Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:31

Т. Акун: Камап-кармоолорго президент да каршы


Кыргызстандын акыйкатчысы Т. Акун митингге чыкканы үчүн кармалгандарды бошотуу керектиги жөнүндө президенттен дубай салам алганын, кармап-камоо фактыларына мамлекет башчы да каршы экенин «Азаттыктагы» маегинде айтып берди.

- Обмудсмен институту коомдук-саясий кырдаалды турукташтыруу боюнча тегерек үстөл өткөргөнү жатат. Бүгүнкү тегерек үстөлдү талкуунун күн тартибине кандай маселелер коюлуп жатат, өзөгү эмнеде?

- Өзөгү, эң негизги маселе, бийлик менен айрыкча мамлекеттик күч органдарынын, граждандык коомдун, коомчулуктун ортосундагы диалог, түшүнүшүүгө келүү. Анткени өткөндө бийликтин өкүлдөрү менен оппозициянын өкүлдөрү сүйлөшүп, ОДКБ саммити өтөр маалда акциялардын баарын Бишкекте токтото туралы деп оппозициянын өкүлдөрү милдеттенме алды. Бирок ошол эле убакта кармалган адамдарды бошотуп койгула деп митинг кылды. Ошондой сүйлөшүп келишимге келишкен.

Оппозициянын өкүлдөрү андай акцияларды өткөрбөгөнгө аракет кылды, ал эми бийликтин өкүлдөрү убадасын аткарган жок. Андан тышкары соттор дагы жабык мекемелерге барып, приемник-распределителге, спецкомендатурага барып сот өткөрүп атат. Ал жакта элементарный шарт болуш керек, сүйлөшө, кеңеше турган бөлүмү болуш керек, адвокаттар болуш керек. Андай маселелер эч кандай сакталган жок. Ошон үчүн бүгүн ийри отуруп, түз кеңешип ушундай маселелерди тактап албасак, коомдук абал барган сайын курчуп кетиши мүмкүн.

- Акыйкатчы катары айтсаңыз, флеш-моб, жөө жүрүш, пикет, митинг өңдүү нааразылык иш чаралар акыркы кезде абдан көбөйүп кетти. Бул ушул президенттик шайлоого байланыштуу элеби, же коом өзү ушундай болуп баратабы?

- Биринчиден, президенттик шайлоого да байланыштуу. Анткени президенттик шайлоо Кыргызстандагы мамлекетте эң чоң өнөктүк болуп эсептелет. Президенттик шайлоо болгондон кийин ушундай массалык акциялардын кайталанышы бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Анткени бирөө шайлоону туура дейт, бирөө туура эмес дейт. Коомчулук болгондон кийин түрдүү пикирлер болот. Чынында эле президенттик шайлоо өттү, шайланды. Бирок ошондой болгон күндө дагы көптөгөн кемчиликтерге жол берилип атпайбы. Ошол жөнүндө эл чыгып пикирин айтып атат, ал үчүн камалып атат.

- Ошол эле мезгилде камоо-кармоо деген күч кызматтарынын эле жеке демилгесиби, же мамлекеттик саясатпы? Эмне үчүн Кыргызстан жарандарга катаал чараларды көргөн тоталитардык өлкөгө айланып баратат деген дооматтар акыркы мезгилде көп айтылып атат?

- Бүгүнкү тегерек үстөлдө так ушул маселени карайлы деп атабыз. Эң негизи - Масалиев Исхак тарабынан иштелип чыгып, парламенттен кабыл алынып, биз кол койбо десек да президент кол койгон мыйзамда жазылып атпайбы ошол. Мурда айтып коюп эле чыга берчү. Азыр болсо уруксат алмайынча чыкпайсың. Закондун туура эмес кабыл алынып калганы боюнча убагында какшаганбыз да, аны укпай коюшту.

Мен жетекчилик кылган жумушчу топ жаңы закон иштеп чыгып, Венецияга жиберип, Венеция комиссиясынын корутундусун алып, мына ошону парламентке сунуш кылып атабыз. Мына ошол жаңы мыйзам кабыл алынса, мунун баардыгы болбойт. Эми муну атайын мамлекеттик саясат ушундай, президент көрсөтмө берди дегенге да бизде негиз жок. Анткени мыйзамда ушундай жазылып турат. Милицияларга барып айтсак, башчылары айтат мыйзамды өзгөртпөйсүңөрбү, бизге да кыйын болуп атат, мыйзамда кандай жазылган болсо ошол талап боюнча кармап атабыз деп.

- Акыйкатчы мырза, сиз президент менен байланышканыңыз тууралуу өткөндө журналисттерге маалымат бердиңиз эле. Камап-кармоолор боюнча президенттин маалыматы барбы, ал кандай пикирде болуп атат?

- Сөзсүз түрдө эле президент менен кол алышып көзмө-көз сүйлөшүп жолугушуунун кереги жок. Биз түрдүү каналдар менен жолугуп турабыз. Мен балдар кармалгандын эртеси телефон менен чыгып администрациядагы эң жогорку даражадагы адамдар аркылуу президентке айттырдым, жолугушайын десем ОБДКБ болуп, убактысы болбой аткан экен.

Анан алар төкпөй-чачпай президентке айтып берди, адамдын укугу тебеленип атат, камалып атат, сотту жабык жерлерде өткөрүп атат деп. Аларды камаштын кереги жок, 15 күнгө Топчукени баштап жөнөкөй адамдарды камап атат, бул эмне деп эмоция менен президентке айттырдым.

Алар төкпөй-чачпай президентке айтса, президент мага салам дубасын айттырыптыр: "Турсунбектин айтканы туура, аларды камаштын, 15 күндүк жазага алыштын кереги жок болчу" деп. Кайра акыйкатчы катары менден сураныптыр, адамдардын эркиндигин коргоого, аларды бошотконго аягына чейин аракет кылсын, биздин админстрация да көмөктөшөт деп.

- Ошол эле мезгилде 15 күндүк камака алынгандар азыр да отурушат?

- Бирок көмөктөшөт дегени жакшы жагдай болду, мен өзүм кийлигишип, жабык жайларга барып, НПОнун өкүлдөрү менен жүрүп камалган аялдардын баарын штраф менен бошотуп алдым. Андан тышкары ооругандарды да жана эки адамды бошоттук.

- Маегиңизге чоң рахмат.

XS
SM
MD
LG