Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:57

15-май: тарых барактары


15-май - Үй бүлөнүн эл аралык күнү
15-май - Үй бүлөнүн эл аралык күнү

Кыргызстан, Армения, Казакстан, Россия, Тажикстан, Өзбекстан өлкөлөрүнүн өкүлдөрү 1992-жылдын 15-майында Ташкент шаарында Коллективдүү Коопсуздук Келишимине кол коюшкан. Кытай Элдик Республикасы 1995-жылдын 15-май күнү атом бомбасынын кезектеги жардыруу сыноосун өткөргөн жана анын таасири Кыргызстанга да тийген. Дүйнө коомчулугу 15-майда Үй бүлөнүн Эларалык күнүн белгилейт.

Түркстан АССРинин Борбордук аткаруу комитети 1918-жылдын 15-майында область жана уезддик комиссарлар Кеңешин куруу туурасында чечим кабыл алган. Ошондой эле, ал Кеңештерге караштуу улуттук секцияларды түзүп, анда айыл, кыштактарда бийлик органдарын уюштуруу жана бай, манаптарга каршы күрөш жүргүзүү сыяктуу маселелер чечилген.

Нарын уезддик партиялык I Уюштуруу конференциясы 1919-жылдын бул күнү ишин баштаган. I Уюштуруу конференцияда партиянын шаардык катчысын шайлоо маселеси каралган.

Түркстан ишчи аялдарынын I курултайы 1920-жылдын бул күнү Ташкент шаарында ишин баштаган. Курултайда Түркстан фронтунун башкы командачысы М. В. Фрунзе сөз сүйлөп экономикалык жаңылануу, жаңы коом куруу үчүн эмгекчилердин козголушу жана чыгыш аялдарынын ачылып, коомдук ишке тартылыш маселелери күн тартибине коюлган.

Кыргызстан, Армения, Казакстан, Россия, Тажикстан, Өзбекстан өлкөлөрүнүн өкүлдөрү 1992-жылдын 15-майында Ташкент шаарында Коллективдүү Коопсуздук Келишимине кол коюшкан. Келишим Бириккен Улуттар Уюмунун Уставында каралган аймактык коопсуздук боюнча аскердик уюмдашуусуна дал келген жана айрым Шериктеш өлкөлөрдүн аскердик коргонуу концепциясына жооп берген.

Кытай Элдик Республикасы 1995-жылдын 15-май күнү атом бомбасынын кезектеги жардыруу сыноосун өткөргөн. Жардыруу Такла Макан чөлүндө жасалып, адистердин айтымында кытайлыктар шамал Орто Азияга соккон маалга тушташ сыноону башташкан жана мындан Кыргызстандын экологиясы жабыр тарткан. Кыргызстандын Тышкы иштер министрдиги сыноону айыптап атайын билдирүү кабыл алган. Билдирүүдө Кыргызстандын табиятына, адамдардын ден соолугуна залака келгени белгиленген.

Мамлекет башчысынын 1996-жылдын 15-майдагы жардыгына ылайык, Бишкек шаарынын Эркиндик бульварында «Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөөчүлөрүнө арналган аллея» ачылган.

«Улуу Жибек Жолунун тилкесиндеги көчмөндөр коому менен отурукташкан оазистердин өз ара таасирлешүү шартындагы мамлекеттүүлүктүн өнүгүшү» аттуу эларалык илимий конференция 2003-жылдын 15-май күнү Бишкек шаарында ишин баштаган. Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгына арналган конференцияга Россия, Германия, Казакстан, Кытай, Монголия, Франция, Түркия жана Украина өлкөлөрүнөн келген илимпоздор катышкан.

Россия мамлекетиндеги еврейлердин укуктарын чектеген «убактылуу жобо» 1882-жылдын 15-май күнү кабыл алынган. Жобого ылайык еврейлерди окуу жайларына кабыл алуу саны чектелген.

Дүйнөгө оюн бизнесинин борбору катары атагы тараган Лас-Вегас шаары 1905-жылдын 15-май күнү негизделген.

«Барборос» планына ылайык гитлердик Германия 1941-жылдын 15-май күнү Советтер Союзуна кол салууну мерчемдеген. Анткен менен фашисттик армияга каршы Югославия менен Грециядагы айыгышкан согуш айынан кол салуу алты жумага кеч калган.
Советтер Союзу, Америка Кошмо Штаттары, Улуу Британия жана Франция окуппациялык күчтөрү менен Австрия мамлекети ортсундагы келишимге 1945-жылдын 15-май күнү кол коюлган. Келишимге ылайык Австрия нейтралдык мамлекет деп жарыяланып, анын аймагында орун алган окуппациялык күчтөр өлкө тышына чыгарылган.

Советтер Союзу 1988-жылдын 15-майынан баштап өз аскерлерин Афганистандан чыгарууга киришкен.

Дүйнө коомчулугу 15-майда Үй бүлөнүн эл аралык күнүн белгилейт. Үй бүлөнүн эл аралык күнү Бириккен Улуттар Уюмунун 1993-жылкы Генералдык Ассамблеясында кабыл алынган. Үй бүлө коомдун негизги институту катары адамдын социалдашуусунун биринчи кадамын белгилеп, ал айлана чөйрөгө жараша өзгөрүп турат.

Үй бүлө коомдун негизги элементи катары адамзат баалуулугун казынасынын кызматын аткарып, маданий жана тарыхый дөөлөттү муундан-муунга мураска калтырууда алмашкыз роль ойнойт. Үй бүлө канчалык бекем болсо мамлекеттин да экономикалык күч-кубаты көтөрүлөт. Ошондуктан үй бүлөнүн абалына жараша мамлекеттин өнүгүү деңгээли аныкталат. Атактуу жазуучу Михаил Афанасьевич Булгаков 1891-жылдын 15-май күнү жарык дүйнөгө келген.

Таанымал саясатчы, Америка Кошмо Штаттарынын мурдагы мамлекеттик катчысы Мадлен Олбрайт 1937-жылдын 15-майында туулган.

XS
SM
MD
LG