Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:27

Футболдон 2009- жылдын мыктыларына урмат-сый


29-декабрда Кыргызстанда футбол боюнча 2009-жылдын мыктылары аныкталып, аларга сый-урмат көрсөтүлдү.

Кыргызстандын футбол чемпионатында Жогорку Лигада быйыл 8 команда ойноду. Нарындын «Дордой» командасы 6 жыл катары менен өлкөнүн чемпиондугун колдон чыгарган жок.

18-чемпионаттын жеңүүчүлөрүнө алтын байгелерди жана баалуу сыйлыктарды өлкөнүн футбол федерациясынын президенти Айбек Алыбаев тапшырды. Экинчи орунду ээлеген Канттын “Абдыш-Ата” командасына күмүш медалдар ыйгарылды. Ал эми үчүнчү орунду жеңип алган өлкөнүн экс-чемпиону Кара-Суунун “Жаштык-Ак-Алтын” командасына коло байгелер түштүк жергесинде тапшырылган.

Жылдан жылга Кыргызстанда футболчулардын чеберчилиги жогорулап баратканын, быйылкы чемпион эмдиги жылы Азия футбол федерациясынын президентинин Кубогуна жана Москвада январда өтүүчү Шериктеш өлкөлөрдүн чемпиондор Кубогуна катышаарын өлкөнүн футбол федерациясынын президенти Айбек Алыбаев белгиледи.

2009- жылдын жыйынтыгына жараша футбол адистеринин аныктоосу боюнча жылдын дарбазачысы деген сыйлыкка Канттын “Абдыш-Ата” командасынын өкүлү Максим Агапов арзыды.

Быйылкы жылдын мыкты коргоочу деп да ушул “Абдыш-Ата” коргоочусу Роман Абакимов аталды.

Жылдын мыкты жарым коргоочусу деген сыйлык Нарындын “Дордой-Динамо” командасынын оюнчусу Вадим Харченкого ыйгарылды.

Жылдын мыкты чабуулчусу деп Канттын “Абдыш-Ата” футбол клубунун өкүлү Антон Землянухин аталды. 2009-жылы атаандаштарынын дарбазасына көп топ киргизген “Дордой-Динамонун” чабуулчусу Максим Кретов деп табылды.

Ал эми мыкты футболчу аталган сыйлык Нарындын “Дордой-Динамо” командасынын өкүлү, африкалык легионер Даниэл Тагоеге берилди.

Нарындын “Дордой- Динамо” командасынын катарында ойноп, алтынчы ирет чемпион аталган Талант Самсалиев алдыдагы максаттары тууралуу "Азаттыкка" мындай деди:

- Январда Москвада өтүүчү Шериктештер Кубогуна даярдык көрүп жатабыз. Ошондой эле жаңырган жылы дагы Азия футбол конфедерациясынын президентинин Кубогуна катышууга жолдомо алдык. Бул кубокту эки ирет уткан элек. Ошол жерде дагы биринчи орун алып келсек деген ой бар. Быйыл татыктуу оюн көрсөтүп келсек деген тилек бар. Кыргыз футболуна өкмөттүк деңгээлде камкордук көрүлбөсө дүйнөгө эмес, Азияда алдыңкы орунга жетүү кыйын.

Футбол боюнча адис Ниязбек Алиевдин пикири боюнча, өкмөттүн спортту өнүктүрүү тууралуу программасы жок, футболго көп каражат талап кылынат.

-Экономикалык салым болбосо Кыргызстанда футбол оңой менен өнүкпөйт. Облустарда көтөрүлчүдөй эмес. Чөнтөгүнөн чыгарып акча берип аткан кишилер, атап кетсек, Салымбеков Аскар, Совет Сакебаев, Сейит Ааматов. Ушул саналуу кишилердин эле аракеттери менен кыргыз футболу кармалып турат. Кыргызстандын футбол чемпионатында Жогорку Лигада быйыл да болгону 6-8 команда ойноду.”Абдыш-Атадан" башка чыныгы атаандашы жок Нарындын «Дордой» командасы 6 жыл өлкөнүн чемпиондук наамына арзып олтурат.

“Заман Кыргызстан” жумалыгынын баяндамачысы, футбол ардагери Табылды Асыгалиевдин пикиринде, быйылкы чемпионат өзүн актабай, оюндардын деңгээли начар, футболчулардын чеберчилиги төмөн болду.

-Быйылкы чемпионаттын деңгээли да жылдагыдай эле төмөн болуп калды. Жыл башындагы ойлогон иш-аракеттер аткарылган жок. Жогорку Лигада Ош, Чүй жана Нарын областтарынын гана футболчулары ойноп жүрөт. Талас, Ысык-Көл, Жалал-Абат аймактарынан да командалар мөрөй талашууга катышса дурус болмок.

Нарындын “Дордой-Динамо” клубунун президенти, парламент депутаты Аскар Салымбеков эң негизгиси кыргыз футболуна кызыгуу күч алганын, жаштарга камкордук көрүүнүн зарылдыгын белгиледи.

Нарындын “Дордой-Динамо” командасынын катарында көп жыл ойноп, бир нече жолку жылдын мыкты футболчусу аталган, учурдагы экинчи машыктыруучусу Замир Жумагуловдун айтымында, быйылкы жетишкендиктерге канааттанууга деле болбойт.

Мындан сырткары өлкөдөгү футболдук мезгилдеги ийгиликтерине жараша ардагерлер, өспүрүмдөр, уландар, жаштар командаларына да сыйлыктар тапшырылды.

Кыз-келиндер футболунан бишкектик Алина Литвиненконун чеберчилиги жогору бааланды.
Футзал боюнча өлкөнүн тандалма командасынын мүчөсү Вадим Кондратков жылдын мыктысы аталды.

Футболду чагылдырууда айрым журналисттердин да мээнети бааланды.


XS
SM
MD
LG