Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Ноябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:55

8-май: тарых барактары


2006-жылдын 8-майында Кыргызстанда оппозиция «Реформа үчүн" кыймылын түзгөн.
2006-жылдын 8-майында Кыргызстанда оппозиция «Реформа үчүн" кыймылын түзгөн.

Кыргыз Илим комиссиясынын 1926-жылдын 8-май күнкү жыйынында «Областтык музейди уюштуруу» маселеси каралган. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинде 2003-жылдын 8-май күнү этникалык кыргыздардын абалына арналган талкуу өткөрүлгөн. Бишкек шаарында 2007-жылдын 8-май күнү ХХ Азия оюндары башталган. 8-май Европа өлкөлөрүндө фашизмден кутулуу күнү катары белгиленет.

Түрккомиссия, Элдик комиссарлар Совети, ТүркЦИК жана Аткаруу комитети менен Аткаруу бюронун 1920-жылдын 8-майында өткөн биргелешкен жыйынында «кыргыз маселеси» боюнча атайын токтом кабыл алынган. Анда Жети - Суудагы кулактардын ашкере таасирин жою, тамак аш проблемасын чечүү, маданий-агартуу чараларын жүзөгө ашыруу сыяктуу олутту маселелер каралган.

Кыргыз Илим комиссиясынын 1926-жылдын 8-май күнкү жыйынында «Областтык музейди уюштуруу» маселеси каралган. Жыйында музейди уюштуруш үчүн имарат бөлүп берүү өтүнүчү айтылып, Орто - Азия Башкы илим бирикмесинен керектүү экспонаттарды суроо жана областтык коллегиядан жаңы музейди Алматы музейинен бөлүү сыяктуу маселелер каралган.

Кыргыз эл жазуучусу Түгөлбай Сыдыкбеков 1973-бул күндөрү Кыргызстан КП БКнын биринчи катчысы Т. Усубалиев менен экинчи катчы Тартышевге кат менен кайрылган. Катта кыргыз адабиятынын абалы, улуттук колориттен айрылган Фрунзе шаарынын архитектурасы, кыргыз тарыхы жана эне тил көйгөйлөрү көтөрүлгөн. Атактуу жазуучу ошол кездеги партиялык диктатка карабастан улут безерлерге жана чагымчылдарга каршы чара көрүү сыяктуу олуттуу маселелелерди кабыргасынан койгон.

Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу пасхалык Ырайым от 2003-жылдын 8-майында Бишкек шаарына алынып келген.
Кыргызстандын тышкы иштер министрдигинде 2003-жылдын 8-май күнү этникалык кыргыздардын абалына арналган талкуу өткөрүлгөн.

Жыйында чет өлкөлөрдөн тарыхый мекенине кайтып келген кыргыздардын укуктарынын жөнгө салынбай, алардын Кыргызстандын граждандыгын алышына ар кандай тоскоолдуктар жасалып жаткандыгы белгиленген. Көйгөйлүү маселени чечиш үчүн миграциялык кызмат эки этаптык иш чараны иштеп чыккан. Анын биринчиси иммигранттык укук болсо, экинчиси граждандыкты берүүгө багытталган.

Демократиялык күчтөрдүн коалициясы 2006-жылдын 8-майында «Реформа үчүн кыймылга» айланган. Коалициянын координациялоочу органы «Реформа үчүн кыймылдын» кеңешине айланган. Аталган уюм 8-майда билдирүү таратып Кеңешке 29-апрелдеги тынч митингди уюштурган штабдын бардык мүчөлөрү кирген. Мындай өзгөрүүгө штабдын кеңейиши менен кыймыл үчүн келип чыккан узак мөөнөттүү пландар себеп болгон.

Бишкек шаарында 2007-жылдын 8-май күнү ХХ Азия оюндары башталган. Азия чемпионатынын оюндарында грек-рим, эркин жана аялдар күрөшү боюнча Кыргызстанды кошкондо жыйырма өлкөнүн спортчулары күч сынашышкан.

8-май Европа өлкөлөрүндө фашизмден кутулуу күнү катары белгиленет. Фашисттик Германия ортоңку Европа убактысы боюнча 8-май күнү 23 саат 01 минутада толук капитуляцияланган. СССР аймагында болсо бул убакта 9-май күнү келгендигине байланыштуу Жеңиш күнү 9-майда майрамдалып калган.

8-май Кызыл крест жана Кызыл жарым ай күнү катары белгиленет. Ал 1828-жылы жарык дүйнөгө келген швейцариялык гуманист Анри Дюнандын урматына коюлган. Анри Дюнан согушта жаракат алгандарга жардам берүү демилгесин көтөрүп, айланасына бир канча ыктыярдуу адамдар тобун топтой алган.

1863-жылы анын чакырыгы боюнча конференция уюштурулуп, ал жыйында Кызыл крест уюму уюшулган. Кызыл крест жана Кызыл жарым ай уюмдары Советтер союзунда 1925-жылы курулуп, анын ишкердиги Кыргызстан аймагына да тараган. Эгемен Кыргызстанда азыр аталган уюмдар кайрымдуулук программаларын жүзөгө ашырышып, миңдеген адамдар алардын камкор кайрымдуулугуна иш жүзүндө күбө болуп келишет.

Испандык саякатчы Эрнандо де Сото 1541-жылдын 8-май күнү Миссисипи дарыясын ачкан.

Англис пролетариятынын саясий талаптарын туюнткан «Элдик хартия» программасы 1838-жылдын 8-май күнү жарыяланган.
«Кока-Кола» суусундугу 1886-жылдын 8-май күндөн тарта өндүрүлө баштаган. Суусундукту ойлоп тапкан атланталык доктор Джон Пембертон башында күнүгө тогуз зки жүз граммдык ичимдикти чыгарган. Кийин 1988-жылы анын сатылыш көлөмү 1 миллиард долларга жеткен.

Кытай мамлекети 1895-жылдын 8-май күнү Тайванды үпонияга берген.

Англия мамлекети 1923-жылдын 8-майында Советтер Союзуна «Керзондун ультиматуму» аталган саясий талаптарды койгон.
Франция 1947-жылдын 8-май күнү Валюталык Фонддон чыккан.
XS
SM
MD
LG