Буга чейин ушундай эле талап менен Парламенттин Социал-демократтар фракциясынын лидери Бакыт Бешимов чыккан болчу. Бийлик өкүлдөрү болсо шайлоо учурунда да эл башкарган бирөө болушу керектигин, президенттин ыйгарым укуктарын токтотууга негиз жоктугун айтышууда.
2007-жылы жалпы элдик референдумга баш мыйзам менен кошо шайлоо кодекси добушка коюлуп, бийлик аларды шыдыр эле өткөрүп алган.
Ошол шайлоо кодексинин 28-беренесинин 1-бөлүгүндө бардык талапкерлер бирдей укукка ээ деп белгиленген. Ал берененин 3-бөлүгүндө мамлекеттик кызматкер талапкер болуп катталган күндөн тарта аткарган кызматын токтотуу керектиги айтылып, бирок ал талап Жогорку Кеңештин депутаттарына жана президентке таркатылбасы жазылган.
Шайлоо кодексиндеги мындай жагдай карама-каршылыктарды жаратып жатканын айткан тараптар, аны жоюу үчүн шайлоо алдында президенттин ыйгарым укуктарын токтоттуруу керек экендигин белгилешүүдө.
Буга байланыштуу “Кылым шамы” укук коргоо борборунун жетекчиси Азиза Абдрасулова Конституциялык сотко кайрылып, административдик ресурстарды колдонуу үчүн президенттин ээлеген орду абдан ыңгайлуу болуп турганын, андыктан анын кызматын токтотуу керектигин, антпесе бул – бардык талапкерлер тең укукта болушу керек деген мыйзам талабына каршы келип каларын билдирди.
- Биздин конституцияда, ошол эле эл аралык стандарттарда жазылган. Анда мыйзам алдында бардык адамдардын укуктары бирдей, алар расасына, ээлеген кызмат ордуна, саясий көз карашына карабай бирдей укукта, теңдикте болушу керек деген талап жазылган. Андыктан менин өтүнүчүм канаатандырыла турчу өтүнүч. Эгер саясий эле чечим болуп кетпесе канааттандырылышы керек.
БШКнын юристи Алмаз Насипбековдин пикиринде, шайлоо маалында президенттин ыйгарым укуктарын токтотуп турушка эч кандай укуктук негиз жок. Анткени Бакиевди 2005-жылы жалпы эл шайлап, 2007-жылы жалпы элдик референдумда ошол эле кызматын тапшырбай туруп шайлоого катышууга макулдук берген. Андыктан 2-3 адамдын айтканын угуп, жалпы эл кабыл алган мыйзамды өзгөртүүгө болбойт.
Жогорку Кеңештин депутаты, “Ак жол” фракциясынын мүчөсү Жангороз Каниметовдун айтымында, бул маселени көтөрүп аткандар оболу мыйзам долбоор иретинде Жогорку Кеңешке кайрылса жакшы болмок. “Экинчиден, шайлоо болуп аткан маалда да өлкөнү бирөө башкарып туруш керек да”,- дейт депутат:
- Мындай да. Мыйзамды Конституциялык сотко бергенден көрө аны Жогорку Кеңешке мыйзам долбоор түрүндө киргизбейби. Мыйзам киргизилип, анан каралышы керек да. Мыйзам өзү турса, анан турган нерсени сотко бериш бир четинен этикалык жактан туура эмес го. Экинчиден, шайлоо маалында да мамлекетти башкарып туруш керек да. Менин оюмча калыстык болот го. Бирок эми бара көрөбүз да. Шайлоону көзөмөлдөп турушат, ошол эле оппозициянын, партиялардын да көзөмөлү бар.
Ошентсе да талдоочулар президенттин укуктарын чектөө сыяктуу бир дагы мыйзам-долбоор азыркы парламенттен өтпөсүн, анткени Жогорку Кеңеш президенттин айтканын эки кылбаган өзүнүн “Ак жол” партиясынан турарын айтышат.
Оппозиция өкүлдөрү болсо кыйладан бери эле өлкөдө бир дагы маанилүү иш-чара “үй-бүлөнүн” макулдугусуз өтпөсүн, алдыдагы президенттик шайлоодо деле бийлик Акаев доорундагыдай өзүм билемдик кыларын айтып келатышат.
“Улуу биримдик” партиясынын төрагасы, БЭКтин мүчөсү Эмил Каптагаев бул тууралуу буларга токтолду:
- Азыркы биздин мамлекетте түзүлүп калган башкаруу системасында, бир дагы мамлекеттик орган үй-бүлөнүн чечимисиз, үй-бүлөнүн уруксатысыз иштерди аткара алышпайт. Бул – факт. Эми Конституциялык сот канчалык деңгээлде өзүнүн өз алдынчалыгын көрсөтө алат, аны мезгил көрсөтөт...
Укук коргоо уюмдарынын байкоолоруна караганда, үгүт иштери баштала электе эле президент Курманбек Бакиевдин чоң-чоң сүрөттөрү региондордун бардык жерлерине илинип, мамлекеттик маалымат каражаттары президенттин иштерин мурдагыдан да көп макташчу болду.
Медиа өкүл институтунун директору Бегайым Үсөнованын айтымында, мындай көрүнүш өзгөчө шайлоого аз калганда күч алганы байкалууда.
Дагы бир жагдай, президент кызматын токтотпой туруп шайлоого бара турган болсо, анда ал шайлоо өнөктүгү үчүн өз акчасын коротуп жатабы же салык төлөөчүлөрдүн, элдин акчасын коротуп жатабы далилдеш кыйын болмокчу.
Талдоочулардын божомолунда, кандай болгон күндө да бийликте узагыраак отурууну көздөгөн президенттин тобу тобокелчиликке барып, талапкерлер менен тең жарышка чыгууга көнүшпөйт. Андыктан Конституциялык сот президенттин ыйгарым укуктарын токтотуу талабын четке кагат дешет.