Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:04

28-март: тарых барактары


1919-жылдын 28-май күнкү билдирүүсүнө караганда Пржевальск шаары козголоңчу ак гвардиячылардын камоосунда калган. В. И. Ленин 1918-жылдын 28-май күнү чек ара кызматын куруу туурасындагы Декретке кол койгон. 1921-жылдын 28-майында соңуна чыккан. Конференция бүтүмүнө ылайык Совет өлкөсү жаңы экономикалык саясат багытына түшкөн. ФРГнын гражданини Матиас Руст башкарган «Сессна-173П» самолету 1987-жылы Кызыл Аянтка конгон

Пишпек Элдик депутаттар Кеңешинин аткаруу комтитети 1919-жылдын 28-майында Беловодск козголоңунда курман болгон контрреволюционерлердин үй бүлө мүчөлөрүн куугунтуктоого тыюу салган чечим чыгарган. Кеңешчилердин чечиминде контрреволюционерлер үчүн алардын балдары жана аялдары жооп бербеш керектиги көрсөтүлгөн.

Элдик депутаттар козголоңчулардын саясий системага ылайык Совет бийлигине каршы чыккандыгын баса белгилешкен. Эгер, козголоңчулардын аялдары кандайдыр бир контрреволюциячыл кыймылга катышпаса, анда алардын үй бүлөөсүнө социалдык жардам көрсөтүү маселеси көтөрүлгөн.

Пржевальск уездинин оперативдүү-саясий коргоо штабынын 1919-жылдын 28-май күнкү билдирүүсүнө караганда Пржевальск шаары козголоңчу акгвардиячылардын камоосунда калган. Ак гвардиячылар шаарды басып алыш үчүн болгон аракет жасап, туш тараптан чабуул коюп баштаган. Жергиликтүү бийлик абалды оңдош максатында борбордон кызыл аскерлерди жардамга чакырган.

Кыргызстан мугалимдеринин 1925-жылдын май айында өткөн кезектеги жыйынан кийин, билим коомчулугу бул күндөрү Касым Тыныстанов сунуш кылган жаңы кыргыз алфавити тегерегинде кызуу талкууга киришишкен. Касым Тыныстановдун көз карашына караганда жаңы шартта эски араб ариби кыргыз тилинин тыбыштык жана техникалык өзгөчөлүктөрүн толук чагылдыра албай калган.

Окумуштуу кыргыз тилинин келечек өнүгүүсүн камсыз кылыш үчүн латын алфавитин кабыл алуу мезгил талабына жооп бере тургандыгын далилдөөгө аракет жасаган. Касым Тыныстанов, ал үчүн билим адамдарына латын алфавити кандай жеңилдиктерди алып келе тургандыгын түшүндүрүүгө аракет жасаган. Мындан тышкаары ал, кыргыз калкы жаңы тамганы үйрөнүп өздөштүрүп кете алабы деген сыяктуу суроолорду да койгон.

Фрунзе шаардык жумушчу, дыйкан жана кызыл аскерлердин Кеңеши 1929-жылдын бул күндөрү Жумушчулар шаарчасында орун алган башаламандыкка каршы чечкиндүү чара көрүүгө киришкен. Шаардык кеңештин чечимине ылайык Жумушчулар шаарчасынын көчөлөрү ирээтке келтирилип, үйлөрдүн номурлары белгиленип, арыктагы сууга кир жууганга тыюу салынган.

Фрунзе шаардык кылмыш иликтөө кызматы 1929-жылдын 28-май күнү М. Барская аттуу кылмышкерди кармагандыгын билдирген. Укук сакчыларынын билдирүүсүнө караганда М. Барская Краснорядской, азыркы Куйбышев көчөсүндө орун алган үйүндө бир канча жыл аралыгында социалисттик моралга туура келбеген ахлаксыз иштерди жасап келген.

Австралиялык жазуучу, Нобель сыйлыгынын лауреаты Патрк Уайт 1912-жылдын 28-майында туулган. Ал адабият дүйнөсүнө эпикалык жана психологиялык чеберчилик ыкмасын тартуулаган.

Грек философу, астроном жана математик Фалес Милетскийдин жазганына караганда б.з.ч. 585-жылдын 28-майындагы күн тутулуудан Лидия менен Мидия мамлекеттери ортосундагы 6 жылдык согуш соңуна чыккан. Лидия падышасы Алиат менен Мидия өкүмдары Киаксар күндүн тутулушун жараткандын амири катары кабыл алышып, Галис дарыясынын боюнда тынчтык келишимге келишкен.
Дүйнөдөгү биринчи жабык суу сүзүүчү бассейн 1742-жылдын 28-май күнү ачылган.

В. И. Ленин 1918-жылыдн 28-май күнү чегара кызматын куруу туурасындагы Декретке кол койгон.

Үч күнгө уланган РКП (б)нын X Бүткүл россиялык конференциясы 1921-жылдын 28-майында соңуна чыккан. Конференция бүтүмүнө ылайык Совет өлкөсү жаңы экономикалык саясат багытына түшкөн.

Советтер Союзундагы биринчи беш жылдык план Москва шаарында 1929-жылдын 28-май күнү өткөн СССР Кеңешинин V съездинде кабыл алынган.

Палестина боштондук Уюму 1964-жылдын 28-майында уюшулган.

Советтер Союзунун чегарачылар күнү ФРГнын гражданини Матиас Руст башкарган «Сессна-173П» самолету 1987-жылы Кызыл Аянтка конгон. Совет мамлекетинин тирегине доо кетирген 19 жаштагы учкуч 4 жылга эркинен ажыратылып, бир канча жооптуу аскер жетекчилери ээлеген кызматынан алынган.
XS
SM
MD
LG