Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:41

Борис Помаскин көп кырлуу талант болчу


Б. Помаскиндин колу менен реставрацияланган Манастын күмбөзү.
Б. Помаскиндин колу менен реставрацияланган Манастын күмбөзү.

Кыргызстанда белгилүү археолог Борис Помаскин узакка созулган оорудан кийин 18-декабрда дүйнөдөн кайтты. Тарых эстеликтерин реставрациялоо боюнча ири адис катары таанымал археологдун ишмердиги жөнүндө анын кесиптеши, Славян университетинин доценти Гүльмира Жунушалиева "Азаттыкка" кыскача кеп салып берди.

- Борис Помаскин реставратор катары калыбына келтирүүгө катышкан тарыхый эстеликтер жөнүндө, дегеле анын ишмердиги мааниси жөнүндө айтсаңыз.

- Борис Помаскин көп жылдар бою "Кыргызреставрация" илимий-өндүрүштүк ишканасында иштеди. Анын ишмердиги көрүнүктүү үч тарыхый эстелик менен байланышкан. Алар: Бурана мунарасы, Өзгөн тарыхый комплекси жана Манастын күмбөзү. Ал мындан сырткары петроглифтер менен да иштеген. Саймалуу-Таштын петроглифтерин изилдеген. Ысык-Көлдүн жана Сулайман Тоонун петроглифтери жөнүндө китеп жазган. Ал акылдуу окумуштуу, көрүнүктүү реставратор болчу.

- Борис Помаскин реставратор катары эле эмес башка өнөрдү да билген, көп кырлуу талант эле деп айтышат замандаштары.

- Ооба. Ал абдан тамашакөй адам болчу. Азил-тамаша түрүндө кыскача ырларды жазчу. Ошондой эле мыскыл-тамашалуу кыска аңгемелерди да жазган. Ал мындан сырткары сүрөттү жакшы тартчу. Помаскин тарыхый эстеликтердеги оюу-орнаменттерди калыбына келтирүүнүн үстүндө иштегендиктен, албетте, сүрөт тарткан жагындагы чеберчилиги түшүнүктүү. Ал ошондой эле грек тилин да билчү. Гомерди түп нускасында окуй алар эле. Өмүрүнүн акыркы жылдарында ал немис тилин окуп үйрөнүп жүргөнүн билчүмун. Бул абдан акылдуу адам эле.




XS
SM
MD
LG