Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:53

Медициналык котормолор үчүн методикалык колдонмо зарыл


Кыргызстандын медицина тармагында иш кагаздарын кыргызча жүргүзүү Ат-Башы районунан башталып жатат.

Саламаттык сактоо министрлигинин Мамлекеттик тил боюнча координатору Мейманжан Жээналиевдин пикиринде, башкаруу системасынын өзгөрүшү, Маданият министрлигинин агенттикке айланышы - өлкөдө кыргыз тилинин өнүгүшүнө тоскоол этпейт:

- Бизде мамлекеттик тил мыйзамы бар. Аны эч ким жокко чыгара элек. Улуттук тил комиссиясы агенттикке барганы менен, өзүнчө департамент болуп иштеп жатат. Кандай башкаруу формасы болбосун, кыргыз тили – кыргыз элинин жүзү. Демек анын өнүгүүсү токтоп калбайт.

Саламаттык сактоо тармагында медициналык терминдерди, медицинага байланышкан айрым сөздөрдү кыргызчалатуу – бир жагы кыйынга туруп, экинчи жагы талаш-тартыштарды жаратып келет. Учурда медицина тармагында иш кагаздарын мамлекеттик жана расмий тилде жүргүзүү – аймактарда жана айрым борбордук медициналык жайларда башталып жатат:

- Биз быйыл Ат-Башыда республикалык көрсөтмө семинар өткөрдүк, иш кагаздарын кыргызча жүргүзүү боюнча. Ошондо 5 баян кыргызчалатылып, талкууланып, кабыл алынды. “История болезни” азыр “Бейтап баяны” деп эки тилде жазылууда. Анан “Бала баяны”, “Төрөт баяны”, “Ымыркай баяны” болуп, айрым медициналык иш кагаздары Ат-Башыда эки тилде жүргүзүлө баштады. Маселе Чүй менен Бишкекте болуп жатат. Себеби Бишкекте, Чүй аймагында расмий тилде сүйлөгөндөр көп болуп жатпайбы...

Бишкектеги №3 шаардык балдар клиникалык ооруканасында эки жылдан бери медициналык жыйындар аптанын ар ишемби күнүндө кыргыз тилинде өтүп келатат. Аталган оорукананын башкы дарыгери, медицина илимдеринин доктору, профессор Талантбек Өмүрбеков “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып, кыргыз медицина тармагына котормо зарылдыгын белгиледи.

- Кыргыз тилинде медициналык көп сөздөр олдоксон угулат. Мисалы “задний проход” деген сөздү “көтөн чучук” дейбиз. Дагы башка жыныстык органдарды, “заңдоо”, “заара” дегендерди кыргызча атоо башында бизге ыңгайсыз болуп жатты. Эми азыр үйрөнүп калдык, эч ким ыңгайсызданбайт, эч ким күлбөйт. Органдардын, сөөктөрдүн аталыштарын, диагноздорду которуп, биз азыр кенен сүйлөп калдык. Ал эми кыргызча билбегендер которуп жазып алып, жыйналышта окуп берип атышат. Саламаттык сактоо тармагында котормо боюнча атайын методикалык колдонмо зарыл деп ойлойм.

Учурда Бишкектеги №3 балдар клиникалык ооруканасында буйруктар жана арыздар кыргызча жазылып, андан кийин орусчага которулууда.

XS
SM
MD
LG