Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:04

7-апрель - Саламаттык сактоонун бүткүл дүйнөлүк күнү


Бүгүн 7-апрель бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо күнү. 2009-жылда бул күн “Адам өмүрүн сактайлы. Чукул кырдаалдарда ооруканалардын коркунучсуздугун камсыздайлы” деген темага арналды. Ошондой эле бүгүн Бишкекте майып балдардын маселелерине арналган Форум ачылды.

2009-жылдагы 7-апрель саламаттык сактоо күнү “Адам өмүрүн сактайлы. Чукул кырдаалдарда ооруканалардын коркунучсуздугун камсыздайлы” деген темага арналып өттү.

Адам өмүрүн сактоо максатында түнү-күнү иштеп жаткан ооруканалар негизи – жер титирөө, сел, көчкү жүргөн, ар кандай кагылышуулар болгон чукул кырдаалдарда жабыркашы мүмкүн. А мындай учурларда ооруканалардын кызматкерлери, андагы жабдыктар кошо жабырланат. Саламаттык сактоо министрлигинин башкы дарыгери Самат Тойматов Кыргызстандын ооруканаларынын өзгөчө чукул кырдаалдарга туруштук берүү абалы тууралуу “Азаттыкка” мындай маалымат берди:

- Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоонун эксперттери менен биз Кыргызстандын үч ооруканасын текшерип көрдүк. Алар: Бишкектеги травматология жана ортопедия борбору, Энени жана баланы коргоо улуттук борбору жана Ош облустук оорунасы. Жыйынтыгында аталган ооруканалардын өзгөчө чукул кырдаалдарга туруштук берүүсү 58 пайыз менен бааланды. Бул да жаман эмес. Бирок биздин көп ооруканаларыбыз абдан эскирген. Көпчүлүгү 50-60-жылдары курулган, 7-8 баллдык жер титирөөнү көтөрө албайт. Ошондуктан биз быйыл үч чоң оорукананы жаңылоонун долбоорун иштеп чыктык. Алар: шаардык оорукана, Улуттук госпитал жана Араван районундагы инфекциялык оорукана.

Бишкекте бүгүн “Мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жардам көрсөтүүнүн жаңы жолдорун издөө” аттуу эл аралык Форум ачылды. Кыргызстанда ырасмий маалымат боюнча 20 миң майып бала бар. Жогорку Кеңештин депутаты Гүлнара Дербишеванын айтымында иш жүзүндө майып балдардын саны 20 миңден көп:

- Статистикалык маалымат боюнча Кыргызстанда 20 миң майып бала бар. Бирок бул сан иш жүзүндө алда канча көп болушу мүмкүн. Себеби өзгөчө элет жерлериндеги үйбүлөлөр оорукчан балдарды үйлөрүндө кармап, элден окчун кармашат.

Баткен районундагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн ачылган борбор 2008 - жылдан бери ЮНИСЕФтин каржылоосунда иштеп келатат. Азырынча борбордо 16 бала тарбияланууда. Баткен райондук балдар борборунун директору Токтокан Колдошеванын айтымында бул район боюнча борбордогу 16 баладан башка мүмкүнчүлүгү чектелген бала жок дегендик эмес:

- Биздин борбор азырынча 16 балага гана ылайыкташкан. Албетте майып балдар айылдарда бар. Бирок алардын баарын кароого борбордо орун жок. Ошондой эле бизде мугалимдерибизден логопед жетишпейт.

Нарын облустук майып балдардын укуктарын коргоо боюнча ата-энелердин коомдук бирикмесинин жетекчиси Шарапат Актанованын айтымында ал жетектеген “Кадам” борборунда 20 бала тарбияланууда. Борбор 2002-жылдан бери ар жыл сайын үчтөн баланы мектепке кошуп келет. Мындай балдарды борборго тартууда ата-энелерди көндүрүү да бир топ түйшүктөрдү жаратат:

- Биз ата-энелерге балдарды үйгө камабай, коомго кошкула дейбиз. Алар канткен менен арабадагы баласын, балдакчан баласын коомго кошуудан чочулашат, баламдын көңүлүн оорутуп коюшабы деп. Бирок борбордо балдар өздөрүндөй теңтуштары менен чогуу болушуп, тескерисинче жан дүйнөлөрү ачылат экен.



XS
SM
MD
LG