Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:28

Ташкентте Азия чемпионатында кыргызстандыктар утулду


Ташкентте футзал боюнча Азия чемпионатында Кыргызстандын тандалма командасы жапондордон утулуп, финалга чыкпай калды.

Футзалдан Азия чемпионаты: мыктылар аныкталууда

Ташкент шаарында өтүп жаткан Азиянын футзал боюнча чемпионатында чейрек финалдык таймашууда Кыргызстандын командасы Азия чемпиону Жапония өлкөсүнүн футболчулары менен беттешти.

Натыйжада 4:0 эсеби менен кыргызстандык футболчулар жеңилүү ызасын тартып, баш байгеге талапкер болбой калды.

Бул туурасында өлкөнүн дене тарбия жана спортуна эмгек сиңирген кызматкер Бообек Кадыркулов “Азаттыкка” билдирди.

- Азия чемпионатынын чейрек финалында аталган оюндагы таймашуучулардын деңгээли бир топ бийик экендигин белгилей кетейин. Жапон команда – континенттин эң мыктыларынан. Ошондуктан, менин пикиримде, биздин футболчулар татыктуу оюн өткөрдү. Ири жеңилүүгө карабастан, бизде гол киргизүү учурлары болду, тилекке каршы, биз аны ишке ашыра алган жокпуз. Бул беттешүүдө биздин футболчулар кийин кереги тие турган эң бай тажрыйба топтоду.

-Менин ишенимимде, Кыргызстан командасынын келечеги кең. Алдыда биз эң күчтүү командалар менен оюн өткөрөбүз”, - деп билдирген Жапон курама командасынын машыктыруучусу Мигел Родриго.

Ташкенттеги жарым финалдык беттешүүлөрдө талаа ээлери Өзбекстандын футболчулар Кытай Эл республикасынын командасы менен мөрөй талашып, 4:3 эсеби менен утуп, баш байгеге талапкер болушту.

Экинчи жарым финалда футзал боюнча Азиянын көп жолку чемпиону Ирандын командасы Жапон өлкөсүнүн футболчулары менен күч сынашып, 7:0 эсебинде жеңип алуу менен ирандыктар финалга чыкты.

30-майда Азия чемпиондугу үчүн Иран менен Өзбекстандын футболчуларынын таймашуулары болмокчу. Ошондой эле коло байге үчүн жапондук жана кытайлык футболчулар мөрөй талашка чыгат.

Өзбекстан 2006-жылы да футзал боюнча Азия чемпионатын өткөргөн. Ошондо жеңилбес Азиянын сегиз жолку чемпиону аталган Ирандын командасын жапондуктар биринчи ирет утуп, алтын байгелүү болушкан.

2005-жылы Кыргызстан курамасы кичи футбол боюнча Азия чемпионатынын коло байге ээси болгон.

Оштуктар баш байге ээси

23-майдан 28-майга чейин Ысык-Көлдүн жээгинде "Саламаттыгы сак калк - гүлдөгөн мамлекет" урааны астында айыл чарба эмгекчилеринин республикалык спартакиадасы өттү. Бул спартакиаданын жыйнтыгы тууралуу өлкөнүн Дене-тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин спорт бөлүмүнүн башчысы Камчы Касымов маалымдады.

- Спартакиаданын таймаштары "Көгүлтүр Ысык-Көл" эс алуу жайында өттү. Анда алгачкы күндө воллейбол, жеңил атлетика, тогуз-коргоол, ордо, күрөш жана футбол боюнча таймаштар өттү. Бул мелдешке өлкөнүн бардык аймактарынын өкүлдөрү, ошондой эле дене-тарбия жана спорт боюнча аймактык бөлүмдөрдүн жетекчилери да катышты. Алардын жалпы саны 700 адамды түздү. Баш байгени Ош облусунун командасы жеңип алды. Экинчи орунга Чүй облусунун командасы ээ болду. Коло байгеге Талас облусунун командасы татыктуу болду. Оюн ээси - ысыккөлдүктөр - төртүнчү орунду камсыз кылышты.

Спартакиада айылдык жаштарды спорт менен машыгууга үндөө максатында өткөрүлдү.

Москвадагы үстөл тенниси боюнча дүйнө чемпионаты

Учурда Москвада үстөл тенниси боюнча дүйнө чемпионаты өтүүдө. Мында Кыргызстандын командасы ийгилик жаратуу менен спорт адистеринин көңүлүн бурууда. Себеби Кыргызстандын командасы Азербайжан жана Сан-Марион өлкөлөрүнүн командаларын артыкчылык менен жеңип алышкан.

Андан кийинки беттешүүлөрдө эр-азаматтар командасы Иордания өлкөсүнүн теннисчилерин 3:1 эсеби менен утуп алышса, кыргызстандык кыз-келиндер командасы Ливан өлкөсүнүн командасын 3:2 эсебинде жеңип алышты.

Кыргызстандын намысын дүйнө чемпионатында коргоп жаткан өлкө чемпиондору Алишер Якупбаев, Талгат Сагындыков, Жандос Аринов жана кыз-келиндер командасынын мүчөлөрү Саида Кудусова, Наталья Тен, Элзат Алаева чеберчилиги менен таанылууда.

Монголия жана Барбадос өлкөлөрүнүн үстөл теннисчилери менен таймашып, монголдордон жеңилүү ызасын тартып, барбадостуктарды утуп алышты.

Парижде бир жыл машыгат

Кыргызстандын алдыңкы жаш үч дюз-до чеберлери Парижге эл аралык лагерге жөнөп кетишти. Бул лагердеги машыгуу 2011-жылдын май айыны чейин уланып, өз карамагына көптөгөн өлкөнүн атлеттерин камтыйт. Ага Кыргызстандын алдыңкы дзюдочулары Азат Кубакаев, Чыңгыз Мамедов жана Юрий Краковецкий чакыруу алышкан.

Эми бул спортчулар Францияда жашап, быйылкы жылы өтө турган Азия оюндарына жана Лондон-2012 олимпиадасына даярдык көрө баштайт.

Жаштардын биринчи дүйнөлүк олимпиадасына азырынча 6 жолдомо

Кыргызстандын жаш спортчулары август айында Сингапурда өтчү жаштардын биринчи дүйнөлүк олимпиадасына жөнөшөт.

Өлкөнүн улуттук олимпиада комитетинин президенти Мурат Саралиновдун айтымында, азырынча олимпиадага алты спортчу жолдомо алышты.

- Алдыда дагы эки дзюдочуга “жашыл карточка” аркылуу лицензия ыйгарылышы мүмкүн. Спортчулар олимпиада оюндарына катышуу үчүн жолдомо жеңиши абзел. Сингапур жаштар Олимпиадасына тандоо катуу сынактардын негизинде жүрдү. Ага карабай алты спортчубуз лицензия жеңишсе, дагы экөө жолдомого талапкер болушууда. Бул оюндарда бокс жана күрөш чеберлерине ишеним артып турабыз.

Грек-рим күрөшүнөн Урмат Ааматов жана Шадыбек Сулайманов, бокс боюнча Исламжан Далибаев, сууда сүзүүдөн Дмитрий Александров жана Екатерина Лысенко, аялдар күрөшүнөн Айша Акбарова дүйнөлүк оюндарга жолдомо жеңип алышкан.

Биринчи жаштар олимпиадасы спорттун 30 түрүнөн, 201 дисциплина боюнча өткөрүлөт.

Кыргызстанда гира спорту боюнча чемпионат өтөт

Мелдеш 1-июнь күнү Бишкектеги “Ататүрк” сейил багында болот. Гира спорту боюнча федерациядан кабарлашкандай, таймашка кыргызстандык спортчулар эле эмес, Казакстандан келген өкүлдөр да катышат. Күч органдарында жана өрт өчүрүү кызматында иштегендер да таймашат. Турнирге адактуу конок катары гира спорту боюнча дүйнөнүн рекордун жаңырткан спортчу Валерий Федеренко чакырылды.

Жеңил атлетчилер жарыштары

Сингапурда жаштар арасында жеңил атлетика боюнча Азия чемпионаты өтүүдө. Каражаттын тартыштыгынан улам Кыргызстандан Азиялык таймашууга Семен Попов гана барган. Ал узундукка секирүүдө 6 метр 62 см аралыкты багындыруу менен алтынчы орунду ээледи.

Бишкекте 29-майда жеңил атлетикалык кросс боюнча шаардык чемпионат өтүүдө. Бул туурасында Дене тарбия, спорт жана туризм боюнча шаардык комитеттин кызматкери Эркинбек Абдылдаев “Азаттыкка” билдирди.

Жеңил атлетикалык таймаштар Кара жыгач токойунун аймагында өткөрүлүп жатат. 500, 1 миң жана 2 миң метр аралыкка жүгүрүүдө эң мыктылар аныкталып жаткан учуру. Таймашка Бишкектин спорт мектептеринин тарбиялануучулары, ошондой эле чуркоону сүйүүчүлөр катышууда.

Балдарга арналган мелдештер

Бишкекте 1-июнь балдарды коргоо күнү белгиленет. Бул күнү борбордо спорт майрамы өтөт. Аны дене тарбия, спорт жана туризм боюнча шаардык комитети уюштурууда.

Бишкектин борбордук эски аянтында спорттун бардык түрлөрү боюнча мелдештер өтмөкчү. Мындан тышкары улуттук спорттук оюндар да болот.

Ушул эле күнү, борбордун ири соода комплекстеринде клоундардын катышуусунда программалар каралган, балдарга бекер балмуздак таратылат. Ал эми циркте кайрымдуулук иш чаранын алкагында балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары, реабилитациялык борбордун балдары үчүн программа даярдашкан. Сейил бактарда да майрамдык иш чаралар өтөт.
XS
SM
MD
LG