Кыргыз дене тарбия маданият кеңеши 1929-жылдын 11-ноябрында «Красынй физкультурник» самолетунун курулушу үчүн каражат топтоо максатында республикалык компанияны баштаган. Самолетту куруу демилгесин СССР спортсмендери көтөрүп, чыгымдалчу каражат жалпы советтик дене тарбия кызматкерлери тарабынан чогултулгандыгына байланыштуу, кыргызстандык спортчуларга анча чоң эмес акча жыйноо үлүшү ыроолонгон. Тактап айтканда, спортсмендердин санына жараша Фрунзе шаарынан - 250 рубль, Ош округунан - 300 рубль, Каракол кантонунан- 200 рубль, Таластан- 100 рубль, Фрунзе кантонунан- 150 рубль чогултулаары белгиленген.
Совет убагында социалисттик мүлккө зыян келтиргендерге каршы укуктук жазалоо чаралары көрүлүп келген. Чүй районунун «Кеңеш» колхозунун үч башкармасы 1934-жылдын 11-ноябрында сот жообуна тартылышкан. Мурдагы жетекчилерге колхоздун 90 жылкысын, 10 миң чамалуу рубль жана арбын көлөмдөгү буудайды ысырап кылган, деген күнөө коюлган. Сот өкүмүндө алардын «бай манаптык теги» баса көрсөтүлүп, мындан улам зыянкечтер социалисттик мүлккө сугун арткандыгы ашкереленген. Мурдагы жетекчилердин бай-манаптык теги соттун өкүмүнө да таасир тийгизип, үч башкарма тең ар бири 10 жылдан эркинен ажыратылган.
Фрунзелик большевиктер менен «аң сезимдүү» пролетарийлер 1937-жылдын 11-ноябрында ВКП (б) Борбордук комитетинин генералдык секретары Иосиф Сталинге өмүрлүк жары Надежда Аллилуеванын мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтышкан.
Фрунзе шаарынын партактиви 1937-жылдын 11-ноябрында Кыргызстан КП (б) Борбордук комитетинин биринчи секретардык милдетин убактылуу аткаруучусу Керим Кененбаевдин билдирүүсүн угушкан. К. Кененбаевдин билдирүүсүндө мурдагы биринчи секретарь Максим Аммосовдун эки жүздүү ишкердиги айыпталган. Фрунзелик партактив М. Аммосовду эле айыптап тим болбой, мурдагы биринчи секретардын ишкердигин сынга алчу К. Кененбаевдин билдирүүсү жумшак жасалганды деп ашкерелеген.
Мурдагы тышкы иштер министри Аскар Айтматов 2005-жылдын 11-ноябрында журналисттер үчүн өткөрүлгөн жыйында, АКШ өкмөтү менен НАТО уюмунун өкүлчүлүгү Кыргызстандын аймагына АВАКС үлгүсүндөгү абадан чалгындоо жүргүзүүчү самолетторду жайгаштыруу өтүнүчү менен өз маалында кыргыз өкмөтүнө кайрылган, деп билдирген. А. Айтматовдун айтымында, мындай мазмундагы документтер тышкы иштер министрлигинде сакталып турган жана кыргыз өкмөтү алардын кайрылуусун четке каккан.