.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG