Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:18

Конституциялык Сот: Президенттик шайлоо быйыл күздө болот


Конституциялык Сот бүгүнкү отурумунда кезектеги президенттик шайлоону быйылкы жылдын 25-октябрына чейин өткөрүү жөнүндө чечим чыгарды. Мындай чечим 2003-жылкы Конституциянын негизинде кабыл алынды. Президенттик шайлоонун өтө турган так күнүн Жогорку Кеңеш аныктоого тийиш.

"2009-жылы 25-октябрга чейин президенттик шайлоолор өтүш керек. Ал качан болот, октябрда болобу же андан эрте болобу, бул Жогорку Кеңештин колундагы маселе. Президент 2003-жылдагы Конституция менен ант берген. Ал мөөнөтүнөн эрте шайланган, ошондуктан анын мөөнөтү 2009-жылдын октябрында аяктайт. 2005-жылы октябрда шайланган",- деп жарыя кылды Конституциялык Соттун төрайымы Светлана Сыдыкова.

Эми президенттик шайлоонун өтө турган так күнүн Жогорку Кеңеш аныктоого тийиш. Парламент шайлоо күнүн аныктоо жараянын жакын аралыкта баштайт деп күтүлүүдө. Бирок Жогорку Кеңештен алынган маалыматка караганда Конституциялык Соттун чечими парламентке жете элек. Мыйзам боюнча президенттик шайлоо күнү төрт ай мурда жарыяланышы керек.

Президенттик шайлоонун күнүн тактоо маселесинин көтөрүлүшүнө Жогорку Кеңештеги социал-демократиялык фракциянын мүчөсү Асылбек Жээнбековдун Конституциялык Сотко февраль айында жолдогон арызы негиз берди. Депутат өз атынан берген арызда Конституциянын президентти шайлоо жөнүндөгү 44-беренесинин 2-абзацынын 2-бөлүмүндөгү жобого ылайыктап, президенттик шайлоону өткөрүү мөөнөтүн тактап берүүнү өтүнгөн эле.

-Президент Курманбек Бакиев 1993-жылкы Конституциянын 2003-жылы жаңыртылган редакциясынын негизинде шайланган. Ал Конституцияга ылайык кезектеги президенттик шайлоо президенттик мөөнөттүн бешинчи жылы, октябрь айынын акыркы жекшембисинде өткөрүлүшү керек. Бирок президент Бакиев 2005-жылдын 10-июлунда президенттик милдетине расмий түрдө киришкен. Ушундан улам коомдо кайсы Конституцияга таянышыбыз керек деген карама-каршы эки пикир болуп жатат. Себеби президент мурдагы Конституциянын негизинде шайланган жана ага таянсак быйыл октябрь айынын акырында шайлоо болуш керек. Экинчи тарап 2010-жылы беш жыл болот жана шайлоо эмдиги жылы болуш керек деп жатат. Эгер ушундай эсептей турган болсок 2010-жылдын октярында президенттик мөөнөт алтынчы жылга аяк басып кетип жатат. Ошон үчүн биз расмий түрдө соттон так жооп алышыбыз керек, - деп белгилеген болчу Асылбек Жээнбеков маалымат жыйынында.

Депутат мындай чечимге өз каалоосу менен баргандыгын билдирген менен анын артында бийликтин каалоосуна шарт түзүү аракети турат деген пикирлер да жок эмес. Мурдараак болсо СД фракциясы президенттик шайлоо мезгилин тактоо максатында Конституциялык Сотко кайрылганы жатканын жарыялаган болчу.

“Ата мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев акыркы чечимге бийлик элдин каарынан чочуп, шашып жатат деген баасын билдирди. Саясатчынын “Азаттыкка” айтымында, Конституциялык Соттун чечими “сарай интригасынын” уландысы болуп саналат:

-”Бакиев өз мураскерин өткөрүп койгонго аракет кылат. Анын сергек “шайлоого катышам” деп жатышы - бул коштошуп жаткан бийликтин ыкмасы. Анткени эртең кете турган начальникти эч ким укпай калат. Бакиевдин өзүнүн талапкерлигин шайлоого коюуга ден соолугу же башка саясий кырдаалдар мүмкүндүк бербейт. Азыр анын мураскерлеринин ортосунда бир жарым жылдан бери катуу күрөш жүрүп жатат”.

Президент Курманбек Бакиев 11-февралда болгон маалымат жыйынында президенттик экинчи мөөнөт үчүн шайлоого катышарын ырастап, шайлоонун мөөнөтү боюнча Конституциялык Сот кабыл алган чечимге баш ийерин билдирген.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG