Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:37

“Аялзат жана көркөм өнөр” аттуу көргөзмө ачылат


Эртең Гапар Айтиев атындагы мамлекеттик музейде “Аялзат жана көркөм өнөр” аттуу көргөзмө ачылат. Ага Кыргызстандагы 40 ка жакын сүрөтчү айымдын эмгектери коюлуп жатат.

Гапар Айтиев атындагы мамлекеттик музейде ачылганы жаткан “Аялзат жана көркөм өнөр” аттуу көргөзмөгө белгилүү сүрөтчү айым Гүлнар Букардын “Түш” аттуу үч картинадан турган эмгеги коюлуп жатат. Гүлнар айым аталган эмгегин Америкага болгон чыгармачылык сапарында жараткан экен:

- Мен Америкага болгон сапарымда графиканын жаңы жактарын тапкандай болдум. Өзүм деле башынан графикага жакын эмесминби. Анан кенже балдардын жомок китептерин, окуу китептерин жасалгалап келатам.

Маданият жана маалымат министрлигинин бөлүм башчысы Дамира Алышбаеванын айтымында “Аялзат жана көркөм өнөр” көргөзмөсү ЮНИСЕФ тарабынан мындан 4 жыл илгери уюштурулуп, андан бери мындай көргөзмө өтө элек болчу. Негизи сүрөткер айымдардын жеке көргөзмөлөрү да сейрек өтөт.

Албетте, аялзатынын жашоодо, турмушта түйшүгү арбын. Ал түйшүктөрдүн баарын жайгарып, чыгармачылыкты да аркалап кетүү оңой эмес. Бирок ошол түмөн түйшүк кайра аялзатын чыгармачыл адам кылып жаратууда. Аталган музейде көргөзмөгө коюлчу эмгектерди коюуга катышып жаткан Дамира Алышбаева айымдардын сүрөт эмгектерине карата төмөнкүдөй пикирин билдирди:

- Мына мен азыр сүрөтчү айымдар менен биргеликте көргөзмөгө даярдык көрүп жатабыз. Болбой эле айымдарыбыз тартынып тургандарын байкап жатам. Алар эркек сүрөтчүлөрдөй болуп өздөрүнө анча ишене беришпейт. Кайра өздөрү жараткан эмгектердин деңгээлине күмөнсүп, алда неден шектенип турушат... Таланттуу айымдарыбыздын көргөзмөлөрүн 8-марттын алдында эле уюштура койбой, алардын жеке көргөзмөлөрүн да уюштурууга жардам көрсөтүшүбүз керек.

“Аялзат жана көркөм сүрөт” деп аталган көргөзмөгө коюлуп жаткан сүрөтчү айымдардын эмгектерине – ачык боектор, сырдуулук, табышмактуулук, мээримдүүлүк мүнөздүү деген пикирде сүрөтчү Сыдык Сатаркуов:

- Сүрөтчү айымдардын эмгектери да өздөрүнө окшоп назиктиги менен өзгөчөлөнүп, бир табышмактуулугу, бир купуялуулугу менен көрүүчүнү өзүнө тартып турат. Мисалы алардын эмгектеринде натюрморт, айрыкча гүлдөр басымдуу. Мындай сүрөттөрдөн үйдөгү жылуулукту, мээримдүүлүктү сезүүгө болот.















XS
SM
MD
LG