Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:20

Көкөлөгөн баалардын көлөкөсү


Коомдук парламенттин энергия акысы кымбатташын талкуулаган жыйыны
Коомдук парламенттин энергия акысы кымбатташын талкуулаган жыйыны

Жылуулук, ысык суу, электр энергия бааларынын кескин көтөрүлүшүнө көпчүлүк көнө электе уюлдук байланыштын ар бир чалуусу 60 тыйынга кымбаттап, эми анын артынан үй телефон акысы да кымбаттаганы калды. Кеткен чыгымдарды жаба албастыгын айтып, газ тармагынын жетекчилиги да кызмат акыны көбөйтүүнү талап кылууда.

Бекер тамакты эми унуткула!

Электр акысын эл менен кеңешпей чечип койгону үчүн белгилүү адвокат Нурбек Токтакунов өкмөттү сотко берген.

- Жалгыз Нурбек жалпыбыз чогулуп сотко берсек болот эле. Мына мен да жаңы баа менен эми жарыкка төлөбөйм. Өкмөттүн эл менен иши болбой калды,- дейт бишкектик Кубанычбек Алымжанов деген угарманыбыз.

Энергетиктердин жыл жыйынтыгын чыгарган чогулушунда өкмөт башчы Данияр Үсөнов “бекер тамак” түгөнгөнүн, мындан ары баарысы базар баасына өтөрүн белгилеп, аткаминерлерге тарифтердин кескин көтөрүлүшүн көпчүлүккө түшүнүктүү тилде түшүндүрүү милдетин таккан болчу.

Мамлекетке тиешелүү акциялары кайсы бир кипрлик, кыргызстандык компанияларга сатылган соң “Кыргызтелеком” да тарифтерди көтөрүүнүн аракетине киришти. Аны парламенттеги социал-демократиялык фракция жыйынында Байланыш агенттигинин жетекчи орунбасары Чыңгыз Бекташев ырастады.

- Жөн эле көтөрүү жөнүндө кайсы бир план болбойт. Азыр үч түрлүү тариф иштелип жатат. Ар бир кардар анын ичинен өзүнө жаккан тариф планын тандап алат.

Байланышчылардын эсебинде үй телефонун пайдалануучулар орто эсеп менен айына 300 – 400 мүнөт сүйлөшөт. Ошондон социалдык аялуу катмар өкүлдөрүнө айына 400 мүнөт акысыз сүйлөшүүгө лимит бөлүнүп, андан ашканына базар баасында акы төлөө жагы каралууда. Жогорку, орто тариф акысы кандай болору ушу тапта эсептелинип, 1998-жылдан бери байланышчылар козголоп келаткан маселе жакын арада оңуна чечилип калышы ыктымал.

Баалардын жарышы

Өзбекстандан өткөн жылга салыштырмалуу 20 долларга арзан газ сатып алууга жетишкенин байма-бай белгилеп келаткан өкмөт ушу тапта “көгүлтүр отун” баасын дагы 16% көтөрүү-көтөрбөө маселесин ойлонуп отурган чагы. Ал эми жыл башынан көтөрүлгөн электр, жылуулук, ысык суу акылары артынан толгон-токой проблемаларды чууруп чыгып, көпчүлүктүн нааразылыгы аз-аздан көтөрүлүүдө.

- Айылдарда мисалы, бир аялдын күйөөсү Орусияга ишке кетип, эмдигиче келе албай жүрөт. Аялдын иштөөгө иши жок, жадаса балдарына да жөлөкпул албайт. Балдарына да эч кандай акча төлөнбөйт. Ага төлөшкө 6 000 сом келиптир. Ал мындай акчаны өмүрүмдө көргөн эмесмин, дейт. Ал эми кантет?-
деп суроо койду “Демократия жана жарандык коом үчүн” бейөкмөт уюмдар ассоциациясынын төрайымы Динара Ошурахунова.

Мындай мисалдар толтура. Кыргызстандын Социалдык фондунун жетекчиси Таалай Таткулов социалдык аялуу катмар өкүлдөрүнүн электр энергия акысын өкмөт толугу менен төлөп бере тургандыгын ырастады.

Эски-ускулар сатылды, дагы сатылат

Парламенттеги социал-демократиялык фракция жетекчиси Роза Отунбаева социалдык колдоого муктаж үй-бүлөлөрдө болуп көңүл чөгөт көрүнүштөргө күбө болуп кайтканын билдирди.

- Эмне деп айтасыз? Эски китептерди бүт саттык дейт. Эски-уску буюмдарды сатчу базарга алып чыгарга буюму деле калбай калганын айтышат. Эмнени сатыш керек дагы? Бөйрөгүн сатабы? Жүрөгүн сатабы? Эмне кылабыз?

Тике суроого Бишкек шаар башчылыгынын жооптуу өкүлү Бакыт Сыдыков жылуулук акысын жыл бою бөлүп-бөлүп төлөөгө боло тургандыгын айтуу менен гана чектелди.

- Элге жеңилдик болуш үчүн ушу 1 800 сом январдыкы, февралдыкы, марттыкы - ушул үч айдыкы биригип 4 – 5 миң сом келсе 12 айга бөлүп, эмки кышкы жылуулук сезону башталганга чейин төлөп төлөп берсе болот, бөлүп-бөлүпчү.

Өкмөттүн көпчүлүктүн пикир-сунушун укпай, апыл-тапыл бааларды кескин көтөрүп жибериши социалдык аялуу катмарга опсуз оорчулуктар алып келгенин белгилеп, “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдырасулова социалдык-экономикалык укуктар боюнча Кыргызстан Улуттар уюмунун факультативдик протоколуна кошулушу керек экендигине токтолду.

- Факультативдик протокол бизге, жөнөкөй адамдарга эларалык уюмдарга кайрылууга мүмкүндүк берет.

Өкмөт жаңы жылдан тарта электр акысы эки эсе, жылуулук, ысык суу акысы 5 эсеге көтөрүлгөн.

XS
SM
MD
LG