- Албетте, биз үгүт иштери баштала элек деп атабыз ушул тапта. Ошентсе дагы азыртан эле президент болууну каалагандарга тең эмес шарт түзүлүп жатат деген пикирлер айтылып кетти. Сиз бул жараянга көз салган адам катары ушундай кемчиликти байкай алдыңызбы ушуга чейин?
- Президент мырза өзүнүн ишин аткарып атат, иштеп атат, ар кандай жолугушуулар болуп атат эң жогорку деңгээлде. Мисалы, өткөндөгү жаштар менен форумда 50 миллион сом берди жаңы инициативалар үчүн деп, дагы берем деди. Ошон үчүн жаштар да бүгүнкү күндө ушундай маселени талкуулап атышат. Анткени башка кандидаттардын ушундай деңгээлде иш чараны өткөргөнүн көралбай атабыз.
Ысык-Көлдө оппозиция жана укук коргоочуларды кысымга алып, Акаевдин мезгилиндегидей Балыкчыдан күч менен чыгарып, милицияны, кандайдыр бир жаман топторду колдонуп, басмырлап, укуктарды тебелеп-тепсөө бүгүнкү күнү ачык көрүнүп атат. Мыйзам боюнча биз аябай урматтайбыз Конституциябызды, анда эркин Кыргызстанда жүрүү, же тынч пикеттерди өткөрүү бул билдирүү жолу менен чечилет деп жазылган. Бирок ошого карабастан бүгүнкү күндө бийлик көзүн жаап салды. Анткени жарандардын укуктары тепселинип атканы жана тең укуктуу кандидаттарга платформа берилбегени ачык көрүнүп турат.
- Маселен, Курманбек Бакиев өзүңүз да айтып кеттиңиз жаштарга колдоо көрсөтүп атат каражат жагынан деп. Мындан тышкары мектеп, фонтан ачып атат. Ошол аймактарды кыдырып элдин көңүлүн өзүнө буруп атат. Ушуну үгүт деп айтса болобу, же президенттин өзүнүн кадыресе жумушубу?
- Бул кызыкчылыктын конфликти. Ошондуктан укук коргоочулар, мисалы “Кылым шамы” уюмунун жетекчиси Азиза Абдрасулова коомчулукка да, мырза президентке да кайрылып айтты: “Кыргызстан кичинекей, биз баарын көрүп билип атабыз, ошон үчүн эмитеден шайлоого ыплас нерселер болбогондой болуп, мырза президент өзүңүздү ишиңизден четтетип, бүгүнкү мезгилде башка кандидаттар менен чогуу иштесеңиз мыйзам ченеминде бул Кыргызстан үчүн аябай жакшы болмок деп.
Бирок, тилекке каршы, “Ак жол” партиянын штабдары күчөп атат, депутаттар түздөн-түз айтып атат, биз “Ак жол” партиясынын лидерин иштетебиз, биз үчүн аябай маанилүү деп. Жогорку Кеңештин депутаттарынан өйдө мыйзамга карабастан ушундай күндөн күнгө күчөп келаткан үгүт иштерин жасап атышат. Эгерде президент өзүнүн гана ишин иштеп атканы көрүнүп турса бир жөн, бирок бул шайлоо астындагы эң бир стратегиялык мезгил. Ошон үчүн талапкерлер тең эмес.
- Төлөйкан айым айтсаңыз, мисалы дооматтар көп айтылып атат көз карандысыз байкоочулар тарабынан. Мыйзам чегинде БШКга, же сотко кайрыла аласыздарбы. Муну кантип мыйзамдык негизде аныктоого болот?
- БШКга кайрылганбыз, эл аралык өкмөт менен чогуу отурумда да бул жөнүндө айттык. Бирок азыр эң негизги уюм бар, алты мамлекеттик эмес уюм бириккен. Биздин түйүндөр күндө аймактарда иштеп атат. Эки миңге жакын кыска мөөнөттүү байкоочулар да бар, аларды азыр окутуп жана календардык планды жана БШК гана эмес, ошол жердеги облустук шайлоо комиссияларды көзөмөлдөөгө бүгүн толук кандуу иштеп атабыз.
- Маегиңизге рахмат.