Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:09

20-март: Тарых барактары


Совет өкмөтүнүн жооптуу жетекчилери М. В. Фрунзе менен В. В. Куйбышевдер 1920-жылдын 20-мартында Пржевальск уездинин партиялык комитетине телеграмма жолдошкон. Россиядагы акча реформасы 1535-жылдын 20-мартында жүргүзүлгөн. Өнөр жайын илимий башкаруу системасын түптөөчүлөрдүн бири - америкалык атактуу инженер Фредерик Уинсли Тэйлор 1856-жылдын 20-мартында туулган.

Орус бийлиги Чыгыш Түркстан жана Индия багытында соода жолун өздөштүрүш максатында экспедиция жабдып, ага губерниялык статс-котормочу Андрей Леонтьевич Бубеновду кошуп жиберген. Кийин кыргыз бийлери-Шапак, Шералы, Эшим жана башкалар орус бийлиги менен кызматташуу максатында өз элчилерин А. Л. Бубеновго кошуп кайра Россия бийлигине жөнөткөн.

Кыргыз элчилери Качыбек менен Жакыпбектер Сибирдеги орус бийлиги менен жолугушуп, сүйлөшүүлөр жүргүзгөн. Сибирь генерал-губернатору Гланзеп элчилерди жеке өзү кабыл алып, Качыбекке кызыл жагоолуу алтын медаль, Жакыпбекке бриллиант шакек берүү өтүнүчү менен империянын Министрлер комитетине кайрылган. Генерал-губернатордун өтүнүчү Министрлер комитетинде каралып, 1814-жылдын 20-март күнү элчилерди сыйлоо маселеси оң чечилген.

Жетисуу областтык штаб начальниги генерал-лейтенант Яковлев 1854-жылдын 20-мартында Өзүнчө Сибирь корпусунун командири Г. Х. Гасфордго билдирүү жолдогон. Билдирүүдө Үмөтаалы Ормоновдун 1854-жылдын 12-февралында жазган каты жана андагы маалымат туурасында түшүндүрмө берилет. Генерал-лейтенанттын кабарлоосуна караганда кокондуктар жаз келээр менен Или өрөөнүнө колсала тургандыгы жөнүндө маалымат алынган жана аны Үмөтаалы Ормонов да жазган катында аныктаган. Ошол эле кезде, штаб начальниги акыркы кабарга сын көз менен карап, кокондуктардын акыркы жеңилиши, аларды чечкиндүү чара көрүүдөн сестендире тургандыгын билдирген. «Жаман айтпай, жакшы жок» дегендей, штаб начальниги кокондуктар кол сала турган багытты бекемдеп кошумча аскер күчүн тартуу зарылчылыгын белгилеген.

Кокон өкүмдары Худаярдын өзүмбилемдик наадандыгына нааразы болгон сарай кызматкерлери 1874-жылдын 20-март күнү ханга каршы кутум уюуштуруп, хандыкта төңкөрүш жасоого аракет жасашкан. Кыргыздын багыш уруусунун башчысы Кантөрө батыр баш болгон кутумчулар такка хандын экинчи уулу Мухаммад Аминди алып келүүнү көздөшкөн. Кутумга кыргыздын багыш уруусу, Кантөрө баатырдын тууган, уругу жана жакын санаалаштары катышкан. Кутумчулар ханга шаардан сыртка чыккан маалда кол салып, төңкөрүш жасоону пландаштырышкан. Бирок кутумчулар арасынан Мадалибек чыккынчы чыгып, болгон сырды ханга билдирген. Худаярдын көрсөтмөсү боюнча Кантөрө баатыр 16 жолдошу менен камакка алынып, кийин ал сууга чөктүрүлүп өлтүрүлгөн.

Совет өкмөтүнүн жооптуу жетекчилери М. В. Фрунзе менен В. В. Куйбышевдер 1920-жылдын 20-мартында Пржевальск уездинин партиялык комитетине телеграмма жолдошкон. Телеграммада жергиликтүү кулактардын зыянкеч аракеттери көрсөтүлүп, аларга каршы чечкиндүү күрөш жүргүзүү керектиги белгиленген.

Бүгүн бардык француз тилинде сүйлөгөнь калктар эларалык франкофония күнүн белгилешет. Азыр француз тилинде сүйлөгөн дүйнөнүн 47 өлкөсү Франкофония биримдигине баш кошушкан.

Россиядагы акча реформасы 1535-жылдын 20-мартында жүргүзүлгөн. Анын натыйжасында мамлекет алкагында бирдиктүү акча системасы жүгүртүүгө киргизилген. Акча реформасына ылайык мамлекеттик тыйын сарайында күмүштөн куюлган жаңы «копейка», «деньга» жана «полушка» гана товардык алып-сатуу эквивалентине арзыган.

«Алтын кудай» аталган дүйнөлүк футболдун кубогу 1966-жылдын 20-мартында Англия мамлекетинен уурдалып кеткен.
Дүйнөлүк маалымдоо каражаттарында «италия мафиясы» туурасында каңшаар кеп күч ала баштаган маалда, 1979-жылдын 20-март күнү италиялык журналист Мино Пекорелли киши колдуу өлтүрүлгөн.

Журналист италиялык саясатчы Джулио Андреоттинин мафия менен байланышын иликтеп, топтолгон материалды жарыялайм деп убада берген. Жалданма каракчынын Мино Пекореллини көз көрүнө пистолеттен беш ок чыгарып өлтүрүшү коомчулукту калайманга салган. Перуджа шаарынын соту Италия өкмөтүн беш жолу башкарган, өмүрү өткөнчө сенатор кызматына дайындалган 83 жаштагы Джулио Андреоттини 24 жылга түрмөгө камоого өкүм чыгарган.

Дидро, Мольерлердин бюсттарын, Вольтер, Руссо, Наполеон, Вашингтон, Франклин сыяктуу көрүнүктүү ишмерлердин скульптуралык портреттерин жасаган атактуу француз скульптору Жан-Антуан Гудон 1741-жылдын 20-мартында жарык дүйнөгө келген.

Өнөр жайын илимий башкаруу системасын түптөөчүлөрдүн бири - америкалык атактуу инженер Фредерик Уинсли Тэйлор 1856-жылдын 20-мартында туулган. Тэйлор жаш чагынан жумушка аралашып, маңдай тер менен тапкан каражаттын баркын эрте баамдаган.

Фредерик Гарвард университетине экзаменди ийгиликтүү тапшырып, бирок көз оорусуна байланыштуу университеттик окууну токтотуп, темир иштеткен заводдо эмгектене баштаган. Ф. Тэйлор заводдогу эмгек чыйырын жөнөкөй жумушчудан баштап, башкы инженерге чейин көтөрүлгөн. Бул кызматта ал эмгектин өндүрүмдүүлүгүн арттыруу багытында 40 техникалык патент алууга жетишкен.
XS
SM
MD
LG