Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:11

24-декабрь: Тарых барактары


1995-жылы 24-декабрда болгон президенттик шайлоодо Аскар Акаев жеңүүчү деп табылган.
1995-жылы 24-декабрда болгон президенттик шайлоодо Аскар Акаев жеңүүчү деп табылган.

Түркия Республикасы 1991-жылдын 24-декабрында расмий түрдө Кыргызстан Республикасынын эгемендигин тааный тургандыгын билдирди. Кыргызстандагы кезектеги президенттик шайлоо 1995-жылдын 24-декабрында өткөрүлгөн.

Москва шаарынын майрамы менен И. В. Сталиндин 70 жылдык маарекесине катышкан кыргызстандык делегация 1949-жылдын бул күнү Фрунзе шаарына кайтып келген. Кыргызстандык делегация курамына кирген Министрлер кеңешинин төрагасы И. Раззаков, профессор И. Ахунбаев, республиканын элдик артисти С. Кийизбаева, Кыргызстан ЛКСМ БКнын катчысы С. Өмүрзаков, Социалисттик Эмгектин Баатыры, шахтер А. Сатыбалдиев, кант кызылчачы С. Кайназарова жана жылкычы Т. Кийизбаевдер «Улуу көсөмгө» юбилярдын сүрөтү сайылган туш-кийизди тартуу кылышкан.

Фрунзе шаардык № 12-шайлоо участкасынан 1950-жылдын 24-декабрында сырдуу талапкер шаардык кеңеш депутаттыгына шайланган. Шайлоочулар түн бакырда али ачыла элек шайлоо участкасына алынып келип, мурдагы Пионерская, азыркы Московская көчөсүндө орун алган № 13-мектептин имаратына топтолушкан. Добуш берүүгө 100% шайлоочулар катышып, алардын баардыгы бүткүл элдик талапкер, «азыркы замандын улуу адамы, элдин акылман көсөмү, жолдош Сталиндин» талапкердигин тандашкан.

Ушул эле күнү Фрунзе шаардык кеңешине анын шакирттери-Молотов, Маленков, Берия жана Андреевдер бир добуштан шайланышкан.

Кыргызстан эркиндик алгандан кийин өлкө эгемендигин тааныган мамлекет Түркия Республикасы болгон. Түркия Республикасы 1991-жылдын 24-декабрында расмий түрдө Кыргызстан Республикасынын эгемендигин тааный тургандыгын билдирген. Андан кийин өлкөэгемендигин Австралия, АКШ таанып, 1992-жылы Кыргызстан дүйнөнүн 59 мамлекети менен дипломатиялык мамиле курууга жетишкен.

Кыргызстандагы кезектеги президенттик шайлоо 1995-жылдын 24-декабрында өткөрүлгөн. Айрым адистердин белгилөөсүнө ылайык 95-жылкы шайлоо Конституциялык мөөнөттөн мурда жасалган жана ал Кыргызстанда кийин уланган шайлоо чатагынын башаты болгон. Конституциялык нормага ылайык президенттик шайлоо 1996-жылдын август айында өткөрүлүшү каралган. Бирок өлкөнүн саясий элитасындагы оппозициялык кыймылдан улам, президент шайлоону алар кам көрө алгыс мөөнөттөн мурда белгилеген.

Президенттик шайлоо талапкердигине А. Акаевден башка Ж. Аманбаев, А. Масалиев, М. Шеримкулов, М. Айбалаев, Ю. Тойчубеков, Ө. Текебаев, Т. Бакир уулу көрсөтүлгөн. Борбордук шайлоо комиссиясы талапкерлер региондун шайлоочуларынын санына жараша пропорционалдуу кол топтолушу керек деген күтүүсүз токтом кабыл алып, ал шайлоонун чырга айланышына жол ачкан.

Борбордук шайлоо комиссиясынын жаңжалдуу токтомунун натыйжасында, Ж. Аманбаев, М. Айбалаев, Ю. Тойчубеков, Ө. Текебаев, Т. Бакир уулу президенттик шайлоо талапкердигинен чыгарылган.

Президенттик шайлоого А. Акаев, А. Масалиев менен М. Шеримкуловдор катышып, А. Акаев 71, 65% добуш топтоп кезектеги мөөнөткө мамлекет башына келген.
XS
SM
MD
LG